Абжалиев Алиярбек Токобекович

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-88-14

1967-жылдын 5 ноябрда Ош шаарынын «Жапалак» айыл аймагында туулган.

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана материалдык жабдууну үнөмдөө жана пландаштыруу адистиги боюнча аяктаган.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

2005-2007 жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча толук курсту бүтүрдү.

Эмгек жолун 1992-жылы Ош областынын «Кенеш» совхозунун бухгалтери болуп баштаган. 

1992-1993-жылдары Ош шаарынын «Арча» атындагы соода тармагынын экономисти.

1993-2000-жылдары Ош областынын бириккен бажысынын «Иркештам» постунда башкы инспектору, начальниктин орун басары, начальниги.

2000-2004-жылдары Баткен областынын бажысынын начальнигинин орун басары, начальниги;

2004-2005-жылдары «Манас» аэропорт бажысынын начальниги;

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты;

2008-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы.

2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI –созывынын депутаты.

4 баланын атасы.