2019-жылдын 8-августундагы № 3218 -VI 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө

08-08-2019 18:35

 

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө

 

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп, жана ошондой эле тынчтыкка жана туруктуулукка, мыйзамды жана жарандардын укуктарын сактоого, өлкөдө чыңалууга жана элди аймактык жана башка белгилери боюнча бөлүп-жарууга жол бербөөгө чакыруу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши    т о к т о м    к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын жана А.Ш. Атамбаевди кармоону жүргүзүү боюнча күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоону жана калкты объективдүү маалымат менен камсыз кылууну уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин жетишсиздиги көрсөтүлсүн.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

 

-комиссиянын курамына коомдук жана саясий ишмерлерди, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн кошуу менен, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү тууралуу маселени карасын;

-өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздандырууга жол бербөө жана айрым топтордун жана жарандардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрсүн;

-Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы 2019-жылдын 7 жана 8-августунда болгон окуяларда жабыр тарткандардын бардыгына жана «Альфа» атайын бөлүгүнүн каза болгон кызматчысынын үй-бүлөсүнө зарыл колдоолор көрсөтүлсүн жана материалдык жана медициналык жардамдардар камсыз кылынсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

 

-Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда орун алган мыйзам бузуу фактыларын ар тараптан жана объективдүү териштирүү жүргүзүүнү камсыз кылсын;

-барымтага алуу жана барымтага алынгандарды кармап туруу, укук коргоо органынын кызматчысын өлтүрүү жана бийлик өкүлдөрүнө карата ок атуучу курал колдонуу фактылары боюнча А.Ш. Атамбаевдин жана анын жактоочуларынын иш-аракеттерине укуктук баа берсин;

-А.Ш. Атамбаевди кармоону жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн иликтесин жана кыска мөөнөттө укуктук баа берсин;

-Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору мамлекеттик телекөрсөтүүдөн чыгып сүйлөсүн жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7 жана 8-августунда болуп өткөн окуялар жөнүндө жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу толук маалымат берсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков