2019-жылдын 8-августундагы № 3217 -VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2019-жылдын 8-августундагы кезексиз жыйналышынын  күн тартибин бекитүү тууралуу

08-08-2019 14:21

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2019-жылдын 8-августундагы кезексиз жыйналышынын  күн тартибин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м    к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы кезексиз жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

2019-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө;

 

Нарын облусунун Солтон-Сары кениндеги кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Д. Абылгазиевдин маалыматы тууралуу.

 

Төрага                                                                      Д. А. Джумабеков