Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата куттуктоосу

07-11-2018 10:45

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бул күн элибиздин турмушундагы негизги тарыхый окуяларды эскерүүгө арналган. Анткени, кыргыз калкы дайыма акыйкаттуулукка умтулуп, адилеттүүлүктү бийик туткан. Айрыкча, басып өткөн жолубуз оор учурлар менен коштолуп, түйшүктүү кырдаалдар арбын болду. Алардан биз тажрыйба алдык, такшалдык. Биздин бабалардын башкы максаты эркин ой жүгүртүү аркылуу көз карандысыздыкка жетүү болгондуктан, бул үчүн дайыма талыкпай күрөшкөнүн билебиз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Өз кезегинде көптөгөн ата-бабаларыбыз жаркын келечек үчүн жанын беришкен. Белгилүү коомдук-саясий ишмерлерибиздин эмгеги ар кандай себептер менен бааланбай калган, бирок алардын элеси түбөлүк жүрөгүбүздө. Анткени, биз эркиндик деген улуу мурасты, кайталангыс бай тарыхты жана өзгөлөрдөн өзгөчөлөнткөн үрп-адатты калтырганы үчүн бабаларга таазим этишибиз керек.  

Ардактуу мекендештер!

Дагы бир жолу сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайм! Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымак болсун!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы                                                 Дастанбек Жумабеков