Алтынбеков Айбек

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-85-10

1978-жылы 12-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Көктонду айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000-жылы «юрист» адистиги боюнча Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2000-жылы Ош техникалык университетине караштуу аскердик кафедрасын аяктап, запастагы кичи лейтенант.
2001-жылы Ош облусундагы «Жаркынай» жоопкерчилиги чектелген коомунда юрист-консультант; 
2010-2011-жылдары «Жылдызбек» күзөт агенттигинин жетекчиси;
2011-2015-жылдары «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси.
2012-2015-жылдары Могол айыл округунун айылдык кеңешинин депутаты. 
2014-жылы Базар-Коргон районунун «Ардактуу атуулу».

2015-жылдан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты.
Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.