Жамангулов Акылбек Жекшенович

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-91-74

1988-жылдын 24-октябрында Чүй областынын Кемин шаарында туулган.

Үч жогорку билим бар.

2011-жылы «Каржы жана насыя» адистиги боюнча Кыргызстан-Россия Славян университетин бүтүргөн.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында «Эл аралык мамилелер» деген адистигин алган.

2014-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 2003-жылы Балыкчы шаарындагы “Көк-Ойрок” Балыкчы ликер-арак заводу” ЖЧКсында адис болуп иштөөдөн баштаган.

2005-2006-жылдары “Альфа Ширсфилд Аудит” ЖЧКнын Кардарларды тартуу бөлүмүндө адис болуп иштеген.

2006-жылдан 2007-жылга чейин – «Альфа Маркетинг» ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө PR-менеджер, 2007-2008-жылдары – “Арвин” ЖЧКсынын Сатуу жана жеткирүү бөлүмдөрүндө менеджер, 2008-жылы – “Тар-Суу” ЖЧКсында аткаруучу директор, 2008-2011-жылдары – “Кыргызская агропродовольственная корпорация” ААКсында генералдык директордун жардамчысы/сапаттарды сактоо жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси/тышкы экономикалык ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын жетекчиси/маалымат жана анализ башкармалыгынын жетекчиси, 2011-2013-жылдары – “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКсынын Правлениесинде – правлениенин мүчөсү/президенттин жардамчысы, 2013-2014-жылдары – “Gold King Plus” ЖЧКнын генералдык директору, 2014-2015-жылдары Кемин цемент заводунун “ZETH Cement” ЖЧКсынын аткаруучу директору; “Шанфэн ЗЭТ Цемент” ЖЧКсынын жалпы суроолор боюнча генералдык директордун орун басары.

2015-жылдын октябрь айында “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды.

Үй-бүлөлүү. Бир баланын атасы.