Баткен областында медициналык заманбап жабдыктар жок эмес

21-05-2019 14:21

Бүгүн, 21 – майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин алдында Эмгек жана миграция маселелери багытында түзүлгөн жумушчу топтун Баткен областындагы жыйыны болду. Ага катышкан депутат Жылдыз Мусабекова миграциялык агым активдешип турган бул региондогу мигранттардын балдарынын абалына кызыкты.

Бул багытта калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн массалык чет мамлекеттерге чыгып кетүүсүнүн агымын басаңдатуу багытында адистиктерге окутуу иштери жанданып жаткандыгы КР Улуттук жарым ай коомунун Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө барганда билинди. Ал жерде жергиликтүү калктын аялуу катмарындагылар үчүн тигүүчүлүк, наабайканачылык адистиктерге акысыз окутуу иштери жакшы жолго коюлуптур. Мигранттардын балдарына да жетиштүү көңүл бурулуп, алардын ата – энелери менен болгон байланышын үзбөө боюнча иштер жүрүп жатыптыр.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча машыгуу иштери да калктын коргонуу сабаттуулугун жогорулатууга чоң көмокчү болууда.  Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери менен биргеликте атайын окуулар өтүп тураарын   КР Улуттук жарым ай коомунун Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору Канатбек Жигитов билдирди.

Дарылоо иштеринде да заманбап, жаңы медициналык жабдууларга ээ болуп жаткандыгын айткан жетекчи офтальмологиялык тейлөө сапатынын жакшырып, региондо оптика кызматы калыпка түшүп калгандыгын билдирди. Ата -энесиз балдар менен толук эмес үй-бүлөнүн  балдарына бекер көз айнектер даярдалып берилгендиги, кийим – кечелер таратылганы белгилүү болду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы