Тармактык комитет Тартип комиссиясынын мүчөлөлүгүнө сунушталган Динара Качкыналиева менен Жолдошбек Сулаймановдун талапкерлигин жактырды

11-06-2019 11:29

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөлүгүнө сунушталган Динара Качкыналиева менен Жолдошбек Сулаймановдун талапкерлигин жактырып, аларды парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Берилген маалыматтарга караганда, Динара Качкыналиева буга чейин сот тармагында иштеп келген. Ал эми Жолдошбек Сулайманов 2010-жылга чейин Ош облусунун прокурору болуп иштеген, андан кийин аскер прокуратурасында иштеп туруп пенсияга чыккан.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы