«Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жөнүндө» ЧЕЧИМИ

24-06-2016 11:27

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

 

«Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жөнүндө»

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) «Республиканын жалпы пайдалануудагы жолдорунун сакталышын камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри З.К. Айдаровдун маалыматын угуп төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаменти (мындан ары – ЖЧД) Кыргыз Республикасынын жол чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат, ал жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча автотранспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз жана коопсуз кыймылын, аларды күтүүнү жана күн сайын тейлөөнү, ошондой эле транспорттук-эксплуатациялык касиеттерин, туруктуулугун, кызмат кылуу мөөнөтүн жана өткөрүү кудуретин камсыз кылат.

Өлкөдө автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 000 километрге жакынды түзөт, алардын ичинен жалпы пайдалануудагы жолдор 18 633,0 километрди түзөт (эл аралык маанидеги жолдордун узундугу – 4 142,1 км, мамлекеттик маанидеги – 5 561,9 км, жергиликтүү маанидеги – 8 929,0 км). Катуу кыртыш төшөлгөн жолдордун узундугу 17 015,7 километрди түзөт: анын ичинде цемент-бетон кыртышы бар жолдор – 10 км, асфальт-бетон кыртышы бар жолдор – 5 712,45 км, кезек таш төгүлгөн жолдор – 1 886,85 км,  майда таш төгүлгөн жолдор – 9 406,4 км.

2016-жылдын башталышына карата жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагынын эскириши 80%ды түзөт, жол курулуштарынын 70%дан ашыгы баштан-аяк оңдоону же реконструкциялоону талап кылат.

Кооптонууну пайда кылган маселелердин бири болуп Кыргызстандын жолдору аркылуу жүргөн транспорт каражаттарынын ашыкча жүгү саналат, буга байланыштуу максималдуу өлчөмдөрү, массасы, окко жүгү жана башка линиялык параметрлери боюнча белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүүнү жокко чыгаруу зарыл.

Программаны бюджеттен кошумча финансылоо дайыма талап кылынган шартта, алардын абалын зарыл эксплуатациялык деңгээлде сактоо максатында Министрлик жолдордун артыкчылыктуу участокторун аныктады (таяныч тармак – 5 500 киломерге жакын).

Азыраак маанидеги жол участоктору графиктерге ылайык оңдолуп турат, алар каражаттардын болушуна жараша коррекцияланып турат.

Мында соңку жылдары автомобиль жолдорун күтүү боюнча иштерди бюджеттик финансылоо жакшыруу жагына тенденцияга ээ болгонун белгилеп кетүү зарыл. 8-9 жыл мурда эле бюджеттен жол фондунун муктаждыктарынын 20-30%га жакыны жабылган болсо, азыр – 60-80%ы жабылат.

Белгилеп кетүү зарыл, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын чакан шаарларын жана областтык борборлорду баштан-аяк оңдоого «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 820,0 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражаттарды бөлгөн, мындан тышкары, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен «Бишкек – «Манас» эл аралык аэропорту» жана «Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду» автомобиль жолдорун реабилитациялоо боюнча ири долбоорлор башталды.

 

Учурдагы бюджет боюнча 2016-жылга төмөнкүлөр пландаштырылган:

- асфальт-бетон кыртышын жаткыруу - 125,7 км;

- быдыр кыртышты жаткыруу - 179 км;

- кезек шагыл төшөө - 18,5 км;

- майда шагыл төшөө - 116,5 км;

- көпүрөлөрдү куруу – 8/93 даана/м.

Ошондой эле 2016-жылы КР ТжКМ мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен төмөнкүдөй жолдорду баштан-аяк оңдоо, реконструкциялоо жана куруу боюнча иштерди пландаштырып жатат:

- Бишкек - Манас Аэропорту, узундугу 23 км;

- Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду, узундугу 35 км;

- долбоордук жол: Бишкек шаарынын Профсоюзная көчөсүнүн уландысы Фучик көчөсүнөн тартып ГАИ постуна чейин (Бишкек-Ош автожолу боюнча, Маловодное айылы) узундугу 9,0 км;

- Түп-Кеген узундугу 12 км;

- Баткен областында коңшу мамлекеттердин аймактарын айланып өтүү менен жаңы автомобиль жолдорун куруу – 16,5 км ж.б.

Ушуну менен катар, Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин көңүлүн АУП (административдик-башкаруучулук персоналдар) жана ИТР (инженердик-техникалык кызматкерлер) кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөндүгүнө бурат, ал орточо бардык үстөк акыларды жана кошумча төлөөлөрдү эске алуу менен 10,4 миң сомго жакынды, ал эми кызматтык айлык акылар 5 300сомдон 10 500 сомго чейинкини түзөт. Ушундан улам кадрлардын көп кетип калышы байкалат жана ведомствого жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн ушунчалык зарыл болгон инженердик-техникалык кызматкерлердин өтө тартыштыгы бар.

Жыл сайын пландалган жумуштардын, ошондой эле келип чыгып жаткан ойдо жок кырдаалдардын, жаңы конуштардын тургундарынын, депутаттардын (протоколдук тапшырмалар) кайрылууларынын көлөмүнүн көбөйүп бараткандыгына карабастан, жол-курулуш иштерине материалдар кымбаттаганын жана инфляцияны эске албастан, учурдагы бюджеттик каражаттар 5 жыл бою бирдей деңгээлде бөлүнөт.

Бүгүнкү күндө жол тармагы болгону жалпы муктаждыктын 55-60% өлчөмүндө каржыланат, мында 2000-2005-жылдарга салыштырганда каржылоонун көлөмү 6,5-7 эсе көбөйдү жана 8 жыл бою 1,7-2,0 млрд. сом (30,0 млн. АКШ долларына жакын) деңгээлинде турат. Республикалык бюджет жагынан 1,7-2,1% өлчөмүндө бөлүнөт.

(Салыштыруу үчүн: Казакстандын бюджетинен жол секторуна жыл сайын бөлүнүүчү каражаттардын үлүшү 7-8 %ды түзөт).

2012-жылдан тартып натуралай көрсөткүчтөрдө жол иштеринин көлөмү жыл сайын орточо 20%га көбөйүп турду, ошол эле учурда каржылоонун көлөмү жыл сайын 5%дан 15%га чейин көбөйүп турду.

Алсак, эгерде 2014-жылы 137,0 км аралыкка асфальт-бетон кыртышы жактырылган болсо, ошол эле каражаттарга 2015-жылы 147,0 км бүткөрүлгөн, башкача айтканда, 10,0 километрге көп, ушундай эле кырдаал жол иштеринин башка түрлөрү боюнча да түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу жол чарбасынын тармагында толук кандуу иш жана алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен (инфляцияны эске албаганда) учурдагы бюджеттин эсебинен (мамлекеттик салымдардын каражаттарын эске албаганда) кеминде 2 300,0 млн. сом кароо зарыл.

Комитет ошондой эле бүтүндөй алганда ведомство жана анын айрым түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзүп жаткан иштин жетишсиздигине ТжКМнын көңүлүн бурат, депутаттык суроо-талаптар жана тапшырмалар өз учурунда аткарылбайт (же башкага жөнөтүү түрүндө аткарылат), мында көп учурда мөөнөттүн кыскалыгын шылтоолоп оозеки (депутаттын өтүнүчү боюнча шашылыш тартипте) суратылган маалыматты этибарга албайт. Бул жолу да ушундай болду, Салмак-габаритти контролдоо департаменти Комитеттин чечимине кошуу үчүн маалыматты берген жок.

Каралып жаткан маселени талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан Салмак-габаритти контролдоо департаментинин ишине бир катар сын-пикирлер жана нараазычылыктар айтылды, ошого байланыштуу ТжКМнын аталган ведомствосун жоюу боюнча сунуштар түштү.

Ошону менен катар, коңшу Казакстанда жеңил чечилип жаткан эл аралык жүк ташууларга берилүүчү бланкаларды (дозвол) алууга жана берүүгө байланышкан баш аламандыктын орун алгандыгы тууралуу республиканын жүк ташуучулар ассоциациясынын проблемалары угулду.

Комитеттин мүчөлөрү ТжКМнын жетекчилигинин дарегине жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана күтүү маселелерин чечүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу сунуштамаларын бир нече жолу айтышкан, анткени бул жолдор жергиликтүү бийликтердин балансында болгондуктан, алардын бюджети коюлган маселени талаптагыдай деңгээлде аткарууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Ошондой эле депутаттар Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин өз учурунда келбегендигине байланыштуу нараазычылыктарын билдиришти.

 

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

 

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Айдаров Замирбек Казакбаевичтин маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

 

- «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» бюджеттин долбоорун карап чыгуу учурунда алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн (инфляцияны эске албаганда) учурдагы бюджеттин эсебинен (мамлекеттик салымдардын каражаттарын эске албаганда) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментине кеминде 2 300,0 млн. сом каражат кароо сунушталсын.

 

- Салмак-габаритти контролдоо пункттарында терминалдарды орнотуу үчүн каржылоону тапсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

 

- ТжКМнын “эл аралык автоташууларга уруксат берүүчү бланкаларынын” талаптагыдай деңгээлде алынбагандыгына байланыштуу жетишээрлик эмес иши көрсөтүлсүн жана аларды алуу жана берүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган аркылуу берүү механизми иштелип чыксын;

 

- «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясын аткаруу үчүн Салмак-габаритти контролдоо департаментинин ишине контролдукту күчөтсүн;

 

- Комитетке ушул жылдын 30-июнуна чейин Салмак-габаритти контролдоо департаментинин программасы жана иш планы менен кошо ишмердүүлүгү, ошондой эле 2013-жылдан тартып азыркы мезгилге чейинки мөөнөттө Салмак-габаритти контролдоо пункттарындагы төлөмдөр тууралуу (анын ичинде тоннелдик курулмалардан өтүү үчүн төлөмдөр боюнча да) жана чыгымдар тууралуу тиркемеси менен толук маалымат берилсин.

 

- жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана күтүү маселелерин чечүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзсүн жана ал боюнча ушул жылдын 20-октябрына чейин Комитетке маалымат билдирилсин;

 

- жыл сайын титулдук тизмени түзүү учурунда бюджеттен каржылоо үчүн жолдорду киргизүүнүн критерийлерин негиздөө менен курулууга жана реконструкцияланууга тийиш болгон автомобиль жолдорунун артыкчылыгын жана маанилүүлүгүн милдеттүү тартипте аныктасын жана Комитеттин кароосуна берсин (учу-кыйыры жок оңдоолорду киргизүүнү жокко чыгаруу максатында);

 

- натыйжалуу пайдалануу боюнча кардиналдуу чараларды көрсүн жана аткарылган иштердин көлөмү менен бюджеттик, кредиттик, гранттык, финансылык каражаттар жөнүндө маалыматты жыл сайын Комитетке берсин;

 

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-беренесинин 3; 4 жана 5-пункттарын жана ушул эле Мыйзамдын 112-беренесин аткаруу үчүн Комитеттин бөлүмү менен ишти жакшыртуу (координациялоо) боюнча чараларды көрсүн.

 

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жиберилсин.

 

5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                         М.А. Аманкулов