Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасына расмий иш сапар менен барды

15-07-2019 09:26

Бүгүн, 15-июлдан тарта Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркиядагы расмий иш сапары башталды.

Иш сапардын алкагында Дастанбек Жумабековдун жогорку деӊгээлдеги, тагыраак айтканда, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, Жогорку Кеӊештин Төрагасы «15-июлдун курмандыктарын эскерүүгө" арналган иш-чарага да катышат.

Андан тышкары, кыргыз парламентинин делегациясы Изник шаарынын жанында жайгашкан Кыргыздар күмбөзүнө барат.

Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы