Жогорку Кеӊеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

12-09-2019 15:53

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууларда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ:

- “Вильнюс шаарында 2018-жылдын 21-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.05.19дагы № 220 токтом);

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.06.19дагы № 329 токтом);

- “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Айдаров С.А., Джумабеков Д.А., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Жунус уулу Алтынбек, Нурбаев А.М., Турускулов Ж.К., Жамалдинов З.И., Токтошев Э.Т.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, Жер кодексине, Токой кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Айдаров С.А., Джумабеков Д.А., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Жунус уулу Алтынбек, Нурбаев А.М., Турускулов Ж.К., Жамалдинов З.И., Токтошев Э.Т.).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:

- “2018-жылы 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.03.19дагы № 123 токтом).

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы