Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеш

23-08-2021 15:21

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеш аялдардын укутары, гендердик зомбулук жана басмырлоо менен күрөшүү маселелери боюнча консультативдик жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Кеңеш 2020-жылдын июнь айында түзүлүп  анын негизги максаты мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана мыйзамдардагы аялдардын укуктарынын бузулушун, гендердик зомбулукту жана басмырлоолорду жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу  болуп саналат.

Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан депутаттар жана аялдардын балдардын жана башка аярлуу топтордун укугу боюнча иштеген жарандык коомдун уюмдарынан бирден өкул кирет.

Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрөгасынын тешелүү чечиминин негизинде, гендердик теңдик, гендердик зомбулук жана басмырлоо менен күрөшүү маселелери боюнча эл аралык мамилелерде, эл аралык уюмдарда Жогорку Кеңештин атынан чыгууга ыйгарым укуктуу.

Кеңештин милдеттери: