Протокол № 50 03.06.2021-ж.

15-09-2021 09:12

     50

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 3-июну                                                        10 саат 5 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

                                                                                                  

 

Жыйналышка катышпаган депутат: С.А.Айдаров, (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.С.Анарбаевге берилген), М.А.Абдалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.Ж.Турдумамбетовго берилген), Ж.К.Акаев (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Б.Эгембердиевге берилген), А.Алтынбеков (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К,Турускуловго берилген), О.А.Алыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Нурдиновго берилген), Д.Б.Аттокуров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген), С.М.Джураев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.Т.Каримовго берилген), К.Ж.Жолдошбаев (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.А.Айдаровго берилген), Б.Ж.Жетигенов (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу О.М.Бакировго жана “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Б.Эгембердиевге берилген), Т.У.Жоробеков (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.К.КАрыбековго жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.К.Кемеловго берилген), А.Т.Жутанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген), К.К.Иманалиев (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген), Д.Ш.Исаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат П.Р.Тулендыбаевге берилген), А.К.Касымалиева (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү депутат А.А.Карашевге жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген), С.А.Келдибаев (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү депутат А.К.Карыбековго жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.К.Кемеловго берилген), К.К.Керезбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.Т.Каримовго берилген), М.Н.Койчуманов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Б.Кенжебаевге берилген), Т.К.Конушбаев (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Нурдиновго берилген), А.Т.Мамашова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.Т.Токтошевге берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.И.Кулбараковго берилген), И.И.Матраимов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.А.Карашевге берилген), С.У.Молдалиев (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Э.Самигуллинага берилген), Ж.А.Мусабекова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.А.Карашевге берилген), А.М.Нурбаев (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.И.Кулбараковго берилген), К.Б.Орозова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген), А.Ш.Осмонова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.К.Асылбаевага берилген), У.Б.Примов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген), К.Дж.Рыспаев (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” добуш берүү жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Г.Мадеминовго берилген), У.Ч.Садиков (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” добуш берүү жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Б.Кенжебаевге берилген), Б.Ж.Субанбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Ж.Токтомамбетовго берилген), Б.И.Сулейманов (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү депутат С.К.Нышановго жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген), А.М.Султанов (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген), Н.М.Сырдыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.И.Арзыбаевге берилген), А.А.Турсунбаев (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” добуш берүү депутат Б.Нурдиновго жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Д.А.Джумабековго берилген), А.С.Токторов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Д.А.Джумабековго берилген), Д.Г.Торокулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.М.Мурашевге берилген), Ч.Ч.Урумкалиева (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген).

 

 

75 депутат катталды.

 

1. 2021-жылдын 3-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 76 депутат катталган.

 

2021-жылдын 3-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 80 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Осмонов, У.З.Ормонов, Г.К.Асылбаева, Д.Д.Бекешев, Ш.И.Абдылдаев, К.Дж.Рыспаев, Б.К.Аманова, Ш.К.Атазов, М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу.

        

         Депутаттар А.Ж.Осмонова, К.Дж.Рыспаев, М.А.Маматалиевдин сунуштарын жана депутат Г.К.Асылбаеванын сунушун эске алуу менен 2021-жылдын 3-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Акбаровдун (“Бир бол”) ант берүүсү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         5 мүнөткө чейин ага чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө депутат Ш.И.Абдылдаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 1, бардыгы 62 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

        

         3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.И.Абдылдаевдин сөзү.

        

         Депутат Ш.И.Абдылдаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         4. Ар кандай.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Абдалиев, С.Ж.Исманов, А.Т.Алтыбаева, Д.Д.Бекешев.

        

         Депутат М.А.Абдалиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.К.Аманова, Ш.К.Атазов, Р.М.Туманбаева, А.А.Аскарова, Б.Нурдинов, И.Ю.Карамушкина, Т.И.Икрамов, М.А.Маматалиев, У.Ч.Садиков, У.Т.Кыдыралиев, Г.К.Асылбаева, У.Ч.Исмаилов, Н.И.Арзыбаев, Т.Г.Тиллаев, К.К.Исаев, А.К.Кемелов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

        

         Депутат У.Ч.Садиковдун сөзү боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган конституциялык Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.К.Кемелов, Т.Г.Тиллаев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, У.З.ОРмонов – демилгечи.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         6. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.Г.Тиллаев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, А.А.Карашев, төрагалык кылуучу.

        

         Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо боюнча добуштарды эсептөөдө электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – 3, бардыгы 73 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Б.К. Аманованын талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 10, бардыгы 77 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына О.Ж.Турдумамбетовдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 46, каршы – 21, бардыгы 67 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына И.И.Матраимовдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – 8, бардыгы 77 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо улантылды.

 

Ушул конституциялык Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

         Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуужөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – 3, бардыгы 78 депутат добуш берди, 104 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: Э.Т.Токтошев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, төрагалык кылуучу.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 30-апрелиндеги №11-р тескеме), “Кредиттик карызды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 30-апрелиндеги №112-р тескемеси), “Коронавирус инфекциясына каршы вакцина сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 30-апрелиндеги №113-р тескемеси), “Эпидемияга каршы жана алдын-алуучу иш чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 4-майындагы №122-р тескемеси), “Коронавирустук инфекцияга (COVID-19га) чалдыккан жана андан каза тапкан медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмунун башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөр берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети демилгелеген (2021-жылдын 17-майындагы № 5 токтом), “Бир жолку материалдык жардам төлөп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети демилгелеген (2021-жылдын 21-майындагы № 9-р тескемеси), “Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С.Бейшеналиев.

        

         Андын ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Е.Г.Строкова, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеев, депутат Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С.Бейшеналиев, депутаттар И.Ю.Карамушкина, У.З.Ормонов, А.Т.Алтыбаева, А.А.Карашов, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Г.С.Ишенапысова, депутаттар Н.Т.Тотонов, А.Т.Бердиев, А.Ж.Токтомамбетов, А.К.Кемелов, Ш.К.Атазов, төрагалык кылуучу.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

                                               14 саат 5 мүнөт

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         65 депутат катталды.

        

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 30-апрелиндеги №11-р тескеме), “Кредиттик карызды төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 30-апрелиндеги №112-р тескемеси), “Коронавирус инфекциясына каршы вакцина сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 30-апрелиндеги №113-р тескемеси), “Эпидемияга каршы жана алдын-алуучу иш чараларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 4-майындагы №122-р тескемеси), “Коронавирустук инфекцияга (COVID-19га) чалдыккан жана андан каза тапкан медициналык кызматкерлерге жана саламаттык сактоо уюмунун башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөр берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети демилгелеген (2021-жылдын 17-майындагы № 5 токтом), “Бир жолку материалдык жардам төлөп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети демилгелеген (2021-жылдын 21-майындагы № 9-р тескемеси), “Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен каражат бөлүп берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун кароо улантылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Э.Т.Токтошев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С.Бейшеналиев, депутаттар Б.К.Аманова, У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Финансы саясаты башкармалыгынын начальниги М.А.Баймурзаев, депутаттар Б.С.Турусбеков, А.Ж.Осмонова, У.Ч.Исмаилов, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан токтом долбоорлору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.Ж.Осмонованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – 2, бардыгы 71 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С.Бейшеналиев, депутаттар А.Ж.Токтомамбетов, К.Дж.Рыспаев, Е.Г.Строкова, А.Т.Алтыбаева, Ж.К.Турускулов, М.А.Абдалиев, Н.М.Мурашев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы А.Б.Жумакеев, депутаттар Ш.К.Атазов, Д.Д.Бекешев, А.К.Кемелов, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеев, депутаттар Б.К.Райымкулов, М.Э.Мавлянова, Б.С.Турусбеков, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, У.З.Ормонов, А.Т.Бердиев, А.А.Акбаров, төрагалык кылуучу.

        

         Ушул токтом долбоорлорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин өкүлү, депутат А.А.Аскарованын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги №111-р тескемеси) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги №112-р тескемеси) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

        

         “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги №113-р тескемеси) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

        

         “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги №122-р тескемеси) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө” (Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы №5 токтому) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

         “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №9-р тескемеси) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.Г.Тиллаев, У.З.Ормонов, У.Ч.Исмаилов, М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат Т.Г.Тиллаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар О.М.Бакиров, С.К.Ибраев, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова (КСДП), А.К.Бешимбаева, С.Ж.Исманов, М.А.Маматалиев (“Республика – Ата-Журт”), С.С.Анарбаев, Б.Б.Кенжебаев (“Кыргызстан”), Н.И.Арзыбаев (“Өнүгүү-Прогресс”), Н.М.Мурашев (“Бир Бол”), Б.К.Аманова (“Ата Мекен”).

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 99, каршы – жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

        

         8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаев, А.Ш.Осмонова, Т.И.Икрамов, У.Ч.Исмаилова демилгелеген “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Г.К.Асылбаеванын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Ш.И.Абдылдаев, Г.К.Асылбаева – демилгечилердин бири, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Э.Р.Мамбетжунушев.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         9. 2021-жылдын 3-июнунда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         111 депутат катталды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 106, каршы – 5, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Конституциялык Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

         “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 112, каршы – жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

        

        

         10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

 

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат О.С.Жээнбеков жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүнжө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 110, каршы – жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

        

         11. “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери – депутат С.К.Нышановдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар У.З.Ормонов, Д.Д.Бекешев, Ш.К.Атазов, О.М.Бакиров, А.Ж.Осмонов, М.А.Маматалиев, Р.М.Туманбаева, Б.Э.Торобаев, төрагалык кылуучу.

        

         “Түндүк- Түштүк” альтернативдик жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы – 4, бардыгы 95 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: “Түндүк- Түштүк” альтернативдик жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар С.К.Ибраев, М.Б.Эгембердиев, (КСДП), А.К.Кемелов, М.А.Маматалиев, (“Республика – Ата-Журт”), С.С.Анарбаев, У.Ч.Садиков (“Кыргызстан”), М.А.Абдалиев, У.Ч.Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”), Н.М.Мурашев, А.Ж.Токтомамбетов (“Бир Бол”), Ш.И.Абдылдаев, Б.К.Аманова (“Ата Мекен”).

        

         “Түндүк- Түштүк” альтернативдик жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 99, каршы – 4, бардыгы 99 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу.

        

        

         12. “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” маселени кароо.

        

         Сунуш кылынган маселе тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, депутат Б.С.Турусбеков.

        

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Н.М.Мурашев, Т.Г.Тиллаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, депутаттар Б.Э.Торобаев, Н.О.Сыдыгалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төарагасынын орун басары , С.К.Нышанов.

        

         Сөз сүйлөдү: төарагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарын шайлоо боюнча добуштарды эсептөөдө электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүү өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төараглык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн Е.А.Алимбековдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 29, каршы – 43, бардыгы 72 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн У.С.Аралбаевдин талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 23, каршы – 54, бардыгы 77 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн С.А.Асановдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – 40, бардыгы 87 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн А.С.Колоповдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – 28, бардыгы 95 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн М.А.Момуновдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 29, бардыгы 97 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн З.Омурзак уулунун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 30, бардыгы 96 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн К.М.Рахматулаеванын талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – 47, бардыгы 95 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн Н.Э.Сулаймановдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 36, каршы – 48, бардыгы 92 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.К.Кемелов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына талапкер А.С.Колопов, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына талапкер М.А.Момунов, II турга өткөндөр.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн А.С.Колоповдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 24, бардыгы 98 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайлоо үчүн М.А.Момуновдун талапкерлиги боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – 28, бардыгы 101 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

        

         13. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары А.С.Колоповдун ант берүүсү.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары болуп шайланган А.С.Колопов, төрагалык клыуучу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         14. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени кароо.

        

         Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү (№1 протокол) жана бюллетендин формасы (№2 протокол) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат А.К.Бешимбаеванын (“Республика – Ата-Журт”) сөзү.

        

         Саат 17.30 – 17.46 бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү өткөрүү.

        

         Саат 17.48 – 17.54 добуштарды эсептөөнү жүргүзүү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн (№3 протокол) эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат А.К.Бешимбаеванын (“Республика – Ата-Журт”) сөзү.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы кызматына шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасынды М.С.Бакировдун талапкерлиги үчүн – 31 добуш, Т.И.Икрамов үчүн – 73 добуш берилди.

 

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамов шайланды.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №3 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – жок, бардыгы 89 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамовду шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: Төрагалык кылуучу.

        

         Жыйналыштын күн тартибиндеги маселелерди кароо аяктаганга чейин жыйналыштын ишин узартуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

        

         15. “Бишкек шаарындагы коомдук транспорт боюнча түзүлгөн кырдаал жөнүндө” маселени кароо.

        

         Сунуш кылынган маселе тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Ж.Кудайбергеновдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Ж.Кудайбергенов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.К.Аманова, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Ж.Кудайбергенов, депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары А.А.Турганбаев, депутаттар М.А.Маматалиев, М.А.Абдалиев, Ж.К.Турускулов, А.Ж.Осмонов, Ш.И.Абдылдаев, С.К.Ибраев, Б.С.Турусбеков, Б.Нурдинов, К.Дж.Рыспаев, Н.Т.Тотонов, С.С.Анарбаев, төрагалык кылуучу.

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

        

 

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Мамытов