Протокол № 51 10.06.2021-ж.

15-09-2021 09:14

 51

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 10-июну                                                               10 саат

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: И.Ш.Омуркулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген).

 

101 депутат катталды.

 

        

         1. 2021-жылдын 10-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – 1, бардыгы 78 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Б.Э.Торобаев, Г.К.Асылбаева, С.К.Ибраев, С.К.Нышанов, У.Ч.Исмаилов, Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

        

         Депутаттар Б.Э.Торобаев, Г.К.Асылбаева, С.К.Нышановдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен 2021-жылдын 10-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Ага 7 мүнөткө чейин чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берүү тууралуу депутат С.К.Ибраевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 3, бардыгы 62 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

        

         Ага 7 мүнөткө чейин чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берүү тууралуу депутат С.К.Ибраевдин сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – 1, бардыгы 59 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

 

Ага 7 мүнөткө чейин чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берүү тууралуу депутат С.К.Ибраевдин сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – 2, бардыгы 75 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

        

         2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

         3. Ар кандай.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, С.К.Ибраев.

        

         Депутат С.К.Ибраевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Бердиев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.Б.Орозова, Т.Г.Тиллаев, А.М.Нурбаев, Д.Б.Аттокуров, М.А.Абдалиев, Б.Ж.Субанбеков, Е.Г.Строкова, У.Ч.Исмаилов, Э.Т.Токтошев, А.Т.Алтыбаева, Б.К.Аманова, У.З.Ормонов, С.К.Нышанов, Р.Ч.Момбеков, О.Ж.Турдумамбетов, Ш.К.Атазов, А.Ш.Осмонова, Н.И.Арзыбаев, С.А.Келдибаев, У.Ч.Садиков, О.С.Жээнбаев, С.Ж.Исманов, А.Алтынбеков, А.К.Кемелов, К.К.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

        

         Депутат С.К.Нышановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат О.С.Жээнбаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат А.К.Кемеловдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 24-мартындагы №114 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 30-январындагы №44 токтом) “Банктык эмес финансылык рынок маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешев.

        

        

         6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 23-апрелиндеги №166 токтом) “Аудитордук иш жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 23-апрелиндеги №167 токтом) “Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 23-апрелиндеги №168 токтом) “Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.Т.Пирназаров, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы А.О.Кожошев, депутат И.И.Матраимов, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары С.М.Рысалиев.

        

         Ушул мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 19-апрелиндеги №154 токтом) “Жер участкаларын которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Туманбаеванын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Б.А.Джусупбеков, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясынын директору А.А.Кенжебаева, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Н.Т.Шерипов, депутаттар Б.С.Турусбеков, Н.Т.Тотонов, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Н.Т.Тотоновдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – 3, бардыгы 51 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Н.Т.Тотоновдун сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 4, бардыгы 65 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Т.И.Икрамов, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясынын директору А.А.Кенжебаева, депутат М.А.Абдалиев, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Н.Т.Шерипов, депутаттар Н.М.Сырдыбаев, Н.Т.Тотонов, Р.М.Туманбаева – Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, С.К.Ибраев, У.З.Ормонов, К.К.Исаев, төрагалык кылуучу.

        

         “Каттоо тутумун (эл аралык сертификаттоону) жайылтуу жана эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен таза кандуу жана асыл тукум аттарды эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жана аны “2020-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” маселеге чейин карап чыгуу жөнүндө депутат К.К.Исаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат О.Ж.Турдумамбетов, Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Н.Т.Шерипов, депутат З.С.Эсенаманов, төрагалык кылуучу.

        

         Депутат З.С.Эсенамановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Туманбаеванын сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

                                               14 саат 5 мүнөт

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         61 депутат катталды.

        

        

         8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 28-апрелиндеги №175 токтом) “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ы.К.Саркулов, депутат С.К.Нышанов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Д.Д.Догоев, депутат М.К.Жеенчороев, Бишкек шаарынын вице-мэри Ж.С.Ырсалиев, депутаттар Ш.К.Атазов, Б.К.Аманова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев, депутаттар Э.Т.Токтошев, А.Т.Мамашова, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – 2, бардыгы 62 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Ж.А.Мусабекова, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Д.Д.Догоев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ы.К.Саркулов, депутаттар Т.У.Жоробеков, А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев, депутаттар С.А.Келдибаев, Б.Нурдинов, Б.С.Турусбеков, У.Ч.Садиков, Бишкек шаарынын вице-мэри Ж.С.Ырсалиев, депутаттар А.Т.Алтыбаева, А.К.Кемелов, Н.И.Арзыбаев, А.Т.Бердиев, Ш.К.Атазов, Б.Э.Торобаев, У.З.Ормонов, А.Ж.Осмонов, С.К.Нышанов, Ш.И.Абдылдаев, С.С.Анарбаев, О.М.Бакиров, К.Ж.Жолдошбаев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Н.В.Никитенко, А.Т.Алтыбаева демилгелеген “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.Э.Самигуллинанын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т.Абдраева, депутаттар А.Э.Самигуллина – демилгечилердин бири, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.Т.Алтыбаеванын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы – жок, бардыгы 52 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат А.Т.Алтыбаеванын сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т.Абдраева, депутаттар С.К.Ибраев, Б.С.Турусбеков, А.Э.Самигуллина – демилгечилердин бири, Ш.И.Абдылдаев, төрагалык кылуучу, депутат Г.С.Молдобекова – Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Ушул мыйзам долбоорун бир мезгилде үч окуудан кабыл алуу жөнүндө “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин корутундусу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – 3, бардыгы 50 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

        

         Ушул мыйзам долбоорун бир мезгилде үч окуудан кабыл алуу жөнүндө “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин корутундусу боюнча кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – 3, бардыгы 58 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болгондуктан, ушул мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, төрагалык кылуучу, депутат Т.Г.Тиллаев.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.О.Сыдыгалиев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардактуу наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун; жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” маселелерди жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат Т.Г.Тиллаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы – жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу.

        

        

         10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Торобаев, Ж.А.Мусабекова, О.Ж.Турдумамбетов, Н.А.Айдарова, Г.С.Молдобекова, Ч.Ч.Урумкалиева, Т.Г.Тиллаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган конституциялык Мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Б.Э.Торобаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Б.Э.Торобаев – демилгечилердин бири, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматов, депутат Г.А.Асылбаева, төрагалык кылуучу, депутаттар М.К.Жеенчороев, М.С.Бакиров, Ж.К.Турускулов.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Жыйналыштын күн тартибиндеги бардык маселелер каралып бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 13, каршы – 24, бардыгы 37 депутат добуш берди, 108 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынган жок.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Э.Торобаев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

        

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Мамытов