Протокол № 53 17.06.2021-ж.

15-09-2021 09:22

53

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

 

 

2021-жылдын 17-июну                                             10 саат 05 мүнөт

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

       

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

         Т.Т. Мамытов

 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: С.С.Анарбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Ч.Садиковго берилген), И.Ш.Өмүркулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген).

 

 

 

84 депутат катталды.

 

 

 

1. 2021-жылдын 17-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.А.Карашев, Ч.Ч.Урумкалиева, С.К.Ибраев, Э.Т.Токтошев, Д.Д.Бекешев, Ш.И.Абдылдаев, И.Ю.Карамушкина, А.Т.Мамашова, Ш.К.Атазов, С.Ж.Исманов, А.Ж.Осмонов, О.М.Бакиров, А.К.Кемелов, Б.К.Аманова, М.А.Абдалиев, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат И.Ю.Карамушкинанын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

1. Депутаттар А.А.Карашев, Ч.Ч.Урумкалиева, Э.Т.Токтошев жана Д.Д.Бекешевдердин сунуштарын эске алуу менен 2021-жылдын 17-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 90 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат С.К.Ибраевдин сунушу боюнча ага чыгып сүйлөөгө 10 мүнөт мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – 1, бардыгы 56 депутат добуш берди, 90 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

2. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө” маселени кароо.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Т.У.Жоробеков, Б.К.Райымкулов, А.К.Кемелов, М.А.Маматалиев, Д.Д.Бекешев, А.Ж.Осмонов, С.К.Ибраев, А.Т.Мамашова, Ш.К.Атазов, О.С.Жээнбаев, Б.Э.Торобаев, А.Т.Бердиев, К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат У.Ч.Исмаилов, төрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө” маселени кароо үчүн аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жөнөтүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 95 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 5-мартындагы № 75 токтому) “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Т.И.Икрамовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окуууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.К.Райымкулов, У.Т.Кыдыралиев, У.Б.Примов, Ж.А.Мусабекова, Б.С.Турусбеков, М.А.Маматалиев, Е.Г.Строкова, А.Ж.Исмаилова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.Ч.Урумкалиеванын сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов.

 

 

 

 

Бул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.Ч.Урумкалиеванын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Турдумамбетов.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 4-майындагы № 186 токтому) “2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетиинин төрагасы Т.И.Икрамовдун сөзү.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, М.А.Абдалиев, А.С.Токторов, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсттигинин аткаруучу директору Б.Т.Супаналиев, депутаттар А.Т.А лтыбаева, З.С.Эсенаманова, Б.К.Аманова, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Б.К.Аманованын сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – 1, бардыгы 63 депутат добуш берди, 98 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсттигинин аткаруучу директору Б.Т.Супаналиев, депутаттар Д.Д.Бекешев, Э.Дж.Байбакпаев, У.З.Ормонов, М.С.Бакиров, У.Ч.Садиков, А.Т.Алтыбаева, А.Ж.Турдумамбетов.

 

 

Бул мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Т.И.Икрамовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 14-апрелиндеги № 145 токтому) “2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Т.И.Икрамовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Карашев, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана финансылык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, демилгечилердин бири – А.А.Карашев, “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК башкармасынын төрагасы А.Б.Тологонова, депутаттар У.З.Ормонов, Б.К.Аманова, М.А.Маматалиев, У.Ч.Садиков, А.К.Бешимбаева, Г.К.Асылбаева, К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары С.М.Ахматов, төрагалык кылуучу, депутат Б.С.Турусбеков.

 

 

Бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана финансылык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

 

14 саат 15 мүнөт

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

 

 

62 депутат катталды.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 4-майындагы № 197 токтому) “2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары С.М.Ахматовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары С.М.Ахматов, депутаттар У.Ч.Садиков, М.С.Бакиров, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат М.С.Бакировдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 51, каршы – жок, бардыгы 51 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

Депутат М.С.Бакировдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 77 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары С.М.Ахматов, депутаттар Б.К.Аманова, Б.С.Турусбеков, А.А.Карашев, Т.И.Икрамов.

 

 

 

Бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Т.И.Икрамовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтотмдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтотмунун долбоорун кароо.

 

 

Сунушталган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Т.И.Икрамовдун сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Минимстрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 11-июнундагы №30-р тескемеси) “Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

 

Сунушталган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ж.М.Рахматуллаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасынын биринчи орун басары К.Т.Оскомбаева, депутаттар А.Т.Мамашова, К.Ш.Баймуратов, төрагалык кылуучу.

 

Депутат К.Ш.Баймуратовдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 1, бардыгы 57 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

 

 

Депутат К.Ш.Баймуратовдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – 3, бардыгы 63 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

 

 

Депутат К.Ш.Баймуратовдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 2, бардыгы 61 депутат добуш берди, 89 депутат катталган.

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.Т.Бердиев, Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ж.М.Рахматуллаев, депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары А.О.Шаршеев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасынын биринчи орун басары К.Т.Оскомбаева, депутаттар С.К.Ибраев, У.Т.Кыдыралиев, Б.К.Райымкулов, У.Б.Примов, төрагалык кылуучу.

 

Депутат Б.К.Райымкуловдун сунушу боюнча жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан токтом долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Бул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Б.К.Аманова, У.Ч.Садиков.

 

 

11. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету” (тиркеме) маселесин кароо.

 

 

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.Т.Байгазаков, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.А.Сатаев, депутаттар М.С.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев, А.Ж.Токтомамбетов, С.К.Ибраев, Ш.И.Абдылдаев, Э.Дж.Байбакпаев, У.Ч.Садиков.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматов, депутаттар А.Т.Алтыбаева, А.Т.Бердиев.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

12. 201-жылдын 16 жана 17-июнундагы каралган мыйзам долбоорлор менен токтом долбоорлор боюнча добуш берүү.

93 депутат катталды.

 

 

“Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – жок, бардыгы 93 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы – 10, бардыгы 93 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

 

“2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – 3, бардыгы 92 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылсын.

 

 

“2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – 4, бардыгы 93 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – жок, бардыгы 93 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 89, каршы – 1, бардыгы 90 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылсын.

 

 

“Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 92, каршы – жок, бардыгы 92 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылсын.

 

 

“Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы – 1, бардыгы 92 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп таанылсын.

 

 

“Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – жок, бардыгы 93 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – жок, бардыгы 93 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын жараны, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы – жок, бардыгы 87 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтотмдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтотмунун долбоорун (Депутаттар Б.Нурдинов, М.Н.Койчуманов, Ч.Ч.Урумкалиева жөнүндө) кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 85, каршы – жок, бардыгы 85 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

“Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – 2, бардыгы 84 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат С.К.Ибраев, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат С.К.Ибраевдин сунушу боюнча ага 10 мүнөт сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – 10, бардыгы 57 депутат добуш берди, 94 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

 

13. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө” маселени кароо.

 

 

Сунушталган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Мариповдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, депутат М.Г.Мадеминов, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору А.Т.Сокеев, депутат Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, токой жана суу чарба министри А.С.Джаныбеков, депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору К.Д.Тайлаков, депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Д.Дж.Бекмурзаев, депутаттар А.Ж.Осмонов, С.К.Ибраев, А.Ж.Турдумамбетов, Т.И.Икрамов, Б.К.Райымкулов, Д.Д.Бекешев.

 

 

Депутат С.К.Ибраевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана финансылык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча маселелерди карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан маселелер боюнча суроо-жооп жана талкуулоо жол-жоблоруна ар бир парламенттик фракциясынан үчтөн өкүлгө чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –70, каршы – 4, бардыгы 74 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат У.Т.Кыдыралиев.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат О.М.Бакиров (КСДП), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, токой жана суу чарба министри А.С.Джаныбеков.

 

 

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат У.Ч.Садиков (“Кыргызстан”), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, депутаттар Д.Д.Бекешев, У.Б.Примов (КСДП), Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Д.Дж.Бекмурзаев, депутат У.Т.Кыдыралиев (“Республика-Ата Журт”).

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Б.К.Райымкулов, төрагалык кылуучу, депутаттар М.К.Жеенчороев, А.К.Кемелов, М.Г.Мадеминов, С.Ж.Исманов, О.М.Бакиров, Ш.К.Атазов, А.Т.Бердиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев (“Республика-Ата Журт”), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, токой жана суу чарба министри А.С.Джаныбеков, депутат М.Э.Мавлянова (“Республика-Ата Журт”), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору А.Т.Сокеев, депутат У.О.Самаев (“Кыргызстан”), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Дж.Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Д.Дж.Бекмурзаев, депутаттар З.С.Эсенаманов, Н.М.Сырдыбаев (“Кыргызстан”), М.А.Абдалиев, У.Ч.Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”), Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.С.Тентишев, депутат А.Ж.Токтомамбетов (“Бир Бол”), төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат А.С.Кодуранова, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Д.Дж.Бекмурзаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, токой жана суу чарба министри А.С.Джаныбеков.

 

Сөз сүйлөштү: депутат М.С.Бакиров (“Бир Бол”), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору А.Т.Сокеев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, депутаттар А.А.Акбаров (“Бир Бол”), Н.А.Никитенко, Б.К.Аманова (“Ата Мекен”), Кыргыз Республикасынын айыл чарба, токой жана суу чарба министри А.С.Джаныбеков.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ш.К.Атазов (“Ата Мекен”), Кыргыз Республикасынын айыл чарба, токой жана суу чарба министри А.С.Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Д.Дж.Бекмурзаев, депутаттар Б.К.Райымкулов, А.К.Кемелов, О.М.Бакиров.

 

Депутат О.М.Бакировдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Н.М.Мурашевдин сөзү.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 5, бардыгы 76 депутат добуш берди, 95 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                 Т. Мамытов