ЖАҢЫЛЫКТАР 27.09.19.

27-09-2019 08:22

Бүгүн, 27 – сентябрдагы олтурумунда “Өнүгүү - Прогресс” фракциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган сот-укуктук  реформанын  алкагында, жаңы кодекстерди жана  мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Улуттук   коопсуздук  боюнча мамлекеттик комитетинин ошондой  эле Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин жана Соттор кеңешинин ишмердүүлүгүн кароо маселесине көңүл бурат. Жыйынга КР Вице-премьер-министри -  Жеңиш Раззаков катышат. 

“Мамлекеттик кызматкерлердин орой мамилесине кабылган жарандардан бир топ кайрылуулар түшүүдө. Бул жакшы эмес”, - деген депутат Дастан Бекешев, - “Ырас, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы төмөн, бирок алар дал ошол жарандардын каражатына жашап жатканын эч качан эстен чыгарбашы керек”, - дейт.

                      СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Рада Туманбаева министрлерди катка так жооп берүүгө чакырды. Шайлоочулар менен болгон жолугушууларда айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн министрлик, мекемелерге кат аркылуу кайрылабыз. Бирок, каттын маанисине түшүнө бербеген адистердин айынан туура эмес жооптор келет, - дейт эл өкүлү.
                    СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Ипотекалык шартта турак – жай берүү айрыкча мугалимдер менен дарыгерлерге дем бере албай жатат. Себеби, банк талап кылгандай алардын кирешеси көп эмес, - дейт депутат Айнура Аскарова парламенттин кечээки олтурумунда.

                     СНХ.А.АСКАРОВА

Айрым мамлекеттик ооруканалар өзүн-өзү каражылоого  өтүп жатканы кандай? Мындай ыкманын автору ким? Мамлекеттин социалдык саясаты кайда калат?  – деген суроону депутат Наталья Никитенко көтөрдү.

                    СНХ.Н.НИКИТЕНКО

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27 - сентябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй: 27...32, Ош, Жалал-Абад, Баткен:28...33 градус ысык болот. Талас:23...28, Ысык-Көл, Нарын: 22...27 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27 - сентябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 28...30 градус жылуу.