2021-жылдын 3-сентябрындагы № 4837-VI “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу

08-09-2021 16:06

“Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 4629-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2021-жылдын 3-ноябрына чейин узартылсын.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                   Н.О. Сыдыгалиев