КР ЖК Төрагасына караштуу Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин жыйынтыктоочу жыйыны өттү

05-11-2021 11:52

Бүгүн, 2021-жылдын 4-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына   караштуу  Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин  жыйынтыктоочу жыйынына   Кеңештин мүчөлөрү, ПРООНдун, жарандык коом  уюмдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин тармактык  комитеттеринин өкүлдөрү катышышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин ишмердүүлүгүнө токтолуп,  гендерлик кеңешменин ишмердүүлүгүн күчтөндүрүүдө Жогорку Кеңеш  чечүүчү мааниге ээ экенин билдирди. Аялдардын укуктары жана гедерлик зомбулуктун  алдын алуу боюнча кеңешме, мындан ары алгылыктуу иштерди алып баруу менен мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошоорун  кошумчалады.    

Жыйында Кеңештин ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгы  жана мындан аркы   иш-аракеттеринин пландары, ошондой эле Кеңеш мүчөлөрүнүн мамлекеттик органдар  менен өнөктөштүк мамилелеринин  маңызы  талкууланды.

Жолугушуунун алкагында, ПРООНдун «Жарык шооласы»  программасынын негизинде ишке ашкан Кыргызстандагы лидер аялдардын  биринчи курултайынын  жыйынтыгы көтөрүлдү.

 Аталган курултай  өлкөнүн  Нарын, Чүй, Ош  областтарынын  активист айымдарынын катышуусунда өткөрүлүп, гендерлик кеңештин жергиликтүү аймактардагы  айымдарды колдоо жана аларга шарт түзүп берүүдөгү  иш-чаралардын жыйынтыктары  талкууланды.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин комитеттери менен  жарандык секторлордун өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстандагы  активист айымдардын  ролун жогорулатуу балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык абалы, үй-бүлөлүк  зомбулуктан коргоо, билим берүү, ден-соолукту чыңдоо жаатында көйгөйлүү маселелер, ошондой эле ишкер айымдарды колдоо тууралуу маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда, курултайдын катышуучулары  ички документтерди кайра иштеп чыгуу жана бекитүү, Жогорку Кеңештин  тийиштүү  комитеттеринин  кароосуна киргизүү,  келечекте гендерлик теңчиликке жетишүү  боюнча иш-чараларды мамлекеттик  деңгээлде өткөрүү  маселелери сунушталды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы