Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча кеӊештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман эл аралык миграциялык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

09-12-2021 11:24

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  төрагасынын алдындагы  Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча кеӊештин катчылыгынын жетекчиси  Медер Рахман жана  эл аралык миграциялык  саясатты өнүктүрүү  борборунун (ICDMP) өкүлү Радим Жак , Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык координатор, менеджер Виолетова Вагнер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Бишкек жана Ош шаарларында миграциялык ресурстук борборлорду ачуу, ошондой эле миграциялык саясатты өнүктүрүү багытындагы байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.                                        

Белгиленгендей, аталган шаарларда ресурстук борборлордун ачылышы, кыргызстандыктардын чет өлкөдө мыйзамдуу эмгектенүүсүнө багытталган окууларды өткөрүүгө өбөлгө түзүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга көмөкчү болот.

Талкуунун соңунда тараптар кызматташтыкты кеңейтүү, консультативдик аянчаларды уюштуруу, жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы