Протокол № 11 09.02.2022-ж.

17-08-2022 14:43

 

 

 

 

 

 

11

 

 

VII  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  I  СЕССИЯСЫ

 

2022-жыл

 

 

 

2022-жылдын  9-февралы                                                     10 саат 5 мүнѳт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            2022-жылдын 9-февралындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер.

 

            1.  Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы №199 токтому) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ.

 

            2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№6-13654/21) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ.

 

            3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№6-13655/21) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ.

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жѳнүндѳ.

 

5. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ.

 

6. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ.

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген "Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (2022-жылдын 14-январындагы №17 токтому) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмү жана штаттык саны жѳнүндѳ.

 

56 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 9-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 43, каршы- жок, бардыгы 43 депутат добуш берди, 61 депутат катталган. 

 

2022-жылдын 9-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы- жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 62 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Д.А.Ашимова, А.К.Мадумаров, У.З.Ормонов, Д.Д.Бекешев, Р.Ш.Жакышов, Н.К.Кадырбеков, А.Ж.Осмонов, А.Т.Маткеримов, Ж.Ш.Токторбаев, М.А.Маматалиев, А.Б.Кенжебаев, М.К.Сарбагышов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген "Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (2022-жылдын 14-январындагы №17 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Депутаттар Д.А.Ашимова жана У.З.Ормоновдун аларга 10 мүнѳт сѳз сүйлѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берүү жѳнүндѳгү сунуштары боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 69 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

2022-жылдын 9-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушун эске алуу менен кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы- жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат М.М.Мураталиев.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ашимованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Депутаттар Д.Д.Бекешов жана Д.А.Ашимованын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча жана Социалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормоновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Депутат У.З.Ормоновдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча; Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүгүү боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутаттар М.А.Маматалиев, К.К.Сулайманов, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Н.А.Ражабалиев, Э.Н.Сулайманов.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы №199 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутат А.Т.Маткеримов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын биринчи орун басары Т.Ж.Абжапаров, депутаттар Ж.Ш.Токторбаев, Н.О.Сыдыгалиев, тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Сунушталган мыйзам долбоорун социалдык саясат маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын катышуусунда кароо жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- 3, бардыгы 75 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар К.К.Сулайманов, К.А.Талиев, А.Ж.Осмонов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жѳнүндѳ” маселени кароо.

 

Сунуш кылынган каршы пикир жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Б.Базарбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берүүгѳ Комитеттин сунушун жана Мыйзамды четке кагуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун добуш берүүгѳ  киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутат А.К.Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, тѳрагалык кылуучу.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн токтом долбоорун добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын юстиция министри А.Б.Баетовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн токтом долбоорун добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

15 мүнѳт тыныгуу жарыяланды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

52 депутат катталды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген "Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (2022-жылдын 14-январындагы №17 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Д.Амангельдиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ж.Осмонов, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Д.Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги А.Б.Исраилов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев, депутаттар Э.Т.Токтошев, А.А.Козуев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

Чыгып сүйлѳштү: депутат Р.Ш.Жакышов, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Д.Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев, депутаттар А.К.Малиев, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги А.Б.Исраилов, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик ишканасынын  директорунун орун басары Б.К.Шералиев, депутаттар Э.К.Кокулов, Ж.С.Кыдыкбаев, Н.А.Нарматова, Ч.И.Ажибаев, Н.К.Кадырбеков, Н.Т.Шакиев, К.А.Талиева, Ж.Б.Абиров, тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 5 мүнѳт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

47 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген "Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (2022-жылдын 14-январындагы №17 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Ы.Ы.Атажанов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги А.Б.Исраилов, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Д.Амангельдиев, депутаттар  Ж.П.Нурбаев, М.М.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев, депутат А.Т.Маткеримов, тѳрагалык кылуучу, депутаттар К.К.Сулайманов, И.А.Масалиев.

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ депутат А.Т.Маткеримовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы- 4, бардыгы 43 депутат добуш берди, 57 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат И.А.Масалиев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Д.Амангельдиев, депутат К.К.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги А.Б.Исраилов,  депутаттар Э.Н.Сулайманов, Ж.Ш.Токторбаев, Ч.А.Султанбекова, тѳрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Ѳмүрзаковдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

9. 2022-жылдын 9-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

73 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- 2, бардыгы 71 депутат добуш берди, 73 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы- жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

"Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- 9, бардыгы 70 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

"Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- 5, бардыгы 68 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

"Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы- 14, бардыгы 73 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

"Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы- 14, бардыгы 73 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

"Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- 12, бардыгы 73 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат К.К.Сулайманов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

"Жол кыймылынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 6, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Н.А.Нарматова.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмү жана штаттык саны жѳнүндѳ” маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жѳнүндѳ депутат Н.А.Нарматованын сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 6, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмү жана штаттык саны жѳнүндѳ” маселени кароодо жыйналыштын ишин жабык улантуу жѳнүндѳ депутат Н.А.Нарматованын сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы- 1, бардыгы 76 депутат добуш берди, 77 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

Жыйналыш андан ары жабык режимде улантылды.

 

 

 

 

Тѳрага                                                                                            Т. Мамытов