Протокол № 41 29.06.2022-ж.

19-08-2022 16:21

 

        41

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

2022-ЖЫЛ

 

 

 

2022-жылдын 29-июну                                                               саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган:                                                        Кыргыз Республикасынын                                                                      

                                                                                           Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

             Т.Т. Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж. Бообеков.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Ж.Б. Абиров,
Дж.К. Исаева, Т.А. Масабиров, К. А. Талиева.

 

2022-жылдын 29-июнундагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
VI чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө;

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
9-февралындагы № 40-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
(2022-жылдын 11-мартындагы № 130 токтом) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З. Ормонов тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-мартындагы
№ 164 токтом), “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 27-августундагы
кир. № 6-12169/21), “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу”, үчүнчү окууда;

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 7-февралындагы №62 токтом), Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу”, үчүнчү окууда;

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 18-февралындагы № 89 токтом), Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу”, үчүнчү окууда;

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 7-февралындагы № 51 токтом), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу”, экинчи окууда;

 

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 29-октябрындагы
кир.№ 6-15382/21), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө“, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу”, экинчи окууда;

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген, “Ак калпак улуттук баш кийимине маданий символ статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 13-майындагы кир.№ 6-9021/22), “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 27-майындагы
кир.№ 6-10474/22), “2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган, КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобилдик жүк ташуучуларды кошумча даярдоого жана кесиптик компетенциясын талаптарга шайкеш келтирүү жөнүндө Макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын
24-ноябрындагы КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобилдик жүк ташуучуларын кошумча даярдоого жана кесиптик компетенциясын талаптарга шайкеш келтирүү жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 24-майындагы
кир.№ 6-10066/22), “2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (өзгөчө, атайын) экономикалык зоналар маселелери жана эркин бажы аймагынын бажы жол-жобосу боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

 

14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 1-июнундагы кир.№ 6-10965/22), “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу, биринчи окууда;

 

 

15. 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу.

 

 

16. “Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоого Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №189-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө”;

 

 

17. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
6-апрелиндеги №176-VII токтому менен түзүлгөн, Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин изилдөө жана Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу”;

 

 

18. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
А.А. Айдарова тарабынан демилгеленген, “Билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору тууралуу”;

 

 

19. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Д.Д. Бекешев, Ж.Б. Абиров, Д.Э. Толонов тарабынан демилгеленген, “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

 

20. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын
3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын жана комитетинин фонду жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө”;

 

 

21. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы.

 

 

         64 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 29-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2022-жылдын 29-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы
63 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Ж. Сурабалдиева, Ч.А. Айдарбеков,
Н.Т. Шакиев, Д.Д. Бекешев, Э.Н. Сулайманов, А.К. Мадумаров,
Н.А. Нарматова, Т.И. Икрамов, М.А.Маматалиев, Р.Ш. Жакышов,
Н.К. Кадырбеков, Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, депутаттар У.Б. Примов,
К.К. Сулайманов, Д.А. Джумабеков, А.К. Малиев, төрагалык кылуучу.

 

         Депутат Т.И. Икрамовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат Р.Ш. Жакышовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Чечим кабыл алынды: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, Ж.Б. Абиров, Д.Э. Толонов тарабынан демилгеленген, “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору экинчи окууда жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын жана комитетинин фонду жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизилсин.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Депутаттар Ч.А.Айдарбековдун, Д.Д. Бекешевдин, М.А.Маматалиевдин, У.Б. Примовдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов сунуштарын эске алуу менен 2022-жылдын
29-июнундагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы – жок, бардыгы
64 депутат добуш берди, 77 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         2. 2022-жылдын 22 жана 23-июнунда каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         66 депутат катталган.

        

         “Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – 10, бардыгы
64 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.

        

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – 10, бардыгы
64 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – 13, бардыгы
63 депутат добуш берди, 66 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – 19, бардыгы
67 депутат добуш берди, 70 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 46, каршы – 24, бардыгы
70 депутат добуш берди, 73 депутат катталган.

 

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат И.А. Масалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – 1, бардыгы
66 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

         “2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – 5, бардыгы
70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – 7, бардыгы
69 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – 6, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы
70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы
69 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – 1, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

 

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.К. Мадумаров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасы М.А.Алиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев, депутаттар И.А.Масалиев, Д.Д.Бекешев, К.К. Сулайманов.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

 

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы

70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы
70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы
70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы
70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 4, бардыгы
70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 3, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына балдар маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 3, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 5, бардыгы
71 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында жашаган кызматкерлерге социалдык төлөмдөр боюнча инвентаризациялоо жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу” добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы
70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 4, бардыгы
67 депутат добуш берди, 71 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар И.А. Масалиев,
К.К. Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиев, депутаттар Д.Д. Бекешев, М.А. Маматалиев, Ө.М. Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Н.Т. Шакиев, Д.А. Джумабеков.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар И.А. Масалиев, Б.З. Түлөбаев, төрагалык кылуучу.

        

        

         3. Кыргыз Республикасынын Жоргорку Кеңешинин
VI чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө депутат
М.А. Маматалиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы
Ч.А. Айдарбековдун сунушу боюнча 15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

        

                                               12 Саат 25 мүнөт

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

        

         51 депутат катталды.

        

         Кыргыз Республикасынын Жоргорку Кеңешинин
VI чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароону улантуу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д. Бекешев, М.А. Маматалиев – баяндамачы, Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу, депутаттар
Э.Ж. Сурабалдиева, С.А. Атамбаев, Б.З. Түлөбаев.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

                                               14 саат

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

        

         48 депутат катталды.

        

         Кыргыз Республикасынын Жоргорку Кеңешинин
VI чакырылышынын депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароону улантуу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Э. Толонов, М.А. Маматалиев – баяндамачы, Э.Т. Токтошев, З.Д. Мамасадыков, төрагалык кылуучу.

        

         Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат З.Д. Мамасадыковдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 40, каршы – 3, бардыгы
43 депутат добуш берди, 60 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Р. Сатыбалдиев, К.К. Сулайманов,
М.А. Маматалиев – баяндамачы, А.К. Малиев, А.А. Козуев,
С.А. Омурзаков, А.Т. Түмөнбаев, Б.У. Сыдыков, Ч.А. Султанбекова,
Ш.К. Атазов, С.А. Атамбаев, Ж.К. Акаев, Н.А. Нарматова, Д.Д. Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар И.А. Масалиев, Д.А. Джумабеков,
Ө. М. Бакиров, А.Н. Абдибаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасы М.А.Алиев, депутат Н.О. Сыдыгалиев.

        

         Бардык парламенттик фракциялардын жана “Элдик” депутаттык тобунун оң чечими болгондуктан, ушул мыйзам долбоорун бир учурда экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасы М.А.Алиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жөнүндө” маселени кароо тууралуу депутат А.Т. Түмөнбаеванын сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – жок, бардыгы
47 депутат добуш берди, 80 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

 

         4. “2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жөнүндө” маселени кароо.

        

         Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
А.Ш. Акматовдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Ш.К. Атазов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.А. Сатаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Т.К. Ишеналиев, депутат
Д.А. Джумабеков, төрагалык кылуучу.

        

         Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан баяндама боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат
Д.А. Джумабековдун сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы – 2, бардыгы
54 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов, депутат А.Ж. Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору
А.Т. Байгазаков, депутат Э.Ж. Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Т.К. Ишеналиев, депутаттар
К.К. Сулайманов, Н.Т. Шакиев, Э.Э. Жамгырчиев, Ө.М. Бакиров, төрагалык кылуучу.

        

         Каралып жаткан отчет боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Н.Т. Шакиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 44, каршы – 15, бардыгы
59 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Э.Э. Жамгырчиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Ө.М. Бакиров, А.А. Козуев.

        

         “2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жөнүндө” маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Шакиев тарабынан сунушталган мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу депутат Ө.М. Бакировдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 32, каршы – 11, бардыгы

43 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов.

 

“2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Төлөновдун сөзү.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 11-мартындагы № 130 токтом) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З. Ормонов тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган бириктирилген Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.К. Раимбачаеванын сөзү.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

        

         Ушул бириктирилген Мыйзам долбоорун үчүүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы
В.К. Раимбачаеванын сөзү.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Көрсөтүлгөн Мыйзамдын бириктирилген долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы № 40-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

        

         Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин өкүлү
У.Б. Примовдун сөзү.

        

         Ушул Мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасы
М.К. Алиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-мартындагы
№ 164 токтом), “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Төлөновдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2021-жылдын 27-августундагы кир. № 6-12169/21), “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Төлөновдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 7-февралындагы №62 токтом), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчүокууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э. Төлөновдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         10. “2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы” маселесин кароо.      

         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаровдун сөзү.

        

         “Кыргызиндустрия” ААКынын президенти
Ж.О. Абдураимовдун сөзү.

        

         “Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингдик компаниясы” ААКынын башкармалыгынын төрагасы Т.Болтуруктүн сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Э. Жамгырчиев, Н.Т. Шакиев, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.И. Икрамов, Д.Д.Бекешев, Н.А.Нарматова.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Ушул маселени кароо аяктаганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жана жыйналыштын күн тартибиндеги калган маселелерди кароону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
30-июнундагы кийинки жыйналышына которуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – 1, бардыгы
80 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         “Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКынын төрагасы Е.А. Калашникованын сөзү.

        

         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров, депутат
А.Т. Түмөнбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д. Бекешев,
Ч.А. Айдарбеков, Б.З. Түлөбаев.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.К. Чойбеков, Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А. Осоев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров, “Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингдик компаниясы” ААКынын башкармалыгынын төрагасы Т.Болтурук, депутат Э.Т. Токтошев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Дж. Амангельдиев, депутаттар М.К. Алиев, Э.Ж. Сурабалдиева, Ж.К. Акаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш, депутаттар Ч.И. Ажибаев, М.А. Абдалиев, Ш.К. Атазов, С.А. Атамбаев, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А. Бекболотов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары
А.О. Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри
А.С. Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору А.Т. Сокеев, депутаттар Ы.Ы. Атажанов, А.К. Малиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Р. Авазбек уулу, депутат
Ч.А. Султанбекова.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Н.Т. Шакиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров, депутат
Н.К. Кадырбеков, “Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингдик компаниясы” ААКынын башкармалыгынын төрагасы Т.Болтурук, депутаттар Э.Э. Жамгырчиев, Т.И. Икрамов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри
Д.Дж. Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри
А.К. Бакетаев, депутаттар К.К. Сулайманов, Ж.П. Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.А. Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров, депутаттар А.Ж. Осмонов, А.Д. Таштанбеков, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Дж. Бекмурзаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев, төрагалык кылуучу, депутат Ө.М. Бакиров, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Дж. Амангельдиев, депутат
М.К. Сарбагышев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш, депутат Э.Р. Сатыбалдиев, “Кыргызиндустрия” ААКынын президенти Ж.О. Абдураимов, “Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКынын төрагасы Е.А. Калашникова, “Улуу Көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдингдик компаниясы” ААКынын башкармалыгынын төрагасы Т.Болтурук, депутаттар Н.А. Ражабалиев, У.Б. Бакасов, З.Д. Мамасадыков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С. Джаныбеков, депутаттар Н.А. Азыгалиев, Г.О. Култаева, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Т.О. Иманов, депутаттар
Ж.С. Кыдыкбаев, А.А. Козуев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Р. Авазбек уулу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.О. Темирбаева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу жеткирүүнү өнүктүрүү департаментинин директору С.Э. Момунов, депутаттар А.Б.Кенжебаев, И.И. Матраимов, Б.У. Сыдыков, Н.О. Сыдыгалиев, Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А. Осоев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев, төрагалык кылуучу, депутат У.Б. Бакасов, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Дж. Бекмурзаев, депутаттар Ө.М. Бакиров,
Д.Э. Толонов, М.М. Мураталиев, М.Ж. Сыдыков, Н.А. Нарматова, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Т.О. Иманов, депутаттар В.К. Раимбачаева, Ы.Ы. Атажанов, Г.С. Молдобекова, депутат А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигининин алдындагы Турак-жай жарандык курулуш департаментинин директору Т.Т. Эшбаев, депутат А.Д. Таштанбеков, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри
Д.Дж. Амангельдиев, депутат Ш.К. Атазов.

        

         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаровдун сөзү.

 

 

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                 Т. Мамытов