Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү

25-11-2019 17:24

Бүгүн, 25 – ноябрдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөрдү карады.

Бул мыйзам долбоору 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүргөн КР Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин белгилешинче, - “Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү.  Алсак, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта 2415тен 7114кө чейин өсүп жеткен”. 

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 76-беренесине ылайык келтирүү максатында мыйзамдын бардык текстиндеги ар кандай жөндөмөдөгү “коргоо ордери” деген сөздөрдүн алды тиешелүү жөндөмөдөгү “убактылуу” деген сөздөр менен толукталууда.

Талкуу соңунда аталган маселе боюнча комитет кортутундусу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Ошондой эле комитет жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 29-июнундагы “Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмге мамлекеттик заказ тууралуу” токтомунун аткарылышы да талкууланды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы