1
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ
2022-2023 - ЖЫЛДАР
2022-жылдын 1-сентябры саат 10.00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Төрагасы
Т.Т. Мамытов
Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу
К.Т. Туманбаев.
Жыйналышка катышпаган депутат: Б.Э. Тентишев.
Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясын ачык деп жарыялады.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик көрсөтмөлүү оркестри жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти А.Саралаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткарды.
Сөз сүйлөдү: Төрагалык кылуучу депутаттарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун сөзү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Т.И. Икрамов,
Ш.К Атазов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров, депутаттар
Н.А. Нарматова, Н.К. Кадырбеков, И.А. Масалиев, Д.Д. Бекешев.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төрага Т. Мамытов