4
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ
2022-2023-жж.
2022-жылдын 14-сентябры саат 10.00
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Төрагасы
Т.Т. Мамытов
Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Жыйналышка катышпаган депутаттар: Д.А. Ашимова,
Э.Н. Сулайманов, Э.Ж. Сурабалдиева, М.О. Темирбаева, Б.Э. Тентишев.
2022-жылдын 14-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 8-апрелиндеги №192 токтом) демилгелеген, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Атайын операция); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Жогорку технологиялар фонду); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы) Кредиттик макулдашуусун (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (үчүнчү окуу);
2. 2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (экинчи окуу);
3. “2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын
9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (экинчи окуу);
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 22-июнундагы кир.№6-13366/22) демилгелеген, “Вашингтон шаарында 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча (№ 7081-KG кредит, № Е009-KG гранты) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окуу);
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 10-майындагы кир.№6-8561/22) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (экинчи окуу);
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 12-апрелиндеги кир.№6-6537/22) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (экинчи окуу);
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар
А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо демилгелеген “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө (биринчи окуу);
8. “Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы №18-VII токтомуна (Депутат М.О. Темирбаева жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө.
72 депутат катталган.
1. 2022-жылдын 14-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы
62 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутаттар А.А. Козуев, Т.И. Икрамов, төрагалык кылуучу, депутаттар Р.Ш. Жакышов,
К.К. Сулайманов, Т.А. Масабиров, Н.К. Кадырбеков,
Ш.К. Атазов, Ж.Ш.Токторбаев, Ч.А. Султанбекова, Д.Д. Бекешев,
Ж.Б. Абиров, С.А. Айжигитов, Н.А. Нарматова, Б.Б. Кенжебаев, Ж.Коргонбай уулу, Э.Э. Жамгырчиев, У.Б. Бакасов,
А.А. Турсунбаев, М.А. Маматалиев, М.К. Алиев, И.А. Масалиев,
Ч.А. Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А. Абытов.
Депутат К.К. Сулаймановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат С.А. Айжигитовдун сөзү боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.
Депутат М.А. Маматалиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине протоколдун тапшырма берилди.
Чечим кабыл алынды: - “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы
№-18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (Депутат
М.О. Темирбаева жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 26-маыйндагы кир.№6-10377/22) демилгелеген, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан чыгаруу.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ага чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө он мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө депутат Ж.Ш. Токторбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы
73 депутат добуш берди, 84 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Депутат М.К. Алиевдин сунушун эске алуу менен 2022-жылдын 14-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы
68 депутат добуш берди, 84 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин сөзү.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Ж.Ш. Токторбаев.
Ага чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө 5 мүнөткө чейин убакыт берүү жөнүндө депутат Ж.Ш. Токторбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы
59 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Ж.Ш. Токторбаевдин сөзүнүн уландысы.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Ш.К. Атазов,
Э.Э. Жамгырчиев.
“Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрдөгү аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы жөнүндө” жана “Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кочкорова Айдайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын маалыматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун долбоорлорун 2022-жылдын
15-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибине киргизүү тууралуу депутат Э.Э. Жамгырчиевдин сунушу боюнча добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 2, бардыгы
61 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 8-апрелиндеги №192 токтом) демилгелеген, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Атайын операция); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Жогорку технологиялар фонду); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы) Кредиттик макулдашуусун (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д. Бекешев, Бишкек шаарынын вице-мэри Б.А. Абдиев, “Бишкек троллейбустук башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору Т.Т. Капаров, депутаттар К.К. Сулайманов, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспортук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору
М.О. Нусувалиев, депутаттар Ж.Б. Абиров, А.Ж. Осмонов,
А.Б. Кенжебаев, Ш.К. Атазов, Ш.К. Ташиев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Р.С. Татиков, депутаттар
Э.Т. Токтошев, Т.И. Икрамов, Т.А. Масабиров, К.А. Талиева, төрагалык кылуучу, депутат Д.Э. Толонов.
Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 27-майындагы кир.№6-10474/22) демилгелеген, 2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 1-июнундагы кир.№6-10902/22) демилгелеген, “2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын
9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министринин орун басары Н.С. Базарбаев.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 22-июнундагы кир.№6-13366/22) демилгелеген, Вашингтон шаарында 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча (№ 7081-KG кредит, № Е009-KG гранты) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Д.А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору А.Т. Сокеев.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 10-майындагы кир.№6-8561/22) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбооору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Сөз сүйлөдү: депутат Н.К. Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары З.А. Аскарова.
Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Ч.А. Султанбекованын сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б. Кенжебаев, М.Самыйкожо демилгелеген “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.Б. Кенжебаевдин сөзү.
Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү Н.О. Сыдыгалиевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2022-жылдын 12-апрелиндеги кир.№6-6537/22) демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү
Н.О. Сыдыгалиевдин сөзү.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.
10. “Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы №18-VII токтомуна (Депутат М.О. Темирбаева жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин токтом долбоорун кароо.
Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү
Н.О. Сыдыгалиевдин сөзү.
“Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү. (Депутат М.О. Темирбаева жөнүндө).
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы – жок, бардыгы
47 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды. (Токтом долбоору кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
11. 2022-жылдын 14-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.
67 депутат катталган.
“Бишкек шаарында 2021-жылдын 28-декабрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Атайын операция); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) Гранттык макулдашуусун (Жогорку технологиялар фонду); “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы) Кредиттик макулдашуусун (“Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 1, бардыгы
67 депутат добуш берди, 67 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).
“Минск шаарында 2006-жылдын 24-ноябрында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана Ташкент шаарында 2017-жылдын 3-ноябрында кол коюлган, 2006-жылдын
24-ноябрынан КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы
67 депутат добуш берди, 67 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын
9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы
69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Вашингтон шаарында 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча (№ 7081-KG кредит, № Е009-KG гранты) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 2, бардыгы
68 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Вашингтон шаарында 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча (№ 7081-KG кредит, № Е009-KG гранты) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 3, бардыгы
69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы
68 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы
68 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Добуш берүү жараксыз деп таанылды.
“Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы
69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы
69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы
69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.
Төрага Т. Мамытов