2017-жылдын 2-майынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

29-05-2017 16:41

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 2-майы                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Бекешев Д.Д., Айдаров С.А. Осмонова А.Ш., Чолпонбаев У.С. , Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Макеев Н.К., Юсуров А.Л., Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К, Сурабалдиева Э.Ж., Арапбаев А.А., Абжалиев А. Т., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен),      

Бардыгы: 8 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 7, ишеним добуш- берилди, кеңеш берүү добушу менен 1.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Жогорку Кеңешинин депутаты –Назаров Айтмамат Кошоевич, Жогорку Кеңешинин депутаты – Тиллаев Таабалды Гапырович, Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Жогорку Кеңешинин депутаты – Турсунбеков Чыныбай Акунович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору –Абдиев Бактыбек Абышевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Казаков Болсунбек Күмүшбекович,Кыргыз Республикасынын Вице- премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-Султанов Акылбек Шакирович, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы – Марипов Улукбек Асамидинович; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – Осмонов Замирбек Бабакулович.

Комитеттин төрагасы Н.Макеев Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Торобаев, А.Өмүрбекова, Н.Макеев, Г.Асылбаева, М.Жеенчороев, А.Мамашова, Д.Бекешев, А.Жапаров, К.Рыспаев, Т.Икрамов, жана А.Арапбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны  өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-21160/16 07.09.16-ж.) (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Суроо жана сунуш болгон жок. Комитет үчүнчү окууда колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. №6-4753/17 28.02.17-ж.).( экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Жапаров Акылбек Усенбекович.

Бул маселе күн тартибинен алып салынды. Комитеттин төрагасы Н.Макеевдин сунушу менен жана баяндамачы келбей калгандыгына байланыштуу, өзүнүн суранычы боюнча.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.К. Назаров, А. У. Жапаров, К.К. Исаевдер  тарабынан демилгеленген “Бюджеттик насыя берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-14790/16  03.06.16ж.)  (Бюджет жана финансы боюнча комитетинде экинчи окууда каралган).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Назаров Айтмамат Кошоевич

Суроо жана талкууго катышкандар: Асылбаева, Абдыгулов, Макеев, Азимов, Кожошев, Абытов, Байбакпаев, Сурабалдиева. Талкуулоонун негизинде бул маселе Комитет тарабынан 3 жумага кийин кароого жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген (2016-ж. 06.05. №6-11711/16)  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 646 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору) (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Тулендыбаев Пархат Розымович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо жана талкуу болгон жок. Комитет экинчи окууда колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович

Баяндамачы парламенттик угууга катышып келем деп кеткен, бирок келген жок. Ошондуктан бул маселе баяндамачы жоктугуна байланыштуу кийинки жыйынга жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы №134 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору ( экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо жана талкуу болгон жок. Комитет экинчи окууда колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Турсунбеков тарабынан демилгеленген «Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-27393/15 14.12.2015-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Турсунбеков Чыныбай Акунович.

Баяндамачы жок болгондугуна байланыштуу бул маселе күн тартибинен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №179 токтому менен жактырылган «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Пирназаров Марат Түгөлбаевич.

Суроо жана талкууго катышкандар: Байбакпаев, Макеев, Асылбаева, Юсуров. Талкуулоонун негизинде Комитет биринчи окууда колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-январындагы №15 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Суроо жана талкууго катышкандар: Асылбаева, Байбакпаев, Макеев, Асылкулов(салык кызматынын орун басары), Юсуров, Асылбаева. Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-июлундагы №405 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Турак жай кодексине, «Жекече турак-жай курулушу жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» КРнын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору –Абдиев Бактыбек Абышевич

Бул маселе депутат А.Арапбаевдин сунушу менен күн тартибинен алып салынган.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №195 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы №441 «»Ишкердик субъектерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому (кир.6-8274/17 от 3.04.2017ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Суроо жана талкуу болгон жок. Комитет колдоп добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

12. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майы № 553-VI “Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө токтомунун аткарылышы” Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин 2017-жылдын 10-январындагы чечиминин аткарылышы.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары – Калиев Бекболот.

Суроо жана талкууго катышкандар: Байбакпаев, Панкратов, Асылбаева, Эркинбек уулу Эмилбек (эсеп палатыснын аудитору), Макеев, Калиев.

Комитет тийиштүү чечим кабыл алды –аткаруу мөөнөт узартылды 2017-жылдын 31-декабрына чейин.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

13. Ар кандай маселелер.

1. “Республиканын кичи атын чыккан жерлерин иштетүүнүн келечеги” темадагы “В.И.Д. Майнинг Компани” ЖЧК сынын презентациясын өткөрүү жөнүндө.

Бул маселе 2017-жылдын 6-июнуна жылдырылды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Юсуров, К. Жолдошбаев, М. Бакиров, Н. Макеев, Д. Бекешов, С. Айдаров, П. Тулендыбаев, К. Нурматов жана Р. Момбеков тарабынан демилгеленген (2017-жылдын 24-мартындагы №6-6672/17) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүү жөнүндө .

 

2017-жылдын 2-июнунда деп Комитет чечти.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  Макеев Н. К.

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.