Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
2017-жылдын 23-майы 14 саат 00 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы Н.Макеев
Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:
Макеев Н.К., Арапбаев А.А., Осмонова А.Ш., Чолпонбаев У.С. , Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).
Жыйналышка катышып олтургандар: Бекешев Д.Д., Юсуров А.Л., Абжалиев А. Т., Айдаров С.А. Тулендыбаев П.Р., Асылбаева Г.К, Сурабалдиева Э.Ж., Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен),
Бардыгы: 8 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү 7, кеңеш берүү добушу менен 1.
Жыйналышка чакырылгандар:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору –Абдиев Бактыбек Абышевич.
Комитеттин төрагасынын орун басары Бекешев Д.Д. Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.
Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Өкмөттун өкүлү Абытов А.А. кошумча маселени №277 токтому менен жактырылган мыйзам долбоорун экинчи окууда кароону сунуштады. Комитет макул болду жана добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
Бул маселе боюнча талкууга Кожошев, Иминов-юстиция министринин орун басары, Бекешев, Асылбаева талкуулоо жүргүздү. Депутат А.Жапаровдун сунушу четке кагылды. Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев жана П.Тулендыбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир № 6-6058/17 15.03.2017-ж.) (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.
Суроо жана талкуу болгон жок. Депутаттар Байбакпаев жана Асылбаева тактоо сөздөрдү айтты. Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 670 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо жана талкуу болгон жок. Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы №433 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Жарнак жөнүндө” жана “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга кайра киргизилип жатат).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроого жана талкууга катышкандар: Асылбаева, Бекешев, антимонополияга каршы агенттигинин статс-секретары. Комитет экинчи окууда колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. №6-4753/17 28.02.17-ж.).( экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –Жапаров Акылбек Усенбекович.
Комитет күн тартибинен алып салды баяндамачы жоктугуна байланыштуу.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков, Ө.Текебаев, Ч.Турсунбеков, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, О.Артыкбаев, А.Акматов, Э.Токтошев, К.Жумалиев, А.Арапбаев, И.Матраимов, А.Жамангулов, Т.Исакунова, С.Айдаровдор тарабынан (2016-ж. 31.05. кир.№ 6-14230/16) демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.).( экинчи окууга).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Арапбаев Азамат Абдуллажанович
Комитет күн тартибинен алып салды баяндамачы жоктугуна байланыштуу.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, А.Турсунбаев, И. Пирматов, А.Маматов, Ж. Калмаматов, Ж. Турускулов, А. Султанов, П. Тулендыбаев, Г. Асылбаева, М. Жеенчороев, К. Рыспаев, А. Жутанов, М. Исаковым, И.Чудинов, Н. Нишанов, У. Кыдыралиев, А. Кулбараков, Д. Исаева, Д. Бекешев, И. Сарсейитов, Б. Ибраимжановдар тарабынан демилгеленген (кир.6-8816/17 19.04.2017ж.) «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты-–Байбакпаев Экмат Джурукбаевич
Баянадмачы презентация кылды. Суроо жана талкууга катышкандар: Юсуров, Бекешев, Асоциациянын жетекчиси Казакова, Абжалиев, Сурабалдиева, Асылбаева, Байбакпаев жана башкалар. Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-июлундагы №405 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Турак жай кодексине, «Жекече турак-жай курулушу жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» КРнын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору –Абдиев Бактыбек Абышевич.
Суроо жана талкууга катышкандар: Бекешев, Айдаров, Асылбаева. Талкулоонун негизинде Комитетт бул маселени четке кагты.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 74 токтому менен жактырылган «Бишкек» эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайра кароого).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.
Суроо жана талкууга катышкандар: Асылбаева, Бекешев. Талкулоонун негизинде Комитет колдоп добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.
9. Ар кандай маселелер. Туризм боюнча көчмө жыйын боюнча, көпчүлүк депутаттар катыша албагандыгын билдирди.
Экономикалык жана
фискалдык саясат боюнча
Комитеттин төрагасынын орун басары Бекешев Д.Д.
протокол жүргүздү Сабырбекова Ы.С.