2017-жылдын 6-июндун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

08-06-2017 18:05

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

 

2017-жылдын 6-июну                                                     14 саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасынын орун басары

                                                                                   Д. Бекешев

 

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

Макеев Н.К.(ишеним добуш С.Айдаровдо), Абжалиев А., Чолпонбаев У.С.(ишеним добуш Д.Бекешевде), Сурабалдиева Э.Ж. (ишеним добуш Д.Бекешевде),Тулендыбаев П.Р. (ишеним добуш Д.Бекешевде), Осмонова А.Ш., Мамашова А.Т.(өргүүдө), Жеенчороев М.К.(кеңеш добуш менен), Сыдыков Б.У. (кеңеш добуш менен), Мавлянова М.Э. (кеңеш добуш менен), Масабиров Т.А. (кеңеш добуш менен), Жамангулов А.Ж. (кеңеш добуш менен), Жапаров А.У.(кеңеш добуш менен), Токтошев Э.Т. (кеңеш добуш менен).

 

            Жыйналышка катышып олтургандар: Юсуров А.Л., Бекешев Д.Д., Т., Айдаров С.А. Асылбаева Г.К, Арапбаев А.А., Эргешов А.М. (кеңеш добуш менен), Байбакбаев Э.Дж. (кеңеш добуш менен),

Бардыгы: 7 депутат, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү- 5, ишеним добуш берилген 4, кеңеш берүү добушу менен 2.

 

Жыйналышка чакырылгандар:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович,Кыргыз Республикасынын башкы прокурору – Джолдубаева Индира Ырысбаевна,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министриМурашев  Нурбек Мурпазылжанович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы- Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – – Осмонов Замирбек Бабакулович,Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич,Кыргыз Республикасынын Юстиция министри-Ахметов Уран Тулондиевич.

 

Комитеттин төрагасынын орун басары Бекешев Д.Д. Комитеттин жыйынынын күн тартибин негизи катары бекитүүгө добушка киргизди.

Комитеттин мүчөлөрү макул болду жана күн тартиби добуш менен бекитилди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомунун жана Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2017-жылдын 10-январындагы чечиминин аткарылышы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору – Джолдубаева Индира Ырысбаевна

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министриМурашев  Нурбек Мурпазылжанович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы- Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Сулайманов Азамат Талапбекович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы – – Осмонов Замирбек Бабакулович.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

Суроо жана жоопко катышкандар: Арапбаев, Бекешев, Юсуров, Байбакпаев, Эргешов, Оморов (Энергетика малекеттик комитеттин башчысынын орун басары).

Талкуулоонун негизинде Комитет бул маселени Юсуров жана Арапбаевдин сунуштары менен эске алды жана аткаруу мөөнөтүн 2017-жылдын 1-октябрына узартты.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, П. Тулендыбаев жана Г.Асылбаевалар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Байбакпаев Экмат Журукбаевич

Суроо-жоопко катышкандыр: Асылбаева, Бекешев.

Талкуулоону негизинде бул маселе боюнча Комитет жазуу түрүндө түшкөн сунуштар менен 2-окууда кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №179 токтому менен жактырылган «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Байбакпаев,Муканбетов,Асылбаева, Бекешев.

Талкуулоонун негизинде Комитет жеткире мааалымат алуу максатында 1 жумага кийин кароого жылдырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Байбакпаев, О. Артыкбаев, А. Токторов,  А. Абжалиев,  Д. Джумабеков,  Д. Исаева,  М. Бакиров, П. Тулендыбаев,  А. Исмаилова,  Р. Туманбаева, Б. Субанбеков, А. Нурбаевдар тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. 2017-ж.22.03  №6-6383/17)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты-

Байбакпаев Экмат Журукбаевич

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Бекешев, Байбакпаев, Асылбаева, Исаков( саламаттык сактоо министрилигине караштуу департаментин башчысы), Юсуров, Панкратов, айыл чарба министрилигинин өкүлү, Эргешов, Ун боюнча ишкерлердин коомчулук альянсдын өкүлү.

Комитет талкуулоонун негизинде 1-окууда кабыл алды жана добуш берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы №261 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. 2017-ж. 18.05  №6-11009/17 1).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Иминов Махамаджан Саитович.

Суроо-жоопко катышкандар: Арапбаев, Бекешев.

Талкуулоонун жана түшкөн сунуш менен бул маселени Комитет четке кагты.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. «Кыргыз Республикасында туризди өнүктүрүү маселеси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө жана  Кыргыз Республикасында туризди өнүктүрүү маселесин талкуулоо боюнча 2017-жылдын 27-майындагы  тегерек столдун сунуштамасын кабыл алуу туралуу.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты-Юсуров Абдумажит Лелезович

Суроо-жоопко катышкандар: Юсуров, Бекешев, Жаманкулов (Туризм департаменттин директору).

Комитет тийиштүү чечим кабыл алды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Ар кандай маселелер

 

2018-2040 –жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын Концепциясы жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты- Жапаров Акылбек Усенбекович

Негизги баяндамачы жоктугуна байланыштуу бул масле күн тартибинен добуш менен алып салынды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -баардыгы, каршы- жана калыс жок.

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасынын орун басары                                              Бекешев Д.Д.

 

 

 

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.