Алтынчы бөлүм

11-06-2016 09:49

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ

93-берене

1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат.

94-берене

1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.

2. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес.

3. Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.

4. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

5. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

6. Жогорку соттун судьялары курактык чегине жеткенге чейин шайланат.

7. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

Жогорку соттун төрагаларын, алардын орун басарларын шайлоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.

8. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушу өз курамынан соттун төрагасын, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө ошол эле соттун төрагасы, төрагасынын орун басары болуп шайлана албайт.

9. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларына белгилүү бир чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

95-берене

1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган учурлардан тышкары, аталган негиздер боюнча Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан Президент бошотот.

Кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

3. Судья каза болгондо, чектүү курагына жеткенде, кызматтан кеткенде  же башка ишке өткөндө, аны каза болгон же дайынсыз жок деп жарыялаганда, аракетке жөндөмсүз деп тааныганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда жана кынтыксыз жүрүм-турум  талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан ушул негиздер пайда болгон күндөн баштап конституциялык мыйзамга ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Мында Жогорку соттун судьялары катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кызматынан бошотулат.

4. Судьяларды соттук тартипте кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

5. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Судьяларды тандоо  кеңеши конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

6. Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну (ротациялоону) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.

7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция шайлайт.

8. Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши түзөт. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакыруу анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт. Эгерде Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы 10 жумушчу күндүн ичинде өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү Президент уюштурат. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны, мүчөлүккө талапкерлерге коюлуучу талаптар жана комиссиянын ишин уюштуруунун башка маселелери мыйзам менен аныкталат.

96-берене

1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.

3. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

97-берене

1. Жогорку соттун Конституциялык палатасы конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.

2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы боло алат.

3. Жогорку соттун Конституциялык палатасы өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

4. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

5. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

6. Жогорку соттун Конституциялык палатасы:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.

7. Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.

8. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

9. Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

10. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген сот актылары ар бир конкреттүү учурда укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирилген жарандардын даттануулары боюнча сот тарабынан кайра каралат.

11. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын курамын жана түзүү тартибин, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

98-берене

1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

2. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактары менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет.

99-берене

1. Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.

2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.

3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

100-берене

1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2. Сот актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

101-берене

1. Сот ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.

2. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талапты жиберет.

102-берене

1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

2. Кыргыз Республикасында судьялардын курултайы, Судьялар кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.

Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.

3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

103-берене

Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт. 



Көрүүлөрдүн саны : 3893