Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору  2016-жылдын 21-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат

21-06-2016
10:20

 

ДЕМИЛГЕЧИ:  Жогорку Кеңештин депутаттары  Г. Асылбаева, А. Арапбаев, А. Жапаров, М. Жеенчороев, Н. Макеев, А. Мамашева

 

Бул Мыйзамдын максаты КР СКнын 319- жана 362-беренелериндеги карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат. Мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ушул мыйзамын өркүндөтүүгө көмөктөшөт.

 

Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот  kalipa.berikbaeva@mail.ru  жана ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 63-90-79

 

Каттоо номери: № 6-16366/16   17.06.16

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. КР СКнын 319-беренесинин 2-пункту «накталай эмес формада» деген сөздөр менен жана төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:

«3) накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда – 0 пайыз өлчөмүндө.».

 

2. КР СКнын 362-беренесине редакциялык түзөтүүлөр киргизилсин жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Салык төлөөчү иштин түрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк тармак үчүн, соода үчүн:

- 4 пайыз – накталай формада;

- 2 пайыз – накталай эмес формада;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

- 6 пайыз – накталай формада;

- 3 пайыз – накталай эмес формада.

2. Иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү иштин ушул түрлөрү үчүн белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө салыкты эсептейт жана төлөйт.».

 

2-берене.

 

Бул Мыйзам 2016-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

 

Бул мыйзам долбоору тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине редакциялык жана тактоочу мүнөздөгү толуктоолор киргизилет.

Бул Мыйзамдын максаты КР СКнын 319- жана 362-беренелериндеги карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат. Мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ушул мыйзамын өркүндөтүүгө көмөктөшөт.

 

1. Бүгүнкү күнгө карата, КР Салык кодексинин 319-беренесинин 2-пунктунун ченемдерине ылайык, накталай эмес эсеп үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасы бул пунктта чагылдырылган эмес. Ушуга байланыштуу алда канча так тартипти киргизүү жана 319-берененин 2-пунктун «накталай эмес формада» деген сөздөр менен жана жаңы 3-пунктча менен толуктоо сунуш кылынат.

 

2. КР СКнын 362-беренесинин колдонуудагы ченемине ылайык, бирдиктүү салыктын ставкалары салык төлөөчүнүн ишине жараша төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк тармак үчүн, соода үчүн:

а) накталай формада акы төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда – 4 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай эмес формада акы төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда – 2 пайыз өлчөмүндө;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

а) накталай формада акы төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда – 6 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай эмес формада акы төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда – 3 пайыз өлчөмүндө.

Салык төлөөчүнүн ишинин түрүнөн тышкары, салыктын ставкалары акы төлөөнүн формасына жараша ажыратылган: накталай кирешелерге салыштырганда, накталай эмес кирешелер үчүн ставкалар эки эсе төмөн. Мыйзамдын беренесинин максаты бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдү накталай эмес эсептешүү боюнча иштөөгө жүйөлөштүрүү болуп саналат. Бирок эгерде берененин пункттарына кунт коюп көңүл бурса, карама-каршылыктар көрүнүп турат. Келтирилген берененин бардык пункттарында «товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу» ишинин түрү чагылдырылган, бул болсо, эгерде бир эле түрдөгү иш болсо, салык төлөөчүгө кандай ставканы колдонуу керектиги жагынан адашууга алып келет.

Бирдиктүү салык ставкасын колдонуунун ушул тартиби иштин түрүн толук колдонууда оорчулуктарды түзөт.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу КР Салык кодексиндеги карама-каршылыктарды жоюу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн беренелерге толуктоолорду жана редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Ушул Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине шайкеш келет.

Мыйзам долбоору гендердик, укук коргоочу, экологиялык, социалдык кесепеттерди камтыбайт. Бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Коомдук талкуулоону камсыз кылуу жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин турмушка ашыруу үчүн бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган. Мында сын-пикирлер жана сунуштар келип түшпөгөнүн белгилейбиз.

 

 

Урматтоо менен, 

Депутаттар:                                                                                    Г. Асылбаева

                                                                                                          А. Арапбаев

                                                                                                          А. Жапаров

                                                                                                          М. Жеенчороев

                                                                                                          Н. Макеев

                                                                                                          А. Мамашева

 

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбооруна

 

Салыштырма таблица

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясы

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин сунуш кылынып жаткан редакциясы

319-берене. Салык ставкасы

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) накталай түрдө төлөнгөн КНС салынуучу жана/же КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:

а) 1 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

б) 2 пайыз өлчөмүндө - ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн;

2) КНС салынуучу жана накталай эмес формада төлөнгөн КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 0 пайыз өлчөмүндө.

2. Сатуудан салык ставкасы накталай формада төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган учурларда белгиленет:

1) 2 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

2) 3 пайыз өлчөмүндө - ушул бөлүктүн 1-пунктунда каралбаган иш үчүн.

3. Сатуудан салык ставкасы банк үчүн 2 пайыз өлчөмүндө жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Ушул беренеде:

1) сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча иш соода иши деп түшүнүлөт;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул кызматтарды көрсөткөн байланыш жаатындагы уюмдарга берилүүчү лицензияларда саналып өткөн зымсыз телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана спутник байланышы уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү деп түшүнүлөт.

319-берене. Салык ставкасы

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) накталай түрдө төлөнгөн КНС салынуучу жана/же КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:

а) 1 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

б) 2 пайыз өлчөмүндө - ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн;

2) КНС салынуучу жана накталай эмес формада төлөнгөн КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 0 пайыз өлчөмүндө.

2. Сатуудан салык ставкасы накталай формада төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган учурларда белгиленет:

1) 2 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

2) 3 пайыз өлчөмүндө - ушул бөлүктүн 1-пунктунда каралбаган иш үчүн.

- накталай эмес формада:

3) накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда – 0 пайыз өлчөмүндө.

3. Сатуудан салык ставкасы банк үчүн 2 пайыз өлчөмүндө жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Ушул беренеде:

1) сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча иш соода иши деп түшүнүлөт;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул кызматтарды көрсөткөн байланыш жаатындагы уюмдарга берилүүчү лицензияларда саналып өткөн зымсыз телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана спутник байланышы уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү деп түшүнүлөт.

362-берене. Салыктын ставкалары

 

1. Салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк чөйрө үчүн, соода үчүн:

а) накталай формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 4 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 2 пайыз өлчөмүндө;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

а) накталай формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 6 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 3 пайыз өлчөмүндө.

2. Иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү иштин ар бир түрү боюнча, иштин ушул түрлөрү үчүн өзүнчө белгиленген салыкты эсептейт жана төлөйт.

 

362-берене. Салыктын ставкалары

 

1. Салык төлөөчү иштин түрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк тармак үчүн, соода үчүн:

- 4 пайыз – накталай формада;

- 2 пайыз – накталай эмес формада;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

- 6 пайыз – накталай формада;

- 3 пайыз – накталай эмес формада.

2. Иштин бир нече түрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү иштин ушул түрлөрү үчүн белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө салыкты эсептейт жана төлөйт.