Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 18-январындагы № 866-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык тобунун фонддору жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

18-01-2023
17:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын жана комитетинин фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

токтомдун аталышындагы, 1-пунктундагы «депутатынын, фракциясынын жана комитетинин» деген сөздөр «депутатынын, фракциясынын, комитетинин жана депутаттык тобунун» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
9-сентябрындагы ПЖ № 309 Жарлыгына ылайык Жобонун 2-пунктунун 2.2-пунктчасындагы «40 000 (кырк миң)» деген сөздөр «80 000 (сексен миң)» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом 2022-жылдын 9-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Б. Примовго жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары                                              Н.О. Сыдыгалиев