Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 1-мартындагы № 993-VII 2023-жылдын 1-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ

01-03-2023
10:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

2023-жылдын 1-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

2023-жылдын мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  бириктирилген  долбоору жѳнүндѳ;

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

         “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;  

         “2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын
7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

         2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;  

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Иманалиев Каныбек Капашовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы
№ 43-VII токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

“Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төрага                                                                                   Н.Т. Шакиев