Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 9-мартындагы № 1011-VII 2023-жылдын 9-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ

09-03-2023
10:10

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

2023-жылдын 9-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

Ар кандай маселелер;

 

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;  

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;  

“Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө”, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Изин суутпай издөө иши жөнүндө”, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

“Үй башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

“Электрондук соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

“Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төрага                                                                                    Н.Т. Шакиев