2016-жылдын 24-ноябры № 1127-VI Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу

28-11-2016 15:31

2016-жылдын 24-ноябры № 1127-VI

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт тууралуу

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу маалыматты угуп жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 489-токтомун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы бекитилсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

-камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын толук көлөмүндө жыйналышын жакшыртууга жетишсин;

-Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин кезектеги финансы жылына карата иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн реалдуу белгиленишин камсыз кылсын;

-Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык туруктуулугун чыңдоого багытталган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзам долбоорлорун өз мезгилинде демилгелесин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                      Н.К. Алимбеков



Көрүүлөрдүн саны : 961