Протокол № 24 30.11.2016-жыл

05-12-2016 16:50

 

 

 

 

24

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

 

2016-жылдын  30-ноябры                                              9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: О.М.Артыкбаев А.Б.Баатырбеков, (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.С.Токторовго берилген), К.Б.Орозова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ю.Карамушкинага берилген), Е.Г.Строкова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Акаевге берилген), А.С.Токторов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.К.Конушбаевге берилген), Э.Т.Токтошев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.К.Нышановго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

88  депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 30-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -60, каршы-жок, бардыгы 60 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ж.К.Турускулов, А.Л.Юсуров, төрагалык кылуучу.

 

Чечим кабыл алынды –«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2016-жылдын 24-ноябрында №1105-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорлордун демилгечиси-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2013-жылдын 27-сентябрындагы №529 токтому) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын макулдашылган варианттарын жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

2016-жылдын 30-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -69, каршы-1, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, К.К.Иманалиев, төрагалык кылуучу, депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаев.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” (2016-жылдын 30-сентябрындагы №517 токтому)  жана  “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 13-майындагы №248 токтому)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи окууда бир мезгилде кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -72, каршы-жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.А.Жумабеков, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаев.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” жана  “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 30-сентябрындагы №517 токтому жана 2016-жылдын 13-майындагы №248 токтому тиешелүүлүгүнө жараша)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат З.И.Жамалдинов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорлору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -67, каршы-жок, бардыгы 67 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары О.В.Горин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков, депутаттар З.И.Жамалдинов, Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын финнсы министри А.А.Касымалиев, депутат М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу, депутат Д.А.Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бажы кызматынын төрагасы  А.Т.Сулайманов, депутат Р.Ч.Момбеков, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Б.А.Шамкеев, депутат М.Ю.Абдылдаев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Т.М.Мамбетов, депутат Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиев, депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын эмгек  жана социалдык өнүгүү министри Т.Б.Исакунова, депутат Ж.К.Акаев,  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаев, депутаттар И.Ш.Өмүркулов, Т.А.Масабиров, А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана  илим министри Г.К.Кудайбердиева, депутат Б.Ж.Субанбеков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы З.Б.Осмонов, депутат А.К.Назаров, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Т.Зилалиев, депутат Т.К.Конушбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

88 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” жана  “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 30-сентябрындагы №517 токтому жана 2016-жылдын 13-майындагы №248 токтому тиешелүүлүгүнө жараша)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров.

 

Парламенттик фракциялардын лидерлеринин убактылары менен парламенттик фркциялардын өкүлдөрү сөз сүйлөө үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө депутат депутат М.И.Бакировдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -43, каршы-жок, бардыгы 43 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.И.Бакиров («Өнүгүү-Прогресс»), Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, Д.А.Жумабеков («Кыргызстан»), А.Ү.Жапаров («Бир Бол»).

 

 “Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаев, төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.И.Бакиров, Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиев,  депутаттар А.Ү.Жапаров, Д.Д.Бекешев, А.Ж.Салянова, А.К.Назаров, төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” (2016-жылдын 24-августундагы №457 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -60, каршы-3, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана  илим министри Г.К.Кудайбердиева, депутат Д.Б.Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы З.Б.Осмонов, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.Калилов, депутаттар А.Т.Абжалиев, Ж.К.Акаев, Д.А.Жумабеков, Кыргыз Республикасынын финнсы министри А.А.Касымалиев, депутаттар М.Г.Мадеминов, Б.К.Райымкулов, Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Т.М.Мамбетов, депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиев, депутаттар А.А.Арапбаев,  К.К.Иманалиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы М.Т.Мамбетжанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бажы кызматынын төрагасы  А.Т.Сулайманов.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

73 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” (2016-жылдын 24-августундагы №457 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Т.Зилалиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков, депутаттар М.И.Бакиров, А.Ж.Исмаилова, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиев,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары О.В.Горин, депутат З.И.Жамалдинов,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Р.Т.Каракулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Т.М.Мамбетов, депутат М.А.Исаков.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Жамангулов, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков, депутаттар К.Ш.Баймуратов, И.И.Матраимов, М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиев, депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бажы кызматынын төрагасы  А.Т.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары  К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Ж.Калилов, депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев,  депутат А.М.Эргешов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жеңиш.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков, депутат Ж.А.Мусабекова,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиева, депутат А.Алтынбеков,  Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К.А.Боронов,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Т.М.Мамбетов, депутаттар М.Ю.Абдылдаев, М.Э.Сабиров,  Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Т.Т.Казаков, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.К.Иманалиев («Ата Мекен»), М.И.Бакиров («Өнүгүү-Прогресс»), К.С.Бокоев («Республика-Ата-Журт»), М.А.Исаков (КСДП), У.К.Жылкыбаев (КСДП), Б.К.Райымкулов («Республика-Ата-Журт»), Т.З.Зулпукаров (КСДП), Т.А.Масабиров («Кыргызстан»), С.А.Айдаров («Кыргызстан»).

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

16 саат 15 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

69 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” (2016-жылдын 24-августундагы №457 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Мавлянова («Республика-Ата-Журт»), төрагалык кылуучу, депутаттар М.Ю.Абдылдаев («Бир Бол»), З.И.Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс»), М.Э.Сабиров («Республика-Ата-Журт»), К.Ж.Рыспаев (КСДП).

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2016-жылдын 24-ноябрында №1105-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорлордун демилгечиси-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2013-жылдын 27-сентябрындагы №529 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрында №1105-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорлордун демилгечиси-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2013-жылдын 27-сентябрындагы №529 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков.

 

6. 2016-жылдын 30-ноябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

106 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-жок бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -103, каршы-3, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -103, каршы-3, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Ю.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков.

 

“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -103, каршы-3, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -103, каршы-3, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2016-жылдын 24-ноябрында №1105-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2016-жылдын 24-ноябрында №1105-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-жок, бардыгы 106 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков, төрагалык кылуучу.

 

7. Депутаттар М.И.Бакиров, А.Ж.Акматов, С.К.Нышанов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу депутат М.И.Бакировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -75, каршы-жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 106 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

8. Депутаттар М.И.Бакиров, А.Ж.Акматов, С.К.Нышанов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат И.Ю.Карамушкина,  Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу  гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Р.С.Асанходжаев, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев,  депутат Д.А.Жумабеков, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу  гидрометеорология боюнча агенттиктин директору З.С.Итибаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары О.В.Горин, депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу”); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2016-жылдын 19-октябрындагы №557 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду” даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  (2016-жылдын 13-октябрындагы №547 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

          Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө КыргызРеспубликасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Н.М.Мурашев, депутат Э.Ж.Байбакпаев, төрагалык кылуучу.

 

          Каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -22, каршы-9, бардыгы 31 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                             Ч. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 3946