“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 29-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

29-12-2016 16:01

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары Т.Конушбаев, Н.Алимбеков, А.Шыкмаматов, К.Баймуратов, Д.Толонов, М.Мавлянова, Жунус уулу Алтынбек, Д.Аттокуров, Жунус  уулу  Адыл, Э.Токтошев, Б.Сыдыков, С.Жураев, У.Ормонов, К.Жумалиев, О.Артыкбаев, А.Сулайманов, Б.Субанбеков

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-91-83

Каттоо  № 6-28723/16      01.12.2016

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 291-статьяныны 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Эгерде менчиктин алгачкы ээси тарабынан сатып алуу-сатуу бүтүмүн жараксыз деп таануу жана сатып алуучуга өткөрүп берилген мүлктү кайтарып берүү жөнүндө доо берилсе жана аталган талаш-тартышты чечүүдө ак ниеттүү алуучуга берилүүчү талаптарга сатып алуучу жооп берсе, камакка алуу жана мүлктү кайтарып берүү жөнүндө доо арызды канааттандыруудан баш тартууга тийиш.

«Эгерде ушул мүлктү сатып алуу боюнча бүтүмдү түзгөн учурда, кыймылсыз мүлккө менчик укугу ажыратуучуга (сатуучуга ) катталбаса, же болбосо реестрде ушул кыймылсыз мүлк боюнча соттук талаш-тартыш жөнүндө жазуу (оорлотуу) болсо, анда алуучу (сатып алуучу) ак ниеттүү деп таанылышы мүмкүн эмес».

- 291-статьянын 3 жана 4-пункттары 4 жана 5-пункттар деп аталсын.

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Ушул Мыйзам долбоордун киргизүүнүн негизги максаты болуп, ак ниеттүү сатып алуучунун укуктарын адилеттүү түрдө коргоонун белгилениши саналат.

Белгилеп кетүү керек, ак ниеттүү сатып алуунун маселелери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 291-статьясы менен жөнгө салынат, анда мүлктү сатып алууда мүлктү берген адамдын аны ажыратууга укугу жок экендигин билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо ошол гана ак ниеттүү сатып алуучу саналат.

Ошентип, мыйзамдарда толугу менен алуучунун ак ниетсиздиги деген түшүнүк 2 белги менен ачылат: мүлккө өзүнүн укуктарынын мыйзамдуу эместигин (же өз аракетеринин мыйзамдуу эместигин) «билген эмес» же «билүүгө тийиш».

Өздөрүнүн талаптарын негиздөө үчүн аларга шилтеме кылуучу тарап аталган фактыларды далилдөөгө милдеттүү (мисалы, башка мыйзамсыз ээликтен өз мүлкүн алууну талап кылган менчик ээси кылат). Эгерде 1- белги «билген» болсо, - анда далил кылуу абдан татаал болот, бирок практика көрсөткөндөй, көп учурда далилдөөгө мүмкүн, ал эми 2-белги «билүүгө тийиш» болсо, кызыкдар адамдарда далилдөөдө кыйынчылыктар жокко тете. Кандай гана критерийлер болобсун колдонууга болот, ал боюнча нормалдуу жагдайда болгон кадимки эле субъект анын иш жүзүндөгү көз караштан карап, бүтүмгө баа бериши тийиш. Ошентип, «шектүү» шарттар деп мүлктү (төмөнкү баа менен) берилген баа, бүтүмдү жасаган жагдай, түзүлгөн жер, убакыт (көчөдө, колдон колго, түничинде) ж.б. саналат. Билимдүүлүгүнүн деӊгээли тууралуу тыянак чыгарууда дагы бир негиздеме бар - бул ошондой эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актылардын бар болгону, - алар жасалган бүтүмдөрдү толугу менен же бөлүгүндө жараксыз кылат.

Ошол эле учурда, адилеттүү деп төмөнкүдөй көз карашты таануу зарыл, ал нотариладык ырастоого жана/же мамлекеттик каттоого жаткан бүтүмдөр боюнча менчик ээси алуучунун ак ниетсиздигин далилдөө үчүн «билүүгө тиийш» деген белгини пайдаланууга укуксуз, анткени, мындай жагдайда нотариустар жана Мамлекеттик каттоонун адистери укуктарды каттоодо документтерге жана жасалган бүтүмдүн мыйзамдуулугуна укуктук экспертизаны жүргүзүүгө миледттүү.

Эгерде бүтүм катталган болсо, алуучунун ак ниетсиздиги алып салынат, анткени, бул кызматтык милдеттери болгон кесипкөй юрист муну аткара албаса, катардагы жарандык жүгүртүүнүн катышуучусунан ажыратуучуунун ыйгарым укуктарын текшерүүнү талап кылууга болбойт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Граждандык кодекстин 291-статьясын жаӊы 3-пункт менен толуктоону сунуш кылабыз, анткени бүгүнкү

күнгө чейин сатып алуучунун мыйзам түрүндө, башка жалпы түрүндө болбосо, (билген эмес жана билүүгө тийиш эмес) бекитилген эмес, анын натыйжасында соттун кандай гана тыянагы болбосун аны талаш-тартыш түрүндө кайра кароого мүмкүн.

Сунушталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы начарлатуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Аталаган мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларга ылайык келет, юридикалык техниканын талаптарына ылайык даярдалган.

Коомдук талкууну камсыз кылуу максатында жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу максатында аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий сайтында жайгаштырылган.

 

КР Жогорку Кеңешинин депутаттары                                 Т.Конушбаев

Н.Алимбеков

А.Шыкмаматов

К.Баймуратов

Д.Толонов

М.Мавлянова

Жунус уулу Алтынбек

Д.Аттокуров

Жунус уулу Адыл

Э.Токтошев

Б.Сыдыков

С.Жураев

У.Ормонов

К.Жумалиев

О.Артыкбаев

А.Сулайманов

Б.Субанбеков

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ

 

Колдонуудагы редакциясы

Сунушталуучу редакциясы

291-статья. Ак ниеттүү алуучу

1. Эгерде мүлк аны бирөөгө сатууга же берүүгө укугу жок жактан акы төлөө менен алынса, бул жөнүндө сатып алуучу билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо (ак ниеттүү сатып алуучу болсо), алгачкы менчик ээси алуучудан бул мүлктү менчик ээси же ал ээлик кылууга берген жак жоготуп койгон, же болбосо экөөнүн биринен уурдалып кеткен, же болбосо алардын эркинен тышкары алардын ээлигинен башка жолдор менен чыгарылып кеткен учурларда гана бул мүлктү талап кылууга укуктуу.

2. Ак ниеттүү алуучу акы төлөнгөн бүтүм боюнча алган мүлк алгачкы менчик ээсинин же ал ээлик кылууга берген жактын ээлигинен ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген негиздер боюнча чыккандыгы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталмайынча ак ниеттүү сатып алуучу мүлктүн менчик ээси болуп саналат.

Мүлктүн алгачкы менчик ээсинин аны ак ниеттүү алуучудан кайра берүүнү талап кылуу үчүн негиздери жок болгон учурларда, мындай алгачкы менчик ээси өзүнө келген зыянды ушул мүлктү укукка сыйбаган жол менен башка бирөөгө берген жактан төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Мүлктү башка бирөөгө берүүгө укугу жок жактан мүлктү акы төлөбөстөн алган жак акниеттүү сатып алуучу болуп эсептелбейт.

4.Алуучу жакка арналган акчаларды, ошондой эле баалуу кагаздарды ак ниеттүү алуучудан кандай гана шартта болбосун кайра берүү талабы коюлбайт

 

291-статья. Ак ниеттүү алуучу

1. Эгерде мүлк аны бирөөгө сатууга же берүүгө укугу жок жактан акы төлөө менен алынса, бул жөнүндө сатып алуучу билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо (ак ниеттүү сатып алуучу болсо), алгачкы менчик ээси алуучудан бул мүлктү менчик ээси же ал ээлик кылууга берген жак жоготуп койгон, же болбосо экөөнүн биринен уурдалып кеткен, же болбосо алардын эркинен тышкары алардын ээлигинен башка жолдор менен чыгарылып кеткен учурларда гана бул мүлктү талап кылууга укуктуу.

2. Ак ниеттүү алуучу акы төлөнгөн бүтүм боюнча алган мүлк алгачкы менчик ээсинин же ал ээлик кылууга берген жактын ээлигинен ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген негиздер боюнча чыккандыгы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталмайынча ак ниеттүү сатып алуучу мүлктүн менчик ээси болуп саналат.

Мүлктүн алгачкы менчик ээсинин аны ак ниеттүү алуучудан кайра берүүнү талап кылуу үчүн негиздери жок болгон учурларда, мындай алгачкы менчик ээси өзүнө келген зыянды ушул мүлктү укукка сыйбаган жол менен башка бирөөгө берген жактан төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Эгерде менчиктин алгачкы ээси тарабынан сатып алуу-сатуу бүтүмүн жараксыз деп таануу жана сатып алуучуга өткөрүп берилген мүлктү кайтарып берүү жөнүндө доо берилсе жана аталган талаш-тартышты чечүүдө ак ниеттүү алуучуга берилүүчү талаптарга сатып алуучу жооп берсе, камакка алуу жана мүлктү кайтарып берүү жөнүндө доо арызды канааттандыруудан баш тартууга тийиш.

Эгерде ушул мүлктү сатып алуу боюнча бүтүмдү түзгөн учурда, кыймылсыз мүлккө менчик укугу ажыратуучуга (сатуучуга ) катталбаса, же болбосо реестрде ушул кыймылсыз мүлк боюнча соттук талаш-тартыш жөнүндө жазуу (оорлотуу)  болсо, анда алуучу (сатып алуучу) ак ниеттүү деп таанылышы мүмкүн эмес.

4. Мүлктү башка бирөөгө берүүгө укугу жок жактан мүлктү акы төлөбөстөн алган жак ак ниеттүү сатып алуучу болуп эсептелбейт.

5. Алуучу жакка арналган акчаларды, ошондой эле баалуу кагаздарды ак ниеттүү алуучудан кандай гана шартта болбосун кайра берүү талабы коюлбайт

 

 

 

 

 

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 2820