2016-жылдын 14-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору (жаныртылды)

09-12-2016 15:53

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Долбоор

 

2016-жылдын 14-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби

 

1. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Жеенчороев М.К., Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А., Өмүркулов И.Ш., Аманкулов М.А., Алтынбеков А., Акматов А.Ж., Бакиров М.И., Жунус уулу А., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Масабиров Т.А., Никитенко Н.В., Сыдыков Б.Ү., Султанбекова Ч.А., Строкова Е.Г., Чолпонбаев У.С., Жамангулов А.Ж., Исаева Д.Ш., Байбакпаев Э.Ж.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

2. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Узакбаев А.О., Бакиров М.И., Зулпукаров Т.З., Бокоев К.С.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Никитенко Н.В., Бекешев Д.Д.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)

4. “Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 477 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)

5. “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 22.07.15теги № 518 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

6. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер - депутаттар Бокоев К.С., Никитенко Н.В., Кыдыралиев У.Т.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

7. “Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 02.08.16дагы № 425 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет) 

8. “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 26.05.16дагы № 277 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

9. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.06.16дагы № 306 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

10. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.01.16дагы № 39 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет)

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Икрамов Т.И., Никитенко Н.В., Өмүрбекова А.С., Строкова Е.Г., Иманалиев К.К., Шыкмаматов А.Н.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2016-жылдын 5-октябрындагы № 940-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 24.06.15теги № 405 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)



Көрүүлөрдүн саны : 3341