2016-жылдын 14-декабры № 1157-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2016-жылдын 14-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

19-12-2016 13:56

2016-жылдын 14-декабры № 1157-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2016-жылдын 14-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кароого киргизилген маселелер:

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 5-октябрындагы № 940-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгылган “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;

“2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордун жана Кыргыз Республикасынын референдумунун техникалык аспектилери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматтары тууралуу.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 1246