Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 12-январынан тартып коомдук талкууга коюлат

12-01-2017
13:57

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаты А.Жапаров, Б.Субанбеков, А.Шадиев, Ч.Джакупова, И.Пирматов, У.Ормонов, А.Акматов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: 0312  63-89- 57

Каттоо  № 6-567/17             11.01.17

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене

Кыргыз Республикасынын «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, ст. 100):

  1. VI бөлүм төмөнкү мазмундагы 29 – 1 статья менен толукталсын:

«29-1 статья. Бала төрөлгөндө бир жолку акчалай компенсация

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган адамдарга бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгына байланыштуу баланы багуу үчүн чыгымдарды кайтаруу үчүн ар бир бала төрөлгөндө (баланы алты айлык кезине чейин асырап алганда) бир жолку акчалай компенсация белгиленет. Бир жолку акчалай компенсация алууга укукбала төрөлгөндө (асырап алганда) жаралат жана бала төрөлгөн күндөн алты ай өткөндөн кийин токтойт.

Ушул статьяда туруктуу жашаган жери деп каттоо эсеби органдарынын каттоо белгиси менен граждандын паспортунда (ID карта) тастыкталган, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарында граждандын жашашын түшүнүү зарыл, анын тизмеги ушул мыйзамдын 2-статьясына ылайык бекитилет.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган  баланын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган адамдар (ата-энелер, асырап алгандар, камкорчу) бала төрөлгөн (асырап алган) алган учурдан тартып ал алты айлык кезине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган адам анын багуусунда бала бар болсо, эгер мурда баланын мыйзамдуу өкүлдөрү конкреттүү баланы багуу боюнча бир жолку акчалай компенсацияны албаган жана кайрылбаган болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга  бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Бала адамдын багуусунда тургандыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү сот актысын берүү менен тастыкталат.

Бир жолку акчалай компенсация бала алты айлык кезине жеткичекти бирок жети айдан кеч эмес, эгер сот тартибинде ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган болсо, баланын ата-энесинин бирөөсүнө, асырап алуучуга (камкорчуга) же бала анын багуусунда турган адамга берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бала бир жолку компенсация алып жаткан адамдар менен чогуу жашап жаткандыгын текшерүүгө милдеттүү.

Бир жолку акчалай компенсация бала өлүк төрөлгөн учурларда, мамлекеттик же үй бүлөлүк балдар үйүндө, башка балдар мекемелеринде жашаган балдар үчүн белгиленбейт, ошондой эле бала өлүп калса жокко чыгарылат. Бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укугу бар адамдар төлөө учурунда Кыргыз Республикасынын граждандыгынан ажыратылган же айрылган учурларда бир жолку акчалай компенсация белгиленбейт, ошондой эле төлөө учурунда бийик тоолуу жана алыскы зоналарга кирбеген туруктуу жашаган жерин өзгөрткөндө жокко чыгарылат.

Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү бала төрөлгөндө жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө белгиленет.

Бала төрөлгөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу жана бир жолку акчалай компенсация төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».

 

2-берене

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

маалымкат-негиздеме

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарындагы калктуу конуштарында жашаган үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоордун концепциясына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган адамдарга бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгына байланыштуу баланы багуу үчүн чыгымдарды кайтаруу үчүн бала төрөлгөндө (баланы алты айлык кезине чейин асырап алганда) бир жолку акчалай компенсация төлөө сунушталып жатат.

Бир жолку акчалай компенсация алууга укук  бала төрөлгөндө (асырап алганда) жаралат жана бала төрөлгөн күндөн алты ай өткөндөн кийин токтойт. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган ата-энелер, асырап алгандар, камкорчулар, бала анын багуусунда турган адамдар бала төрөлгөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн адамдар бала төрөлгөн учурдан тартып, ал алты  айлык болгончокту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алышат.

Бир жолку акчалай компенсация бала алты айлык кезине жеткичекти бирок жети айдан кеч эмес, эгер сот тартибинде ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган болсо, баланын ата-энесинин бирөөсүнө, асырап алуучуга (камкорчуга) же бала анын багуусунда турган адамга берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бала бир жолку компенсация алып жаткан адамдар менен чогуу жашап жаткандыгын текшерүүгө милдеттүү. Бул  чара бөлүнүүчү акча каражаттары чынында эле баланын мыйзамдуу өкүлдөрү алаарына жана  баланы багууга коротулушуна ынануу максатында зарыл. Өкмөттүн жоболору менен ченемдер кабыл алынышы мүмкүн, аларга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бала компенсация алып жаткан адамдар менен чогуу жашап жаткандыгын комиссия түрүндө текшерүү жүргүзүшү мүмкүн.

Ошондой эле компенсация төлөнбөй турган ченемдер да киргизилип жатат, тагыраак айтканда, бала өлүк төрөлгөн учурларда, мамлекеттик же үй бүлөлүк балдар үйүндө, башка балдар мекемелеринде жашаган балдар үчүн белгиленбейт, ошондой эле бала өлүп калса жокко чыгарылат. Бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укугу бар адамдар төлөө учурунда Кыргыз Республикасынын граждандыгынан ажыратылган же айрылган учурларда бир жолку акчалай компенсация белгиленбейт, ошондой эле төлөө баланын мыйзамдуу өкүлдөрү бийик тоолуу шарттарда туруктуу  жашабай калганда (жашаган жерин өзгөрткөндө) жокко чыгарылат.

Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү бала төрөлгөндө жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (10 000 сом) белгилөө сунушталып жатат.

Бул мыйзам долбоорун киргизүү жалпысынан республика боюнча социалдык-экономикалык абалдын начарлашынан жана бийик тоолуу шарттарда жашаган үй бүлөлөргө бала төрөлгөндө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгынан улам келип чыкты. Бийик тоолуу шарттарда жашоонун катаал табигый-климаттык шарттарын, жумушсуздукту жана тоолуу райондордон миграциянын деңгээлин эске алуу менен бир жолку акчалай компенсация төлөө сунушталып жатат. Мыйзам долбоордо бала алты ай болгондо компенсация төлөө сунушталып жатат. Себеби ушул кезден тартып көпчүлүк учурда балага витаминдештирилген кошумча азык берүү талап кылынат, ошондой эле аны багууга байланышкан башка чыгымдарды төлөө керек. Мындан тышкары, бала төрөлгөн учурдан тартып, алты айлык жашка чыкканга чейинки мезгилде тийиштүү документтерди жол-жоболоштуруу жана аларды мамлекеттик органга берүү зарыл.

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык мамлекеттик көрсөтүлгөн Мыйзамдагы гарантияларга жана компенсацияларга чыгымдардын ордун толтуруу  булагы болуп республикалык бюджет саналат деп белгиленген. КР Салык кодексине ылайык мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү компенсацияларга, социалдык төлөмдөргө киреше салыгы салынбайт.

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан калк жашаган пункттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Бирок мындай Тизме ЧУАнын маалыматтар базасында жок, бирок колдонуудагы эки Тизме бар. КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 11-декабрындагы З N 579-1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жайгашкан калктуу конуштарынын Тизмеси жана КР ЖК 2007-жылдын 2-апрелиндеги №1767-III токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги бар.

Ушул Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, республикалык бюджеттен болжолдуу чыгашаларды эсептөө үчүн негиз катарында КР ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 11-декабрындагы З N 579-1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жайгашкан калктуу конуштарынын Тизмеси алынды.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын зоналарда 1 217,0 миңдей адам жашайт, бүткүл республика боюнча төрөлүүнүн коэффициенти 1000 адамга жылына 27,4 баланы түзөрүн эске алуу менен  көрсөтүлгөн зоналарда жылына төрөлгөн баланын саны 33 000 жакын баланы түзөт (туруктуу жашаган калктын 1000не тийиштүү жыныстагы жана курактык тобундагы бир жашка чейинки каза болгондордун   саны жылына 18 баланы түзөт, УСК 2015-жыл үчүн маалыматы).

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жылына 33,0 миң бала жарык дүйнөгө келип жаткандыгын эске алсак, анда бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн республикалык бюджеттен ар жыл сайынкы сумма жылына 330,0 млн сомду түзүшү мүмкүн.  Мыйзам долбоор кабыл алынып калса, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргизүү үчүн Өкмөт өлкөнүн бийик тоолуу, алыскы барууга кыйын зоналарында төрөлүү  боюнча маалыматтарды (балдардын 6 айлык кезине чейинки өлүмүн алып салуу менен) такташы керек.

Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу коомчулук үчүн кыйыр пайда жана балдардын укуктарын коргоодо артыкчылыктарды алып келет, себеби сунушталуучу шарттар жана компенсация төлөө тартиби граждандарга баланын документтерин иретке келтирүүгө, алардын балага болгон мамилесин тартиптештирүүгө демилге болот, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган үчүн көпчүлүк ата-энелер балдарын туугандарынын же башка адамдардын багуусуна калтырып, иштеп табууга таштап кетишерин эске алуу менен, баланын үй бүлөдөгү абалын натыйжалуу аныктоого,  балдардын абалдары боюнча тийиштүү эсепти жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ушул Мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан республикалык бюджеттен каржылоо булагы аныкталгандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.

Мыйзам долбоор “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына  жайгаштырылган, сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.

Мыйзам долбоор ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбайт, ошого байланыштуу жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүү талап кылынбайт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кароого киргизилип жатат.

 

Депутаттар:

 

 

 

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

салыштырма-таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

«Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Статья жок

 

 

29-1 статья. Бала төрөлгөндө бир жолку акчалай компенсация

 

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган адамдарга бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгына байланыштуу баланы багуу үчүн чыгымдарды кайтаруу үчүн ар бир бала төрөлгөндө (баланы алты айлык кезине чейин асырап алганда) бир жолку акчалай компенсация белгиленет. Бир жолку акчалай компенсация алууга укукбала төрөлгөндө (асырап алганда) жаралат жана бала төрөлгөн күндөн алты ай өткөндөн кийин токтойт.

Ушул статьяда туруктуу жашаган жери деп каттоо эсеби органдарынын каттоо белгиси менен граждандын паспортунда (ID карта) тастыкталган, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарында граждандын жашашын түшүнүү зарыл, анын тизмеги ушул мыйзамдын 2-статьясына ылайык бекитилет.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган  баланын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган адамдар (ата-энелер, асырап алгандар, камкорчу) бала төрөлгөн (асырап алган) алган учурдан тартып ал алты айлык кезине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган адам анын багуусунда бала бар болсо, эгер мурда баланын мыйзамдуу өкүлдөрү конкреттүү баланы багуу боюнча бир жолку акчалай компенсацияны албаган жана кайрылбаган болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга  бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Бала адамдын багуусунда тургандыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү сот актысын берүү менен тастыкталат.

Бир жолку акчалай компенсация бала алты айлык кезине жеткичекти бирок жети айдан кеч эмес эгер сот тартибинде ата-энелик укуктарынан ажыратылбаган болсо, баланын ата-энесинин бирөөсүнө, асырап алуучуга (камкорчуга) же бала анын багуусунда турган адамга берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бала бир жолку компенсация алып жаткан адамдар менен чогуу жашап жаткандыгын текшерүүгө милдеттүү.

Бир жолку акчалай компенсация бала өлүк төрөлгөн учурларда, мамлекеттик же үй бүлөлүк балдар үйүндө, башка балдар мекемелеринде жашаган балдар үчүн белгиленбейт, ошондой эле бала өлүп калса жокко чыгарылат. Бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укугу бар адамдар төлөө учурунда Кыргыз Республикасынын граждандыгынан ажыратылган же айрылган учурларда бир жолку акчалай компенсация белгиленбейт, ошондой эле төлөө учурунда бийик тоолуу жана алыскы зоналарга кирбеген туруктуу жашаган жерин өзгөрткөндө жокко чыгарылат.

Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү бала төрөлгөндө жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө белгиленет.

Бала төрөлгөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу жана бир жолку акчалай компенсация төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.