2016-жылдын 29-декабры № 1231-VI “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

09-01-2017 12:14

2016-жылдын 29-декабры № 1231-VI

“Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, А.Т. Алтыбаева, М.К. Жеенчороев, У.Т. Кыдыралиев, Д.А. Жумабеков, Т.Б. Исакунова, М.И. Бакиров, А. Жунус уулу, А.Ж. Акматов жана А.Н. Шыкмаматов демилгелеген “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору Ө.Т. Бабанов башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бириктирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен бириктирилген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 958