2017-жылдын 26-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору (жаныртылды)

20-01-2017 16:50

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Долбоор

2017-жылдын 26-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби

“Өкмөттүк күн”:

“Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына мурда тиешелүү болгон ижарага алынган жана менчиктештирилген жер участокторунун жана орун жайларынын абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы № 3921-V токтомунун аткарылышы тууралуу;

Кыргыз Республикасынын билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон ижарага алынган жана менчиктештирилген жер участокторунун жана орун жайларынын абалы жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун ишин иликтөө жана республиканын онкология жана гематология кызматтарын бириктирүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)



Көрүүлөрдүн саны : 3034