Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 12-январы № 1242-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 12-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

18-01-2017
13:39

2017-жылдын 12-январы № 1242-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 12-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 12-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

Кароого киргизилген маселелер:

 

Ар кандай;

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

Калкты көмүр менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу;

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдеринин аткарылышын камсыз кылуу тууралуу (жергиликтүү кеңештердин депутаттарына ырастамаларды жана төш белгилерин тапшыруу маселеси боюнча) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Н.К.Шайлдабекованын маалыматы тууралуу;

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков