2017-жылдын 25-январында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

25-01-2017 17:23

 

 

1. “2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.07.14төгү № 399 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 26.09.16дагы № 509 токтом) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.12.16дагы № 663 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.11.16дагы № 636 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.15теги № 251 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.10.14төгү № 601 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

7. “Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.12.14төгү № 698 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

8. “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Аманкулов М.А., Сурабалдиева Э.Ж., Кулбараков А.И., Нурбаев А.М., Арапбаев А.А.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

9. Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоору (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 16.08.16дагы № 443 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.06.16дагы № 305 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

12. “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.04.16дагы № 219 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

13. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Ормонов У.З., Нышанов С.К., Бокоев К.С., Турсунбаев А.А., Исаков М.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 2881