Протокол № 34 18.01.2017-жыл

26-01-2017 17:28

 

 

 

 

                                                                       34

 

                                                                                                                               

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

2017-жылдын 18-январы                                                          9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                                         Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

                                                                                            Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Ж.Акматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Ж.Субанбековго берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

78 депутат катталды.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Депутаттар эларалык “Манас” аэропортуна жакын жердеги “Дача-Суу” айылында 2017-жылдын 16-январында болуп өткөн авиакатастрофанын натыйжасында курман болгондорду бир минута эскеришти.

 

         2017-жылдын 18-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 93, каршы - жок, бардыгы 93 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.К.Исаев, А.Ж.Салянова, У.З.Ормонов, У.Б.Примов, О.Т.Бабанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, төрагалык кылуучу.

Чечим кабыл алынды: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 12-декабрындагы №663 токтом) “2016-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 29-ноябрындагы №636 токтом) “2017-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун биринчи окууда; эларалык “Ош” аэропортундагы 2016-жылдын 11-13-декабрындагы түзүлгөн кырдаал жана жүргүнчүлөрдү толук тейлөө боюнча иштин абалы жөнүндө маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу”, “Мурда К.Бакиевдин айланасындагыларга (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев) таандык болгон объекттерди сатуу менен байланышкан бүтүмдөргө тиешелүү фактыларды иликтөө маселеси боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө”, Чүй областынын Сокулук районундагы Дача-Суу айылында 2017-жылдын 16-январында жүк ташуучу “Боинг-747” самолету аркылуу болуп өткөн авиакатастрофа жөнүндө” маселелерди жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

2017-жылдын 18-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - 1, бардыгы 99 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 2-сентябрындагы №477 токтом) “Электрдик жана почталык байланыш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.А.Аманкуловдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Э.А.Аматов, депутаттар О.М.Артыкбаев, У.К.Жылкыбаев, О.Ч.Текебаев, Ж.К.Турускулов, И.Ш.Омуркулов, Д.Д.Бекешев, М.К.Жеенчороев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.А.Аманкуловдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 14-октябрындагы №556 токтом) “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар О.М.Артыкбаев, Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматынын төрагасынын орун басары К.Б.Исаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директору А.М.Мусаев, депутаттар М.Э.Сабиров, К.К.Иманалиев, Т.А.Масабиров, У.К.Жылкыбаев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 13-октябрындагы №545 токтом) “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Э.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутат А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасынын орун басары Р.Т.Каракулов, депутаттар О.М.Артыкбаев, Э.Дж.Байбакпаев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Р.М.Туманбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар А.Ж.Салянова, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутаттар М.Э.Сабиров, Б.Ж.Субанбеков.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлык укугун алган (депутат Д.А.Джумабековдун укугу кошулган) төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                             11 саат 15 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

99 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 13-октябрындагы №545 токтом) “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директору К.Т.Жумаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасынын орун басары Р.Т.Каракулов, депутаттар Т.У.Шайназаров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаров.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутат А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу.

 

Чүй областынын Сокулук районунун Дача-Суу айылында 2017-жылдын 16-январында “Боинг-747” жүк ташуучу самолетунда болуп өткөн авиакатастрофа жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибинен чыгаруу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 80, каршы - жок, бардыгы 80 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, төрагалык кылуучу.

        

         5. Депутаттар М.И.Бакиров, А.Ж.Акматов, С.К.Нышанов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, Э.Дж.Байбакпаев, К.Б.Орозова, Т.А.Масабиров, А.Т.Алтыбаева, А.С.Омурбекова, З.И.Жамалдинов,Т.И.Икрамов.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Т.И.Икрамовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 73, каршы - 2, бардыгы 75 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакиров, М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин директорунун орун басары К.А.Байтилешов, депутат Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу, депутат А.Ж.Салянова.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Депутаттар Жунус уулу Алтынбек, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин директорунун орун басары К.А.Байтилешов, депутат Жунус уулу Алтынбек – мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, К.Дж.Рыспаев, П.Р.Тулендыбаев, М.Э.Сабиров демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин өкүлү Э.Дж.Байбакпаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.Ю.Карамушкина, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКынын башкарма мүчөсү – башкармалыктын төрагасынын орун басары Н.М.Садыков, депутат А.У.Жапаров.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин өкүлү Э.Дж.Байбакпаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

            15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                                               14 саат 05 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

99 депутат катталды.

        

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 7-майындагы №233 токтом) “Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Маданият жөнүндө”, “Китепканалык иш жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Т.Т.Казаков, депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутаттар А.Н.Шыкмаматов, А.У.Жапаров, К.С.Нурматов, төрагалык кылуучу, депутаттар О.М.Артыкбаев, А.Т.Алтыбаева.

        

         Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 27-апрелиндеги №219токтом) “Электрдик жана почталык байланыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Э.А.Аматовдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Н.Шыкмаматов, А.С.Омурбеков, А.М.Эргешов.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Б.И.Сулеймановдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 75, каршы - 2, бардыгы 77 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар У.Б.Примов, Д.Д.Бекешов.

        

         Чүй областынын Сокулук районундагы Дача-Суу айылында 2017-жылдын 16-январында болуп өткөн авиакатастрофанын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын үч күндүк эмгек акысын которуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 69, каршы - 24, бардыгы 93 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар У.Б.Примов, Д.Д.Бекешов.

        

         Чүй областынын Сокулук районундагы Дача-Суу айылында 2017-жылдын 16-январында болуп өткөн авиакатастрофанын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын үч күндүк эмгек акысын которуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 108, каршы - 1, бардыгы 109 депутат добуш берди.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү. Депутат А.У.Жапаров, төрагалык кылуучу, депутат Б.К.Райымкулов.

        

         10. 2017-жылдын 18-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         118 депутат катталды.

        

         “Электрдик жана почталык байланыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 118, каршы - жок, бардыгы 118 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

         “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 118, каршы - жок, бардыгы 118 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

                    

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 117, каршы - 1, бардыгы 118 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 76, каршы - 41, бардыгы 117 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 63, каршы - 54, бардыгы 117 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 59, каршы - 58, бардыгы 117 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 57, каршы - 61, бардыгы 118 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 98, каршы - 19, бардыгы 117 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 96, каршы - 22, бардыгы 118 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө  кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - 6, бардыгы 118 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

         “Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу менен байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Маданият жөнүндө”, “Китепканалык иш жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 118, каршы - жок, бардыгы 118 депутат добуш берди, 118 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

         11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 12-декабрындагы №663 токтом) “2016-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Пирматов.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутаттар А.К.Назаровдун, Р.Ч.Момбековдун, А.А.Турсунбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 79, каршы - жок, бардыгы 79 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Нурматов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутаттар К.Б.Орозова, М.А.Исаков.

        

         15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

        

                                                         16 саат 20 мүнөт

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

        

         99 депутат катталды.

        

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 12-декабрындагы №663 токтом) “2016-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кароо улантылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутаттар А.У.Жапаров, М.И.Бакиров, А.К.Назаров, Д.Д.Бекешев.

        

         Мындан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Пирматов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, төрагалык кылуучу.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         12). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 29-ноябрындагы №636 токтом) “2017-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, А.Т.Алтыбаева, Э.Ж.Сурабалдиева, А.Алтынбеков.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         13. 2016-жылдын 11-13-декабрында эларалык “Ош” аэропортунда түзүлгөн кырдаал жана жүргүнчүлөрдү толугу менен тейлөө боюнча иштин абалы жөнүндө” маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу маселени кароо.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.А.Аманкуловдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу, депутат Т.У.Шайназаров.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу убактылуу депутаттык комиссиянын курамы жөнүндө: С.М.Джураев, А.Т.Алтыбаева, И.И.Матраимов, Р.Ч.Момбеков – КСДП парламенттик фракциясынан, К.Ш.Баймуратов, А.Т.Абжалиев, К.Т.Зулушев – “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан, Д.Э.Толонов, С.А.Айдаров – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, З.И.Жамалдинов – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан, И.А.Пирматов – “Бир бол” парламенттик фракциясынан, Э.Т.Токтошев – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.

        

         Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен 2016-жылдын 11-13-декабрында эларалык “Ош” аэропортунда түзүлгөн кырдаал жана жүргүнчүлөрдү толугу менен тейлөө боюнча иштин абалы жөнүндө маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 78, каршы - жок, бардыгы 78 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         14. Мурда К.Бакиевдин айланасындагыларга (М.Бакиевге, А.Ширшовго, А.Елисеевге) таандык болгон объекттерди сатуу менен байланышкан бүтүмдөрдүн фактыларына тиешелүү маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” маселени кароо.

        

         Маселенин демилгечиси – депутат К.К.Исаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.У.Шайназаров, У.Б.Примов, А.У.Жапаров, М.К. Жеенчороев, А.С.Кодуранова.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу убактылуу депутаттык комиссиянын курамы жөнүндө: М.А.Айнакулов, М.А.Исаков, И.Ю.Карамушкина, А.Э.Самигуллина – КСДП парламенттик фракциясынан, К.С.Бокоев, К.Т.Зулушев, А.Ж.Жамангулов, – “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан, К.К.Исаев, А.М.Эргешов – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан, А.Л.Юсуров – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан, Б.Ж.Субанбеков – “Бир бол” парламенттик фракциясынан, А.Н.Шыкмаматов – “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан.

        

         “Мурда М.Бакиевге тиешелүү болгон, Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы көчөнүн 45-45 “А” дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1, 28 га жер участогун, ошондой эле К.Бакиевдин айланасындагыларга таандык болгон дагы башка объекттерди сатуу фактысына тиешелүү маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 80, каршы - жок, бардыгы 80 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

Төрага                                                                                                 Ч.А.Турсунбеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 2047