Демилгечилер: Жогорку Кенештин депутаттары А.Юсуров, К.Жолдошбаев, М.Бакиров, Н.Макеев, Д.Бекешев, А.Сурабалдиева, П.Тулендыбаев, К.Нурматов
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-86-48
Каттоо № 6-1769/17 25.01.2017
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
125-берененин 3-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыймылсыз мүлктү, автотранспорт каражаттарын, тракторлорду, өзү жүрүүчү машиналарды жана/же механизмдерди каттоону ишке ашырган органдар каттоодо/кайра каттоодо, маалымкат берүүдө жана техникалык кароодон өткөрүүдө ошол мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу мезгилинде жергиликтүү салыктар боюнча салык карыздары жок экендиги тууралуу салык кызматынын органдары тарабынан берилген маалымкатты талап кылууга милдеттүү.
126-берененин 2 пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты салык кызматынын органынын тийиштүү чечиминин негизинде берүүгө”.
128-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
“3) Кыргыз Республикасында салык карызы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө.”;
- төмөндөгүдөй мазмундагы 132-1-берене менен толукталсын:
“132-1-берене. Салык кызматы органдарынын салык боюнча карызы бар экендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыгууга убактылуу чектөө коюлган жарандар жөнүндө алардан маалыматтарды алуу менен тышкы миграция жаатындагы көзөмөлдү ишке ашырган органдар менен өз ара аракети.”.
2-берене. “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
18-берененин 2-бөлүгүндөгү “каттоо органынын кызматы үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция” деген сөздөрдөн кийин “кыймылсыз мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу мезгилинде салыктык карыздары жок экендиги тууралуу салык кызматынын органдары тарабынан берилген маалымкат” деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык – уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.,) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
18-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
“6) салык карыздары жок экендиги тууралуу салык кызматынын органдары тарабынан берилген маалымкатты”.
4-берене. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 46-берененин биринчи абзацы төмөндөгүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
“10) эгерде арыз ээси салыктарды төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарбаса, - ошол милдеттерди аткарганга чейин.”;
- 52-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
“Салык карызы бар Кыргыз Республикасынын жараны ошол салык карызын жойгонго чейин кызматтык иш сапары боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен чыга албайт.”;
- 53-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
“Салык карызы бар Кыргыз Республикасынын жараны ошол салык карызын жойгонго чейин жеке иштери боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен чыга албайт.”;
5-берене. “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 15-берененин үчүнчү абзацы “, салык карыздары бар эмгекчилерди – мигранттарды кошпогондо.” деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-берене тогузунчу абзацтан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасында салык боюнча карызы жок тууралуу.”;
6-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 391-1-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“Тышкы миграция жаатында көзөмөлдү ишке ашырган органдардын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын жарандарынын республикадан тышкары чыгуу тартибин бузушу, б.а. салык карызы бар жарандардын чыгуусуна жол бериши – ондон жыйырма эсептик көрсөткүчкө чейин административдик айып салууга алып келет.”.
- 535-статьянын биринчи абзацындагы “346,” деген цифрадан кийин “391-1-статьянын 3-бөлүгүндө,” деген сөздөр менен толукталсын.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору салык төлөөдөн баш тарткан адамдардын салык боюнча карыздарын муктаждап өндүрүп алуу чаралары, төлөбөгөндөрдүн санын кыскартуу жана жеринде, ар бирине текшерүүнүн жүрүшүндө кошумча чегерилген салыктарды өндүрүү боюнча салыктык карыздарды кыскартуу жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында иштелип чыккан.
Азыркы учурда ашынган салык төлөбөөчүлөр болуп саналган субъекттердин ишине бөгөт коюу боюнча колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылчылыгы жаралды, атап айтканда:
- акча каражаттарынын эсебиндеги кыймылдар жөнүндө маалыматтарды салык төлөөчүнүн салыктык жактан текшерүүдө МСК берген маалымат боюнча коммерциялык банктарга талап коюу;
- мүлктүк бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, лицензияларды алууга же болбосо кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө, өлкөдөн чыгууга уруксат алууга жетекчиге-ашынган салык төлөбөөчү болуп саналган адамдарга карата тыюу салуу жана тыюу салуунун башка түрлөрү.
Талап кылынган маалыматтарды берүүгө байланыштуу коммерциялык банктарга коюлуучу талаптар текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептеринен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды, ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты негизинде гана эмес, ошондой эле салык кызматы органынын тийиштүү чечиминин негизинде салык органдарынын суроо-талаптары боюнча маалыматтарды да берүүгө банктарды милдеттендирүү сунуш кылынат.
Мындай норманы киргизүүнүн зарылчылыгы салык боюнча карыздары бар болуп туруп өздөрүнүн банктык эсептериндеги акчаларын салык төлөөчү жашырган жагдайлар ар дайым болуп турушунан улам жаралган кырдаалдарга байланыштуу келип чыгууда. Ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъект банктардагы эсептерин жана алар боюнча акча каражаттарынын кыймылын токтоткон учурлар да болушу мүмкүн.
Ченемдик укуктук базага мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү салык кызматынын органдары тарабынан салыктык карыздарды өз учурунда жабууну ишке ашыруу менен, салыктык көзөмөлдү дагы сапаттуу жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы учурда салык боюнча карызкорлордун айланасында кырдаал оорлоп жатат, алар салык боюнча карыздарын жаппай туруп экономикалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча уруксат берүүчү документтерди алышууда, бул өлкөнүн бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмүн азайтат.
Салыктык карыздарды муктаждап өндүрүү боюнча чараларды күчөтүү максатында мүлктүк бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жана лицензия же болбосо кандайдыр бир иштерди жүзөгө ашырууга уруксат алууга тыюу салуу жолу менен мындай субъекттердин ишин чектөө зарыл.
Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын негизги документтери болуп мына булар саналат: кадастр планы, каттоочу карта, каттоочу карточка, каттоочу көктөмө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоого берилген арыздарды каттоо журналы.
Кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жер участокторуна укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн аталган документтерден тышкары мамлекеттик каттоону ишке ашырган орган кыймылдуу мүлктүн ээсинен кыймылдуу мүлккө жана жер участогуна иш жүзүндө ээлик кылган жана/же пайдаланган мезгилдеги салык боюнча карызы жок экендиги тууралуу салык кызматынын органдары тарабынан берилген маалымкатты талап кылуусу зарыл.
Ошентип, кыймылсыз мүлктүн ээсинде чын-чынында бюджетке салык боюнча карызы бар болсо, анда бул кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
Лицензияны жана (же) уруксатты алуу үчүн арыз ээси тийиштүү лицензиярга маалыматтык технологиянын каражаттары аркылуу төмөндөгүлөрдү жөнөтөт:
1) белгиленген формадагы арыз;
2) жеке жак үчүн – инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
4) арызды кароо жана лицензияны жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген иш жүргүзүүнүн айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Жободо каралган документтердин көчүрмөсү.
Лицензия алыш үчүн саналып өткөн документтерден тышкары карызы жок экендигин тастыктаган салык кызматынын органдарынан алынган маалымкат берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоору ошондой эле салык боюнча карыздарын толук жойгонго чейин бюджетке салык төлөөдөн баш тарткан салык төлөөчү карызкордун сыртка чыгуу боюнча укугуна убактылуу тыюу салууну карайт.
Айрым чет өлкөлөрдө карызкорлордун аны батыраак төлөшүн муктаждаган бир нече чаралар, атап айтканда бюджетке карызы бар жарандардын жана жеке ишкерлердин чет мамлекетке чыгуусун чектөө сыяктуу чаралар колдонулат.
Чектөө коюу зарыл керек, анткени жарандарда укук менен бирге милдет деген түшүнүк да бар, анын ичине салыктык милдеттенмелерди аткаруу да кирет. Чет мамлекетке чыгаардын алдында жаран айып пулду же салыкты төлөөнү унуткан жокпу жана ушундан улам анын сыртка чыгуусу үчүн чектөө киргизилген жокпу деген маселелерди алдын ала териштирип алуусу зарыл. Эгерде жаран айып пулун же салыкты төлөгөн болсо, анда бул тууралуу кызыкдар бийлик органына маалымдап коюу ашыктык кылбайт.
Мындай чектөөлөр салык төлөөдөн баш тарткан адамдардын салыктык карыздарын муктаждап өндүрүп алуу чараларын, төлөбөгөндөрдүн санын кыскартуу жана жеринде, ар бирине текшерүүнүн жүрүшүндө кошумча чегерилген салыктарды өндүрүүнү боюнча салыктык карыздарды кыскартуу жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнү карайт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору колдонуудагы мыйзамдардын нормасына толук ылайык келет.
Ченемдик укуктук актынын ушул долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт. Кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт, кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт, демек тийиштүү экспертизадан өткөрүүнү талап кылбайт, ошондой эле ушул долбоор регулятивдүү таасир этүүнү талдоого жатпайт, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын ушул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына (www/kenesh/kg) жайгаштырылган.
Депутаттар: А.Юсуров
К.Жолдошбаев
М.Бакиров
Н.Макеев
Д.Бекешев
А.Сурабалдиева
П.Тулендыбаев
К.Нурматов
«Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
№ |
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясы |
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин сунуш кылып жаткан редакциясы |
1. |
125-берене. Салык кызматынын органдарынын салык салуу объекттерин каттоочу органдар менен биргелешкен аракети 1. Салык кызматы органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө жазуу же электрондук түрүндө маалымат алуу жолу менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат: 1) ошол органдарда катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу мүлкү - объекттери жөнүндө; 2) бул мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө; 3) салык салуу объектиси болуп саналган мүлктүн параметрлери жөнүндө. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин ай сайын өзү турган жердеги салык органына менчик укугун мамлекеттик каттоо же салык салуу объектиси тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү. 3. Автотранспорт каражаттарын же тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле аларга чиркегичтерди каттоо жүргүзүүчү органдар каттоодо, кайра каттоодо, маалымкаттарды берүүдө жана техникалык кароолорду жүргүзүүдө мүлккө салык төлөө жөнүндө документти көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн документ жок болсо, каттоону, кайра каттоону, маалымкаттарды берүүнү жана техникалык кароону жүргүзүүгө болбойт. 4. Салык кызматынын органдары нотариалдык бүтүмдөрдү жана фондулук биржага бүтүмдөрдү кошо алганда салык салуу объекттерине укуктардын өтүшүнө байланыштуу бүтүмдөрдү каттоо жүргүзүүчү башка органдар менен өз ара кызматташат. Ушул бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар отчеттук кварталдан мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин квартал сайын өзү турган жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү.
|
125-берене. Салык кызматынын органдарынын салык салуу объекттерин каттоочу органдар менен биргелешкен аракети 1. Салык кызматы органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө жазуу же электрондук түрүндө маалымат алуу жолу менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат: 1) ошол органдарда катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу мүлкү - объекттери жөнүндө; 2) бул мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө; 3) салык салуу объектиси болуп саналган мүлктүн параметрлери жөнүндө. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин ай сайын өзү турган жердеги салык органына менчик укугун мамлекеттик каттоо же салык салуу объектиси тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү. 3. Кыймылсыз мүлктү, автотранспорт каражаттарын, тракторлорду, өзү жүрүүчү машиналарды жана/же механизмдерди каттоону ишке ашырган органдар каттоодо/кайра каттоодо, маалымкат берүүдө жана техникалык кароодон өткөрүүдө ошол мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу мезгилинде жергиликтүү салыктар боюнча салык карыздары жок экендиги тууралуу салык кызматынын органдары тарабынан берилген маалымкатты талап кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн документ жок болсо, каттоону, кайра каттоону, маалымкаттарды берүүнү жана техникалык кароону жүргүзүүгө болбойт. 4. Салык кызматынын органдары нотариалдык бүтүмдөрдү жана фондулук биржага бүтүмдөрдү кошо алганда салык салуу объекттерине укуктардын өтүшүнө байланыштуу бүтүмдөрдү каттоо жүргүзүүчү башка органдар менен өз ара кызматташат. Ушул бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар отчеттук кварталдан мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин квартал сайын өзү турган жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү. |
2. |
126-берене. Салык кызматы органдарынын банк менен биргелешкен аракети Салык кызматы органдары менен биргелешип аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын жана/же күчүнө кирген сот актысынын негизинде салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу же жабуу тууралуу маалыматтарды берүү; 2) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралу маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде берүүгө; 3) салык төлөөчү салыктык каттоодо тургандыгы жөнүндө салыктык кызмат органынын маалымкатын көрсөткөндө гана уюмдар менен жеке ишкерлерге эсеп ачууга; 4) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткаруу эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга; 5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарды алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күндө салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө; 6) карыз алуучунун төлөнбөгөн карызын кечүү жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты тиешелүү суроо-талап алынгандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктан берүүгө; 7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызын жоюу үчүн салынат.
|
126-берене. Салык кызматы органдарынын банк менен биргелешкен аракети Салык кызматы органдары менен биргелешип аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын жана/же күчүнө кирген сот актысынын негизинде салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу же жабуу тууралуу маалыматтарды берүү; 2) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты салык кызматынын органынын тийиштүү чечиминин негизинде берүүгө. 3) салык төлөөчү салыктык каттоодо тургандыгы жөнүндө салыктык кызмат органынын маалымкатын көрсөткөндө гана уюмдар менен жеке ишкерлерге эсеп ачууга; 4) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткаруу эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга; 5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарды алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күндө салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө; 6) карыз алуучунун төлөнбөгөн карызын кечүү жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты тиешелүү суроо-талап алынгандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктан берүүгө; 7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызын жоюу үчүн салынат. |
|
128-берене. Салык кызматы органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар менен биргелешкен аракети Салык кызматы органдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укук берилген органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө маалымат алуу аркылуу биргелешип аракеттенет: 1) чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына келишине, алардын Кыргыз Республикасында болушуна жана Кыргыз Республикасынан кетишине берилген уруксаттар жөнүндө; 2) эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө.
|
128-берене. Салык кызматы органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар менен биргелешкен аракети Салык кызматы органдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укук берилген органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө маалымат алуу аркылуу биргелешип аракеттенет: 1) чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына келишине, алардын Кыргыз Республикасында болушуна жана Кыргыз Республикасынан кетишине берилген уруксаттар жөнүндө; 2) эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө. 3) Кыргыз Республикасында салык карызы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө. |
3. |
132-берене. Салык кызматы органдарынын уюмдар менен жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүргүзүүчү органдар менен биргелешкен аракети Салык кызматынын органдары лицензия жана уруксат алышкан субъекттер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салык органдарынын суроо-талаптары боюнча башка маалыматтарды алуу аркылуу лицензияларды жана уруксаттарды берүүчү органдар менен өз ара аракеттенет.
|
132-берене. Салык кызматы органдарынын уюмдар менен жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүргүзүүчү органдар менен биргелешкен аракети Салык кызматынын органдары лицензия жана уруксат алышкан субъекттер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салык органдарынын суроо-талаптары боюнча башка маалыматтарды алуу аркылуу лицензияларды жана уруксаттарды берүүчү органдар менен өз ара аракеттенет. 132-1-берене. Салык кызматы органдарынын салык боюнча карызы бар экендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыгууга убактылуу чектөө коюлган жарандар жөнүндө алардан маалыматтарды алуу менен тышкы миграция жаатындагы көзөмөлдү ишке ашырган органдар менен өз ара аракети. |
|
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы |
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылып жаткан редакциясы |
|
18-статья. Жергиликтүү каттоо органына келип түшкөн документтерди кабыл алуу тартиби жана аларга коюлуучу талаптар 1. Жергиликтүү каттоо органдары укук белгилөөчү документтерди укук ээси жеке өзү же мыйзамдарга ылайык арыз берүүгө укуктуу болгон жак тарабынан берилген арыздын негизинде кабыл алат. Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат: - жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ; - юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугун ырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүгү жана юридикалык жактын уюштуруу документи. Укуктарды мамлекеттик каттоого алган арыздарды карап чыгуунун кезеги алар келип түшкөн күн жана алар берилген убакыт боюнча аныкталат. 2. Арызга каттоо органынын кызматы үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция жана укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөсүн камтуучу документ тиркелет. Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн легализациялоонун субъекттери акы төлөшпөйт. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы мамлекеттик каттоо айрым арыз бербестен жана каттоо жыйындарын төлөбөстөн жүзөгө ашырылат.
|
18-статья. Жергиликтүү каттоо органына келип түшкөн документтерди кабыл алуу тартиби жана аларга коюлуучу талаптар 1. Жергиликтүү каттоо органдары укук белгилөөчү документтерди укук ээси жеке өзү же мыйзамдарга ылайык арыз берүүгө укуктуу болгон жак тарабынан берилген арыздын негизинде кабыл алат. Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат: - жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ; - юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугун ырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүгү жана юридикалык жактын уюштуруу документи. Укуктарды мамлекеттик каттоого алган арыздарды карап чыгуунун кезеги алар келип түшкөн күн жана алар берилген убакыт боюнча аныкталат. 2. Арызга каттоо органынын кызматы үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция кыймылсыз мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу мезгилинде салыктык карыздары жок экендиги тууралуу салык кызматынын органдары тарабынан берилген маалымкат жана укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөсүн камтуучу документ тиркелет. Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн легализациялоонун субъекттери акы төлөшпөйт. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы мамлекеттик каттоо айрым арыз бербестен жана каттоо жыйындарын төлөбөстөн жүзөгө ашырылат. |
4. |
Кыргыз Республикасындагы лицензиялык – уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы |
Кыргыз Республикасындагы лицензиялык – уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылып жаткан редакциясы |
|
18-берене. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн зарыл документтер 1. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн арыз ээси тийиштүү лицензия берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт же маалыматтык технологиялар аркылуу жөнөтөт: 1) белгиленген формадагы арызды; 2) жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн; 3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; 4) арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн; 5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралган документтердин көчүрмөлөрүн. 2. Арыз ээси лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылган учурда, арыз ээси лицензия берүүчүнүн сайтында белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле убакта ушул беренеде каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн түп нускаларын электрондук форматта тиркейт. Бул учурда, арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмегин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоону алат.
|
18-берене. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн зарыл документтер 1. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн арыз ээси тийиштүү лицензия берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт же маалыматтык технологиялар аркылуу жөнөтөт: 1) белгиленген формадагы арызды; 2) жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн; 3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; 4) арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн; 5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралган документтердин көчүрмөлөрүня; 6) салык карыздары жок экендиги тууралуу салык кызматынын органдары тарабынан берилген маалымкатты. 2. Арыз ээси лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылган учурда, арыз ээси лицензия берүүчүнүн сайтында белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле убакта ушул беренеде каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн түп нускаларын электрондук форматта тиркейт. Бул учурда, арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмегин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоону алат. |
|
Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы |
Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылып жаткан редакциясы |
|
46-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектөөгө негиздер Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда убактылуу баш тартылат: 1) арыз ээси мамлекеттик сыр болуп саналган маалыматты билген болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт аяктагыча; 2) жөнгө салынбаган алименттик, келишимдик же башка аткарылбаган милдеттенмелери бар болсо, милдеттенмелери аткарылмайынча же мыйзамда каралган учурларда тараптардын өз ара макулдугу боюнча соттун чечимине ылайык же Кыргыз Республикасынын эл аралык мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, милдеттенмелер күрөө менен камсыз кылынмайынча; 3) арыз ээсине карата кылмыш иши козголсо, - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 4) арыз ээси кылмыш үчүн соттолгон болсо, - жазасын өтөп бүткөнчө же күнөөсүнөн бошотулгуча; 5) арыз ээси ага соттун чечими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартса, - милдеттенмелерди аткармайынча; 6) арыз ээси өзү жөнүндө белгилүү болуп калган атайын жалган маалымат берсе,- жалган маалымат берүүнүн себеби жана кесепеттери аныкталмайынча; 7) арыз ээси мөөнөттүк аскер кызматына чакырылууга тийиш болсо, - чакыруу мөөнөтүн узартуу маселеси чечилмейинче; 8) арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 9) арыз ээси соттун өкүмү боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары таанылган болсо же милициянын администрациялык көзөмөлүндө турган болсо, - соттолуу мөөнөтү өтөлмөйүнчө (алынмайынча) же көзөмөл токтотулмайынча. Паспорт ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү 1-9-пункттарда каралган учурларда же паспорт кылмыш жасоодо пайдаланылган болсо, же анда жасалган жерлер аныкталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурларда убактылуу кармалат же алынып коюлат. Мындай учурларда паспорт Кыргыз Республикасынын сот, прокуратура органдары, улуттук коопсуздук органдары, чегара кызматынын органдары тарабынан убактылуу кармалат же алынып коюлат.
|
46-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектөөгө негиздер Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда убактылуу баш тартылат: 1) арыз ээси мамлекеттик сыр болуп саналган маалыматты билген болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт аяктагыча; 2) жөнгө салынбаган алименттик, келишимдик же башка аткарылбаган милдеттенмелери бар болсо, милдеттенмелери аткарылмайынча же мыйзамда каралган учурларда тараптардын өз ара макулдугу боюнча соттун чечимине ылайык же Кыргыз Республикасынын эл аралык мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, милдеттенмелер күрөө менен камсыз кылынмайынча; 3) арыз ээсине карата кылмыш иши козголсо, - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 4) арыз ээси кылмыш үчүн соттолгон болсо, - жазасын өтөп бүткөнчө же күнөөсүнөн бошотулгуча; 5) арыз ээси ага соттун чечими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартса, - милдеттенмелерди аткармайынча; 6) арыз ээси өзү жөнүндө белгилүү болуп калган атайын жалган маалымат берсе,- жалган маалымат берүүнүн себеби жана кесепеттери аныкталмайынча; 7) арыз ээси мөөнөттүк аскер кызматына чакырылууга тийиш болсо, - чакыруу мөөнөтүн узартуу маселеси чечилмейинче; 8) арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 9) арыз ээси соттун өкүмү боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары таанылган болсо же милициянын администрациялык көзөмөлүндө турган болсо, - соттолуу мөөнөтү өтөлмөйүнчө (алынмайынча) же көзөмөл токтотулмайынча; 10) эгерде арыз ээси салыктарды төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарбаса, - ошол милдеттерди аткарганга чейин. Паспорт ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү 1-9-пункттарда каралган учурларда же паспорт кылмыш жасоодо пайдаланылган болсо, же анда жасалган жерлер аныкталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурларда убактылуу кармалат же алынып коюлат. Мындай учурларда паспорт Кыргыз Республикасынын сот, прокуратура органдары, улуттук коопсуздук органдары, чегара кызматынын органдары тарабынан убактылуу кармалат же алынып коюлат. |
|
52-статья. Кызматтык иштер боюнча чыгуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматтык иштери боюнча Кыргыз Республикасынан чыгуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайык ишке ашырылат.
|
52-статья. Кызматтык иштер боюнча чыгуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматтык иштери боюнча Кыргыз Республикасынан чыгуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайык ишке ашырылат. Салык карызы бар Кыргыз Республикасынын жараны ошол салык карызын жойгонго чейин кызматтык иш сапары боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен чыга албайт. |
|
53-статья. Жеке иштер боюнча чыгуу Жеке иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларына ылайык ишке ашырылат.
|
53-статья. Жеке иштер боюнча чыгуу Жеке иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларына ылайык ишке ашырылат. Салык карызы бар Кыргыз Республикасынын жараны ошол салык карызын жойгонго чейин жеке иштери боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен чыга албайт. |
|
Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы |
Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылып жаткан редакциясы |
|
15-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин укуктары жана милдеттери Чарба жүргүзүүчү субъекттер эмгекчи-мигранттарды чет өлкөдө эмгекке орноштуруу максатында: - эмгекчи-мигранттарды ишке орноштуруу үчүн чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен макулдашуулар, контрактгар түзүүгө; - чет өлкөлүк иш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча эмгекчи-мигранттар менен эмгек контракттарын (келишимдерин) түзүүгө; - чет өлкөдө ишке орноштуруу үчүн талапкерлерди тандап алууну жүргүзүүгө;
|
15-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин укуктары жана милдеттери Чарба жүргүзүүчү субъекттер эмгекчи-мигранттарды чет өлкөдө эмгекке орноштуруу максатында: - эмгекчи-мигранттарды ишке орноштуруу үчүн чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен макулдашуулар, контрактгар түзүүгө; - чет өлкөлүк иш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча эмгекчи-мигранттар менен эмгек контракттарын (келишимдерин) түзүүгө, салык карыздары бар эмгекчилерди – мигранттарды кошпогондо; - чет өлкөдө ишке орноштуруу үчүн талапкерлерди тандап алууну жүргүзүүгө; |
|
17-статья. Эмгек келишими (контаркт) Эмгекчи-мигранттын чарба жүргүзүүчү субъект менен эмгектик мамилелери эмгек келишими (контракт) менен жол-жоболоштурулат, ал жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилинде жана эмгекчи-мигранттын эне тилинде же ал түшүнгөн тилде түзүлөт жана төмөнкүдөй маалыматтарды: - эмгек келишими түзүлгөн датаны жана жерди; - кызматкердин аты-жөнүн жана иш берүүчү-юридикалык жактын толук аталышын, анын жайгашкан жерин, уюштуруу документтеринин номерин жана мамлекеттик катталган датасын; - эмгек келишиминин күч-аракетинин мөөнөтүн, акы төлөнгөн иштин мүнөзүн жана ордун, эмгек жана ага акы төлөө шарттарын, анын ичинде түнкү, убакыттан ашыкча, дем алыш жана майрам күндөрдөгү иш үчүн акы төлөөнү; - сыйакылардын, кошумча акылардын жана эмгек акыдан кармоонун өлчөмүн; - тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин, эмгек келишимин (контрактты) бузуунун же узартуунун тартибин жана шарттарын; - эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баруусун, тамак-ашын, жашоосун, медициналык жактан тейлөөнү уюштурууну; - эмгекчи-мигрантты социалдык жана медициналык камсыздандыруунун тартибин жана шарттарын; - акы төлөнүүчү эмгектик иш-аракет процессинде эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана башка социалдык кепилдиктерди камтууга тийиш; .
|
17-статья. Эмгек келишими (контаркт) Эмгекчи-мигранттын чарба жүргүзүүчү субъект менен эмгектик мамилелери эмгек келишими (контракт) менен жол-жоболоштурулат, ал жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилинде жана эмгекчи-мигранттын эне тилинде же ал түшүнгөн тилде түзүлөт жана төмөнкүдөй маалыматтарды: - эмгек келишими түзүлгөн датаны жана жерди; - кызматкердин аты-жөнүн жана иш берүүчү-юридикалык жактын толук аталышын, анын жайгашкан жерин, уюштуруу документтеринин номерин жана мамлекеттик катталган датасын; - эмгек келишиминин күч-аракетинин мөөнөтүн, акы төлөнгөн иштин мүнөзүн жана ордун, эмгек жана ага акы төлөө шарттарын, анын ичинде түнкү, убакыттан ашыкча, дем алыш жана майрам күндөрдөгү иш үчүн акы төлөөнү; - сыйакылардын, кошумча акылардын жана эмгек акыдан кармоонун өлчөмүн; - тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин, эмгек келишимин (контрактты) бузуунун же узартуунун тартибин жана шарттарын; - эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баруусун, тамак-ашын, жашоосун, медициналык жактан тейлөөнү уюштурууну; - эмгекчи-мигрантты социалдык жана медициналык камсыздандыруунун тартибин жана шарттарын; - акы төлөнүүчү эмгектик иш-аракет процессинде эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана башка социалдык кепилдиктерди камтууга тийиш; - Кыргыз Республикасында салык боюнча карызы жок тууралуу. |
|
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин колдонуудагы редакциясы |
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин сунуш кылып жаткан редакциясы |
|
391-1-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташуу же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз чыгып кетиши Эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук же дагы башка уюм тарабынан бир же бир нече укук бузуучунун Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылышына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүшүнө же мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылышына алып келген адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын жана аны мыйзамсыз чыгып кетишине пайдаланышын четтетүү боюнча чараларды көрбөй коюшу, - юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адам тарабынан бир же бир нече бузуучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүсүнө же мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоосуна алып келген транспорт каражатына мыйзамсыз кирүүсүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөсө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
|
391-1-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташуу же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз чыгып кетиши Эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук же дагы башка уюм тарабынан бир же бир нече укук бузуучунун Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылышына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүшүнө же мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылышына алып келген адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын жана аны мыйзамсыз чыгып кетишине пайдаланышын четтетүү боюнча чараларды көрбөй коюшу, - юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адам тарабынан бир же бир нече бузуучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүсүнө же мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоосуна алып келген транспорт каражатына мыйзамсыз кирүүсүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөсө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет; Тышкы миграция жаатында көзөмөлдү ишке ашырган органдардын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын жарандарынын республикадан тышкары чыгуу тартибин бузушу, башкача айтканда салык карызы бар жарандардын чыгуусуна жол бериши – ондон жыйырма эсептик көрсөткүчкө чейин административдик айып салууга алып келет. |
|
535-статья. Салык кызматы органдары Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 213-11, 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2, 301-4-статьяларында, 302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 307, 310, 341, 346, 348-356, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары укуктуу. Эскертүү. 213-11-статьяда, 286-статьянын 2-бөлүгүндө, 286-1, 300, 301-1, 301-2, 301-4-статьяларда, 302-статьянын 1-бөлүгүндө, 307-статьяда, 341-статьянын 1-бөлүгүндө, 354-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо салык кызматы органдары айып жана (же) лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза чарасын көрүшөт. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.
|
535-статья. Салык кызматы органдары Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 213-11, 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2, 301-4-статьяларында, 302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 307, 310, 341, 346, 391-1-статьянын 3 бөлүгүндөгү, 348-356, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары укуктуу. Эскертүү. 213-11-статьяда, 286-статьянын 2-бөлүгүндө, 286-1, 300, 301-1, 301-2, 301-4-статьяларда, 302-статьянын 1-бөлүгүндө, 307-статьяда, 341-статьянын 1-бөлүгүндө, 354-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо салык кызматы органдары айып жана (же) лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза чарасын көрүшөт. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат. |