Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 31-январынан тартып коомдук талкууга коюлат

31-01-2017
18:05

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары Э.Байбакпаев, М.Бакиров

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-30

Каттоо  № 6-2245/17      30.01.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 92-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын аймагына техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга шайкеш келбеген байытылбаган унду импорттоо, –

байытылбаган унду конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө юридикалык жактарга, жарандарга жана жеке ишкерлерге администрациялык айып салууга алып келет.”;

2. 30-статьянын бешинчи бөлүгүндө “ушул Кодекстин” деген сөздөрдөн кийин “92-статьянын алтынчы бөлүгүн” деген сөздөр менен толукталсын;

3. 514-статьяда “91“, деген цифралардан кийин “92,” деген цифралар менен толукталсын;

4. 521-2-статья “ушул Кодекстин” деген сөздөрдөн кийин “92,” деген цифра менен толукталсын;

5. 534-1-статьяга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

“иштерди карайт” деген сөздөрдөн кийин “жана администрациялык жаза чараларды колдонот” деген сөздөр менен толукталсын;

Төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин түзүүнүн жана уюштуруунун типтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.”.

6. 535-статьянын биринчи бөлүгүндөгү “ушул Кодекстин” деген сөздөрдөн кийин “92-статьянын алтынчы бөлүгүндө,” деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

маалымкат-негиздеме

Мыйзам долбоорунун тексти байытылган унга калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун жана интеллектуалдык потенциалын сактоо болуп саналат.

“Нан унун байытуу жөнүндө” КР Мыйзамы 2009-жылы кабыл алынган. Мыйзамга ылайык республикада жогорку жана биринчи сорттогу алып келинүүчү жана өндүрүлүүчү унду милдеттүү түрдө фортификациялоо (микроэлементтер менен байытуу) режими колдонулат. Азыркы учурда мыйзамдын жоболору иш жүзүндө аткарылбайт, байытылбаган унду контролсуз, салык салуудан жашыруу менен алып келүү ЭАЕБге кирүүгө байланыштуу мүмкүн болуп калды. Унду алып келүүнүн эркин режими Кыргыз Республикасынын калкынын арасында, биринчи кезекте балдардын жана аялдардын арасында темирдин жетишсиздигинин абалынын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган саламаттык сактоо чөйрөсүндө республиканын милдеттерине жетишүү боюнча тоскоолдук түзүп жатат.

Темирдин жетишсиздиги балдардын интеллектуалдык жана дене бой өнүгүшүн кечеңдетүүгө, аялдардын репродуктивдүү функциясынын бузулушуна, эненин өлүмгө учурашына, организмдин инфекцияларга каршылык көрсөтүшүнүн төмөндөшүнө алып келүүдө. Эненин кош бойлуулугунун учурунда темирдин жана микроэлементтердин тартыштыгынин көйгөйүн жойбогон учурда Кыргыз Республикасында жыл сайын акыл-эси жетишпеген 20 000ден ашык бала төрөлүшү мүмкүн.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, 2014-жылы байытылган ундун көлөмү 86151 тоннаны түзгөн, 2015-жылы бул көрсөткүч 58948 тоннаны түзгөн, башкача айтканда, азыркы учурда республикада буудайды өндүрүүнүн жана импортунун өсүшүнө карабастан (2014-жылы өндүрүү 572,7 миң тонна, 2015-жылы – 704,6 тонна, 2011-жылы импорт – 289 895,28 тонна, 2012-жылы – 438398,83 тонна, 2013-жылы - 361 664,57 тонна, 2014-жылы – 449 927,81 тонна, 2015-жылы – 275 031,64 тонна) байытылган унду өндүрүүнүн көлөмү төмөндөшү байкалууда. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр байытылган унду өндүрүүнүн төмөндөшүнүн негизги себеби болуп наабайканалар башка тараптан, мындайча айтканда, унду жасалма документтер боюнча жана салык салууну айланып өтүү менен алып келип жаткан Казакстандын “ишкерлери, импорттоочулары” демпингдик баалар боюнча импорттошу жана сатышы саналат. Мында алып келинип жаткан ун кошулмалар менен байытылган эмес, анткени Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык байытуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Ошентип, байытылбаган унду мыйзамсыз алып келүү, өндүрүү жана сатуу салык жана башка кызматтардын көйгөйү гана болуп калбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган “Унду байытуунун глобалдык демилгеси” программасын аткарбай коюунун тобокелдигине алып келүүдө, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча мыйзамдардагы кемтиктердин болушунан улам иш негизинен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 286-статьясы боюнча жүргүзүлөт, 92-статья боюнча өндүрүп алуулар иш жүзүндө колдонулган эмес. Суроо-талаптарга жоопторго ылайык Ош жана Бишкек шаарларынын комиссиялары Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-статьясы боюнча укук бузууларды табуу жана жазалоо боюнча иш жүргүзүлгөн эмес.

Ошентип, “Нан унун байытуу жөнүндө” Мыйзам жана Администрациялык кодекстин тиешелүү ченемдерди азыркы учурда толук өлчөмдө иштеген жок жана КР азык-түлүк коопсуздук чөйрөсүндө оң натыйжаларга жетишкендигинен жана коомдук ден соолукту жакшыртышынан улам аткаруу кыйын милдет болуп калат. Бүгүнкү күндө калктын саламаттыгын коргоонун абалын жакшыртуу, тартыштыктан келип чыккан илдеттерди азайтуу максатында кырдаалды иликтөө, ошондой эле түзүлгөн кырдаалды оңдоо боюнча уюштуруу жана мыйзам чараларынын комплексин кабыл алуу өтө зарыл.

Мыйзам долбоорунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органга, ЖӨБОнун комиссиясына жана саламаттык сактоо органдарына Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 92-статьясы боюнча иштерди кароо жана айып акыларды салуу укугун берүү сунуш кылынууда, байытылбаган ундун импортуна айып акы түрүндө жаза киргизилүүдө, салык кызматынын органдарына байытылбаган унду мыйзамсыз алып келүү боюнча администрациялык иштерди кароо жагынан ыйгарым укук берилүүдө.

Ошондой эле буларды белгилегим келет: Өкмөт иш жүзүндө Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимде каралган ички рынокту жана өзүнүн керектөөчүлөрүн алып келинүүчү сапатсыз продукциядан коргоо механизмдерин колдонбой жатат. Атап айтканда, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 29-беренесинин 1-пунктунда «мүчө мамлекеттер товарларды өз ара соодалоодо адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоо үчүн чектөөлөрдү колдонууга укуктуу» деп каралган. Келишимдин ушул ченеминин негизинде жана өз жарандарынын өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында биздин Өкмөт Кыргыз Республикасынын аймагына байытылбаган унду алып келүү учурунда ар кандай чектөө иш-чараларын киргизе алат. Ал гана эмес, Кыргыз Республикасынын байытылган ун боюнча эл аралык милдеттенмелери (ВОЗдун Унду байытуунун ааламдык демилгеси, Тамак-ашты жакшыртуу боюнча ааламдык альянс) бар болгондуктан, Өкмөт ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 29-беренесинин 5-пунктунун негизинде («Мүчө мамлекеттер товарларды өз ара соодалоодо эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн чектөөлөрдү колдонууга укуктуу») өз аймагына байытылбаган унду алып келүүгө тыюу салууларды киргизе алат. Буга байланыштуу Өкмөткө ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралаган өз жарандарын коргоо боюнча бардык ченемдерди кылдат иликтөө жана аларды иш-аракетте жигердүү колдоно баштоо сунушталат.

Мыйзамды ишке ашыруу гендердик, экологиялык, социалдык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Мыйзамды ишке ашыруу республикалык бюджеттен каражаттарды талап кылбайт. Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылган.

Депутаттар                                                                                     Э. Байбакбаев

                                                                                                       М. Бакиров

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунуш кылынып жаткан түзөтүүлөр

Сунуш кылынып жаткан редакция

92-статья. Сапатсыз тамак-аш азыктарын жана техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген тузду сатып өткөрүү

Сапатсыз, анын ичинде химиялык, уулуу, канцерогендик заттарды жана биологиялык кошундуларды кеңири камтыган, үйдө даярдалган, жарандардын ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген тамак-аш азыктарын сатып өткөрүү -

тамак-ашын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Унду байытуунун эрежелерин бузуу, байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү, байытылбаган унду сатып өткөрүү -

юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге эреже бузууларды четтетүүгө чейин ун сатууну токтотуп туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Унду байытуунун эрежелеринин сакталышына, байытылбаган унду жөнөтүүгө, сатып өткөрүүгө талаптагыдай эмес контроль -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза чараларды колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракет -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

КыргызРеспубликасынын техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген тамак-аш тузун сатып өткөрүү -

йоддоштуруу үчүн продукциясын алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын рыногунда унду байытуу үчүн атайын тамак-аш ингредиенттеринин (кошулмалардын) жоктугу жактарды ушул статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрү боюнча администрациялык жоопкерчиликтен бошотот.

(КР2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2004-жылдын 27-июлундагы N 100, 2014-жылдын 13-январындагы N 9, 2015-жылдын 20-апрелиндеги N 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

92-статья 6-бөлүк менен толукталсын

92-статья. Сапатсыз тамак-аш азыктарын жана техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген тузду сатып өткөрүү

Сапатсыз, анын ичинде химиялык, уулуу, канцерогендик заттарды жана биологиялык кошундуларды кеңири камтыган, үйдө даярдалган, жарандардын ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген тамак-аш азыктарын сатып өткөрүү -

тамак-ашын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Унду байытуунун эрежелерин бузуу, байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү, байытылбаган унду сатып өткөрүү -

юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге эреже бузууларды четтетүүгө чейин ун сатууну токтотуп туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Унду байытуунун эрежелеринин сакталышына, байытылбаган унду жөнөтүүгө, сатып өткөрүүгө талаптагыдай эмес контроль -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза чараларды колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракет -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

КыргызРеспубликасынын техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген тамак-аш тузун сатып өткөрүү -

йоддоштуруу үчүн продукциясын алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын аймагына техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга шайкеш келбеген байытылбаган унду импортто, – байытылбаган унду конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө юридикалык жактарга, жарандарга жана жеке ишкерлерге администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын рыногунда унду байытуу үчүн атайын тамак-аш ингредиенттеринин (кошулмалардын) жоктугу жактарды ушул статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрү боюнча администрациялык жоопкерчиликтен бошотот.

(КР 2002-жылдын 10-мартындагы N 33, 2004-жылдын 27-июлундагы N 100, 2014-жылдын 13-январындагы N 9, 2015-жылдын 20-апрелиндеги N 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык).

30-статья. Айып

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет.

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат.

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет.

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357-359-статьяларын копшогондо), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357-359-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

30-статьянын бешинчи бөлүгүндө “ушул

Кодекстин” деген сөздөрдөн кийин “92-статьянын алтынчы бөлүгүн” деген сөздөр менен толукталсын;

30-статья. Айып

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет.

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат.

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет.

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 92-статьянын алтынчы бөлүгүн, 238-статьясын, 242-статьясынын төртүнчү бөлүгүн, 248-статьясынын үчүнчү бөлүгүн, 357-359-статьяларын копшогондо), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз (ушул Кодекстин 357-359-статьяларын кошпогондо) өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

514-статья. Саламаттык сактоо органдары

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары ушул Кодекстин 85-1,85-2, 86-89, 90, 91, 94-статьяларында, 286-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 306, 410, 431-1, 431-2, 487, 487-2-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

… …

514-статьяда “91“, деген цифралардан кийин “92,” деген цифралар менен толукталсын;

514-статья. Саламаттык сактоо органдары

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары ушул Кодекстин 85-1,85-2, 86-89, 90, 91, 92,94-статьяларында, 286-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 306, 410, 431-1, 431-2, 487, 487-2-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

... ...

521-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Кодекстин 187, 188, 194, 195-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.

Администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

521-1-статья “ушул Кодекстин” деген сөздөрдөн кийин “92,” деген цифра менен толукталсын;

521-1-статья. Өсүмдүктөрдүнкарантинибоюнчамамлекеттик инспекция органдары

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Кодекстин 92,187, 188, 194, 195-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.

Администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

534-1-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) 90, 92, 93, 185, 186, 193, 285-статьянын биринчи бөлүгүндө, 286-288-статьяларында,  289-статьянын биринчи бөлүгүндө, 290-296, 298, 299, 301-303-статьяларында, 304-статьянын биринчи бөлүгүндө, 305-статьянын биринчи бөлүгүндө, 306, 307, 309, 310, 320, 326, 348, 353, 448, 455, 456, 462, 467, 472,  487, 487-1, 487-3-статьянын биринчи бөлүгүндө,, 487-4, 488-491, 494, 496-статьяларында каралган административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

534-1 статьяда “иштерди карайт” деген сөздөрдөн кийин “жана администрациялык жаза чараларды колдонот” деген сөздөр менен толукталсын;

Эскертүү: ченем иш жүзүндө “иштебейт”. КРӨ караштуу ЖӨБОМА ушул мезгитлге чейин ЖӨБОнун комиссиясы жөнүндө типтүү жобону иштеп чыга элек,  иш жүзүндө мындай комиссиялар өз функцияларын толук эмес көлөмдө аткарат же болбосо иштебейт.

Экинчи бөлүк менен толукталсын.

534-1-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) 90, 92, 93, 185, 186, 193, 285-статьянын биринчи бөлүгүндө, 286-288-статьяларында,  289-статьянын биринчи бөлүгүндө, 290-296, 298, 299, 301-303-статьяларында, 304-статьянын биринчи бөлүгүндө, 305-статьянын биринчи бөлүгүндө, 306, 307, 309, 310, 320, 326, 348, 353, 448, 455, 456, 462, 467, 472,  487, 487-1, 487-3-статьянын биринчи бөлүгүндө,, 487-4, 488-491, 494, 496-статьяларында каралган административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды колдонот.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин түзүүнүн жана уюштуруунун типтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

535-статья. Салык кызматы органдары

Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 213-11, 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2, 301-4-статьяларында ,302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 307, 310, 341, 346, 348-356, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары укуктуу.

Эскертүү. 213-11-статьяда, 286-статьянын 2-бөлүгүндө, 286-1, 300, 301-1, 301-2, 301-4-статьяларда, 302-статьянын 1-бөлүгүндө, 307-статьяда, 341-статьянын 1-бөлүгүндө, 354-статьядакаралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо салык кызматы органдары айып жана (же) лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза чарасын көрүшөт. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.

(КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26, 2016-жылдын 26-июлундагы N 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

535-статьянын биринчи бөлүгүндөгү “ушул Кодекстин” деген сөздөрдөн кийин “92-статьянын алтынчы бөлүгүндө,” деген сөздөр менен толукталсын.

535-статья. Салык кызматы органдары

Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 92-статьянын 6-бөлүгүндө,213-11, 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2, 301-4-статьяларында, 302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 307, 310, 341, 346, 348-356, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.