Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 1-февралынан тартып коомдук талкууга коюлат

01-02-2017
11:34

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты М.Жеенчороев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-83

Каттоо  № 6-2261/17      30.01.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

167-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 45-пункт менен толукталсын:

“45) шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары катары, ошондой эле шайлоочулардын колдорун жыйноо жана шайлоо алдындагы кампанияларды өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү (агитаторлор) иштерин аткаргандыгы үчүн жарандардын эмгегине (кызмат көрсөтүүсүнө) акы төлөөгө саясий партиялардын шайлоо фонддорунан, Президентке талапкердин фонддорунан жана айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин фонддорунан төлөп берүүлөр (шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим жарыя кылынган күндөн баштап, шайлоолордун натыйжаларын расмий жарыялаган күнгө чейин)”.

2-берене.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

“14. Шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары катары, ошондой эле шайлоочулардын колдорун жыйноо жана шайлоо алдындагы кампанияларды өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү (агитаторлор) иштерин аткаргандыгы үчүн жарандардын эмгегине (кызмат көрсөтүүсүнө) акы төлөөгө саясий партиялардын шайлоо фонддорунан, Президентке талапкердин фонддорунан жана айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин фонддорунан төлөп берүүлөр (шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим жарыя кылынган күндөн баштап, шайлоолордун натыйжаларын расмий жарыялаган күнгө чейин)”.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору саясий партиялар, Президентке талапкерлер жана айылдык кеңештин депутаттарына талапкерлер жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүү жана шайлоо алдындагы кампанияларды айкын-ачык өткөрүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдарга ылайык талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле өзүн өздөрү көрсөткөн талапкерлер шайлоо алдындагы кампанияларды каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүшөт. Мында колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоо фонддорун түзүүнүн булактарынын такталган тизмеси, ошондой эле ар бир булактан түшүүчү акча каражаттарынын конкреттүү көлөмү белгиленет. Мындан тышкары, мыйзам чыгаруучулар тарабынан саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен чыгымдоо суммасынын чегинин конкреттүү өлчөмү көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын салык системасы туруктуу болбой жаткандыгы жана мыйзамдардын карама-каршы келип жаткандыгы менен мүнөздөлөт. Жарандардын кирешелерин эсепке алуунун механизми да өркүндөтүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу шайлоо мезгилинде көптөгөн саясий партиялар жана талапкерлер шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар катары, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзгөн (агитаторлор), шайлоочулардын колун топтоо боюнча иштерди аткаргандыгы үчүн жарандарды тартууда салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү толук түрдө төлөөдөн качуу менен аткарылган иш үчүн акынын негизги суммасын жашыруун берүүнү жүргүзүшүүдө. Мындай схема киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Ошентип, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн баш тартуу менен айрым партиялар менен талапкерлер мамлекетти гана алдабастан, ошондой эле шайлоо кампанияларын өткөрүүгө кеткен чыгымдардын чыныгы көлөмүн жашырып жатышат. Натыйжада саясий партиялар жана талапкерлер өздөрүнүн бюджетин ачык-айкын жүргүзүшпөй келишүүдө жана белгисиз, шектүү булактардан каржылануу менен шайлоо кампанияларын каржылоо багытында бирдей эмес шарттарда болушууда.

Жогоруда аталган көйгөйлөрдү жөнгө салуу жана саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо алдындагы ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында ушул долбоор менен “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат, анда шайлоо алдындагы кампанияларды өткөрүү мезгилинде жарандардын эмгегине (кызмат көрсөтүүсүнө) акы төлөөгө саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунан төлөөлөрдү салык салуудан жана социалдык төгүмдөрдөн бошотуу каралган.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормаларына, белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын нормаларына ылайык келет.

Ушул мыйзам долбоору ишкердик иштин чөйрөсүн козгобогондугуна байланыштуу регулятивдүү таасир этүүнү талдоонун зарылчылыгы жок.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт. Бюджеттин кирешелерин азайтууга алып келбейт, анткени ушул булактардан келип түшүүлөр бюджетти бекиткен учурда каралган эмес. Ошондой эле долбоор социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

Баяндалгандардын негизинде “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кароого чыгарылат.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси

167-берене. Киреше салыгы салынбаган кирешелер

Төмөнкүлөр киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөөлөр;

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар жана компенсациялар;

4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;

5) бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар;

6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар;

7) ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;

8) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматчыларынын, мамлекеттик кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарууда өлүмү жана/же денесине жаракат алуулары менен байланышкан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары;

9) каза болгон жумушчунун жакын туугандары же жакын тууганы өлгөнүнө байланыштуу жумушчунун жумуш берүүчүдөн кайтарымсыз алынган суммалар;

10) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасы, ошондой эле кызматчы эмгектик милдеттерин аткарууда мертинген, каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү суммалар;

11) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматчыларга Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин жана ченемдердин тизмегине ылайык сүттүн жана башка дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы;

12) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кызматчыларга милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуу тейлөөнүн наркы;

13) кызматчыга иш сапарына кеткен чыгашаларды, ошондой эле уюмду башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгашаларын компенсациялоо суммалары:

а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча - берилген документтерге жараша;

б) турак жайды жалдоо боюнча - берилген документтерге жараша;

в) суткалык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалардын чектеринде.

Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгашалары боюнча ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чектеринде салык салуудан бошотулууга тийиш;

14) өз кызматчыларын милдеттүү камсыздандыруу боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйакыларынын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр;

15) ушул Кодекстин 195-беренесинде каралган кызматчыны даярдоого жана кайра даярдоого багытталган жумуш берүүчүнүн чыгашалары;

16) эгерде ушул берене менен башкача каралбаса, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын майыптарынын жана катышуучуларынын, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандардын, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдардын, Баткен окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдардын, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштарда курман болгондордун жесирлеринин же жесилдеринин ишкердик иш-аракеттерден алынган кирешелеринен башка кирешелери;

17) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке адамдардын айыл чарба продукцияларын сатуудан алган кирешелери;

18) жумуш берүүчү тарабынан кызматчынын 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер;

19) бюджеттик каражаттардын эсебинен олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери болушкан курама командалардын мүчөлөрүнө бир жолу берилүүчү сыйакылар;

20) аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна берилген акчалай үлүш жана компенсациялар түрүндөгү кирешелери;

21) ишке орноштуруу кызматы органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар;

22) майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга жана көп балалуу энелерге же аталарга кесиптик бирлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр түрүндө алынган киреше;

23) Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттар боюнча пенсионерлер, майыптар, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкан аскер кызматчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдар, I жана II топтогу майыптар алуучу пайыздар;

24) Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган, ошондой эле ушул Кодекстин 221-2-беренесине ылайык 0 пайыздык ставка боюнча пайдага салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жеке жагы тарабынан алынган дивиденддер;

25) үчүнчү тараптан алынган киреше:

а) майып тарабынан - майыптар үчүн техникалык каражаттар үчүн акы төлөө түрүндө;

б) майып тарабынан - майыптуулукту профилактикалоо жана реабилитациялоо үчүн, майыптар үчүн узатуучу-иттерди багуу суммасынын өлчөмүндө;

в) майып, пенсионер, жетим балдар, 4 же андан ашык жашы жетелек балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөр тарабынан - жөлөкпулдар түрүндө алынган;

г) социалдык жактан корголбогон адам тарабынан - акысыз тамактануу түрүндө алынган;

26) кан тапшырганы үчүн, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар;

27) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер;

28) жубайлардын же мурдагы жубайлардын ортосунда ажырашуунун кесепетинен улам менчикти өткөрүп берүүдөн алынган кандай болбосун киреше;

29) ишкердикти жүзөгө ашыруудан алынган мүлктү, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеке адам тарабынан мурастоо же белекке берүү тартибинде жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;

30) жеке адам тарабынан гуманитардык жардам түрүндө алынган мүлктүн наркы;

31) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө алынган кирешенин кандай болбосун түрлөрү;

32) салык төлөөчү тарабынан жеке максаттар үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эмес сатылып алынган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше, төмөнкү учурлардан тышкары:

а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автомототранспорттук каражаттарды сатуудан алынган киреше;

б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаа келген 2 жылдан кем жеке менчик укугунда турган кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше;

33) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардан кайтаруу суммасы;

34) (КР 2015-жылдын 8-июнундагы N 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

35) Кыргыз Республикасынын банктарына аманаттар боюнча пайыздар;

36) пайыздык киреше жана сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн кирешелер;

37) мамлекет, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон, жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар төмөнкү адамдарга акысыз берилүүчү активдер:

а) качкындарга;

б) катуу оорулууларга;

38) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегени үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин өлчөмү;

39) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан байге түрүндө алынган суммалар;

40) эл аралык уюмдар (фонддор) ыйгарган сыйлыктар түрүндө алынган суммалар;

41) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын акчалай күтүү;

42) диний уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы. сыйлык акылары, компенсациялары жана башка компенсациялоочу жана кызыктырууну мүнөздөгү төлөмдөрү түрүндөгү кирешелери;

43) (КР 2014-жылдын 15-мартындагы № 50 Мыйзамына ылайык 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)

44) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктары жана төлөп берүүчү суммалар, ошондой эле ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу.

45-пункт жок

45) шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары катары, ошондой эле шайлоочулардын колдорун жыйноо жана шайлоо алдындагы кампанияларды өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү (агитаторлор) иштерин аткаргандыгы үчүн жарандардын эмгегине (кызмат көрсөтүүсүнө) акы төлөөгө саясий партиялардын шайлоо фонддорунан, Президентке талапкердин фонддорунан жана айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин фонддорунан төлөп берүүлөр (шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим жарыя кылынган күндөн баштап, шайлоолордун натыйжаларын расмий жарыялаган күнгө чейин).

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө

12-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрү

Төлөмдөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү субсидиялар, компенсациялар, пенсиялар, жөлөкпулдар жана стипендиялар.

2. Санаториялык-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий-профилакторийлерге, балдардын ден соолукту чыңдоо борборлоруна жолдомолордун наркы.

3. Кызматкерлерге табигый кырсыктардын жана өрттүн, оорунун натыйжасында келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле кызматкердин же анын жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүлгөн материалдык жардамдын суммасы.

4. Кан бергендиги үчүн, донорлуктун башка түрлөрүнөн, эмчектин сүтүн бергендиги үчүн алынган суммалар, ошондой эле медициналык мекемелердин кызматкерлери кан чогултуу үчүн алган суммалар.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар үчүн алынуучу алименттер.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге эмгектик мертинүүдөн, кесиптик дартка чалдыгуудан, болбосо ден соолугуна башка зыян келүүдөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн суммалар.

7. Майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга, көп балалуу энелерге кайрымдуулук максатында көрсөтүлгөн бир жолку материалдык жардам.

8. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде мыйзамга ылайык өкүлчүлүк ишти жүзөгө ашыруу учурунда, кызматтык иш сапарына, башка жерге ишке которууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөнгөн компенсациялар.

9. N 1, 2-тизме боюнча жумуштарда иштегендер үчүн белгиленген ченемдердин чектеринде берилүүчү атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуунун башка каражаттарынын, самындын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттардын, сүттүн жана дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы (акысыз же жарым-жартылай акы төлөө менен берилүүчү жана жеке пайдаланууда калуучу фирмалык кийимдин, кийим-кечектин наркынан башка).

10. Өндүрүштөн ажыратуу менен окууга жиберилген студенттерге (аспиранттарга) уюмдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, мекемелер жана фонддор тарабынан кайрымдуулук максаттарында белгиленүүчү жана төлөнүүчү стипендиялар.

11. Иш менен камсыз кылуу кызматынын органдары тарабынан уюштурулган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан жумушсуз жарандардын эмгек акысы.

12. Жарандардын ишкананын менчигин башкарууга катышуудан алган кирешелери (дивиденддер, пайыздар, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр).

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөмдөр.

(КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 29, 2015-жылдын 3-августундагы N 212, 2016-жылдын 18-ноябрындагы N 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-пункт жок