Демилгечилер: Жогорку Кенештин депутаттары А.Жапаров, Д.Бекешев
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-35
Каттоо № 6-2389/17 31.01.2017
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 2396) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
“7. Майыптыгы бар жана коштоп жүрүүгө муктаж болгон Өкмөт мүчөсү кошумча бир жардамчы алууга укуктуу.”.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна карата
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул Мыйзам долбоору Өкмөт мүчөсү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Өкмөт мүчөсүнүн иштеши үчүн шарттарды түзүүнү камсыздоо максатында даярдалган.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 172769 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектлеген адамдар.
жылы |
ДМЧА (гр. 3+6) |
КР Соцфондун маалыматы боюнча майыптыгы боюнча пенсия алуучулардын саны |
КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин маалыматы боюнча пособие алуучулардын саны |
|||||
баары |
Жарандык калк |
Аскер кызмат өтөөчүлөр |
баары |
18 жаштан жогору |
18 жашка жете электер |
Жалпы майыптыгы барлар |
||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
9 |
2014 |
168174 |
107788 |
106346 |
1442 |
60386 |
27024 |
27450 |
5912 |
СССР убагынан бери майыптарга карата социалдык саясат дээрлик компенсациялык: жөлөк пул же кызмат көрсөтүүчү мүнөздө болгон. Мындай саясат постсоветтик мамлекеттерде улантылууда. Бул коом менен майыптардын ортосунда бөгөт пайда кылып,майып жарандар коомдун жашоосунда, анын ичинде саясий жашоосунда катышууда кыйла кыйынчлыктарды жаратат. Бирок бул кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн, мамлекетти башкарууда майыптыгы бар адамдардын толук кандуу, эффективдүү жана ар тараптуу катышуусун камсыздоочу жагдай түзүү зарыл. Өнүккөн мамлекеттерде, майып жарандар шайлануучу органдарга ийгиликтүү шайланып, мамлекеттик саясий кызматтарга эч бир бөгөтсүз дайындалышат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында I топтогу майыптыгы бар бир дагы Өкмөт мүчөсү жок. Бирок Өкмөткө майыптыгы бар адамдардын кирүү мүмкүнчүлүгү коомдо толеранттуулууктун өсүшү, майып адамдар да мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө өз үлүшүн кошо тургандыгы тууралуу жарандарда түшүнө билүүнүн калыптанышы менен жаралышы мүмкүн. Ал эми депутаттык корпуска келсек, 2010-жылы биринчи жолу Кыргыз Республикасында I топтогу майыптыгы бар адам депутат болуп шайланган. “Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кызматына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды талапкер катары кароону партияларга милдеттендирген норма бар. Ошондуктан келечекте тигил же бул топтогу майыптыгы бар адамдардын депутат болуу мүмкүнчүлүгү жогорулашы мүмкүн.
Бул Мыйзам долбоору ден соолугу чектелген адамдардын саясий кызматтарда нормалдуу иштеши үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кыла алат (коштоп жүрүү, сурдокотормо ж.б.). Ал үчүн мыйзам долбоору менен майыптыгы бар Өкмөттүн мүчөлөрүнө кошумча жардамчыны жалдоо укугун берүү жөнүндө норма сунуш кылынат. Белгилеп кете турчу нерсе, бул мыйзам долбоору аркылуу мамлекеттик саясий кызмат ордун ээлеген жарандарга кандайдыр бир “привиллегия” берүү болуп саналбайт, тескерисинче мындай кадам - майыптыгы бар Өкмөт мүчөсүнө өзүнүн кызматтык милдеттерин толук кандуу аткарууга шарт түзүү.
2016-жылы бул мыйзам долбооруна концепциясы окшош долбоор биз тараптан сунушталган, Өкмөт долбоорго корутунду берген (тиркелет). Өкмөт, корутундуда долбоорду колдоо тууралуу бүтүмгө келген, ошол себептен долборду кайрадан Өкмөт менен макулдашуунун кажети жок.
Мыйзам долбоору экологиялык кесепеттерге алып келбейт, коррупциялык көрүнүштөрдү жаратуучу нормалар камтылган эмес, гендердик маселелерди жөнгө салбайт. Мындан тышкары, регулятивдүү таасир этүүнү талдоону жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок, анткени ишкерлердин укуктарын жана милдеттерин козгобойт. Мыйзам долбоорунда саясий кызматтарды ээлеген, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга өз ишине жардам бере турган кошумча жардамчы жалдоого укугун берүүчү жүйөлүү социалдык нормалар камтылган.
Мыйзам долбоор коомдук талкуулоону камсыздоо үчүн www.kenesh.kg, жыйынтыгында сунуш-пикирлер келип түшкөн жок.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу ушул мыйзам долбоорун колдоону өтүнөбүз.
Депутаттар Акылбек Жапаров
Дастан Бекешев
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”мыйзам долбооруна
салыштырма таблица
№ |
Аракеттеги редакция |
Сунушталуучу редакция |
1 |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы |
|
|
9-берене. Өкмөттүн мүчөсүнүн ишинин кепилдиктери 1. Өкмөттүн мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикирлери үчүн же Өкмөттүн жыйналышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтуктоого, анын ичинде отставкага кеткенден кийин да дуушар болушу мүмкүн эмес. 2. Өкмөттүн мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен акчалай сый акы алат, мыйзамдар менен белгиленген тартипте медициналык тейлөө жана социалдык - турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыз кылынат. 3. Өкмөттүн мүчөсү Өкмөт тарабынан белгиленген учурларда жана шарттарда иш берүүчүнүн кызматтык турак жайына укуктуу. Өкмөттүн мүчөсү кызматтык турак жайды Өкмөттүн мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө бошотот. 4. Өкмөттүн отставкасынын натыйжасында кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү, ишеним көрсөтпөөгө же ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу Өкмөт отставкага кеткен учурларды кошпогондо, эки орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат. 5. Эгерде кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү жаңы Өкмөттүн курамынын мүчөлүгүнө же болбосо администрациялык ведомствонун жетекчилигине дайындалса, ушул берененин 4-бөлүгү менен каралган компенсация төлөнбөйт. 6. Кызматтык ишин аткаруу менен байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болгондо, Өкмөттүн мүчөсүнө мамлекеттик коргоо камсыз кылынат. Зарыл болгондо Өкмөттүн мүчөсүнүн жубайына жана жакын туугандарына карата да коопсуздук чаралары колдонулушу мүмкүн. Коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жана тартиби Өкмөттүн чечими менен белгиленет.
|
9-берене. Өкмөттүн мүчөсүнүн ишинин кепилдиктери 1. Өкмөттүн мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикирлери үчүн же Өкмөттүн жыйналышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтуктоого, анын ичинде отставкага кеткенден кийин да дуушар болушу мүмкүн эмес. 2. Өкмөттүн мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен акчалай сый акы алат, мыйзамдар менен белгиленген тартипте медициналык тейлөө жана социалдык - турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыз кылынат. 3. Өкмөттүн мүчөсү Өкмөт тарабынан белгиленген учурларда жана шарттарда иш берүүчүнүн кызматтык турак жайына укуктуу. Өкмөттүн мүчөсү кызматтык турак жайды Өкмөттүн мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө бошотот. 4. Өкмөттүн отставкасынын натыйжасында кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү, ишеним көрсөтпөөгө же ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу Өкмөт отставкага кеткен учурларды кошпогондо, эки орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат. 5. Эгерде кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү жаңы Өкмөттүн курамынын мүчөлүгүнө же болбосо администрациялык ведомствонун жетекчилигине дайындалса, ушул берененин 4-бөлүгү менен каралган компенсация төлөнбөйт. 6. Кызматтык ишин аткаруу менен байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болгондо, Өкмөттүн мүчөсүнө мамлекеттик коргоо камсыз кылынат. Зарыл болгондо Өкмөттүн мүчөсүнүн жубайына жана жакын туугандарына карата да коопсуздук чаралары колдонулушу мүмкүн. Коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жана тартиби Өкмөттүн чечими менен белгиленет. 7. Майыптыгы бар жана коштоп жүрүүгө муктаж болгон Өкмөт мүчөсү кошумча бир жардамчы алууга укуктуу.”.
|