Протокол № 38 01.02.2017-жыл

06-02-2017 18:11

 

 

 

 

 

38

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

 

2017-жылдын  1-февралы                                              9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.А.Турсунбеков

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Д.Б.Аттокуров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.С.Кодурановага берилген), Жунус уулу Адыл (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Э.Мавляновага берилген), Г.С.Молдобекова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.С.Кодурановага берилген),  М.Б.Эгембердиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Исаковго берилген), С.К.Нышанов.

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

112 депутат катталды.

 

1. 2017-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планынын долбоорун негиз катары кабыл алуу  жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -81, каршы-жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2017-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планынын долбоорун жалпысынан кабыл алуу  жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -81, каршы-жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. 2017-жылдын 1-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -84, каршы-1, бардыгы 85 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Н.В.Никитенко, Д.Д.Бекешев, М.Э.Сабиров, И.А.Кадыркулов, К.Б,Орозова, М.И.Бакиров, К.К.Иманалиев, төрагалык кылуучу.

 

Чечим кабыл алынды: - депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.И.Икрамов, Н.В.Никитенко, А.С.Өмүрбекова, Е.Г.Строкова, К.К.Иманалиев, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Автордук укук жана  чектеш укуктар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү;

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан алып салуу.

 

2017-жылдын 1-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -95, каршы-жок, бардыгы 95 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, депутат Ө.Ч.Текебаев, төрагалык кылуучу.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Карашевдин (КСДП) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2016-жылдын 12-декабрындагы №663 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.С.Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутаттар Б.Э.Төрөбаев, Д.Д.Бекешев, А.С.Токторов, Ж.К.Акаев, У.Б.Примов, О.М.Артыкбаев,  Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы М.Т.Калиев, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Р.Б.Бабаева, депутат К.Ж.Рыспаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу  депутат Т.И.Икрамовдун  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -69, каршы-1, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутаттар А.Т.Алтыбаева, К.Жолдошбаев, К.С.Бокоев, М.К.Жеенчороев, Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Р.Б.Бабаева.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2016-жылдын 29-ноябрындагы №636 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 1-июнундагы №291 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.И.Икрамов, Н.В.Никитенко, А.С.Өмүрбекова, Е.Г.Строкова, К.К.Иманалиев, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Автордук укук жана  чектеш укуктар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  бириктирилген  долбоорун (2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому) экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Ж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы С.Т.Муканбетов, депутат Т.А.Масабиров-мыйзам долбоорунун демилгечиси.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 15 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

89 депутат катталды.

 

Депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун (2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому) экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ж.К.Акаев, А.М.Эргешов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы С.Т.Муканбетов, депутаттар М.К.Жеенчороев, А.Ж.Акматов, З.И.Жамалдинов, Б.Ж.Жетигенов-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Б.Ж.Субанбеков, Б.И.Сулейманов, Э.Ж.Байбакпаев, К.С.Бокоев, Н.К.Макеев-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы.

 

Саат 14.00гө чейин тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 14.00

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

110 депутат катталды.

 

Депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун (2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому) экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар Н.К.Макеев-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, Т.З.Зулпукаров-мыйзам долбоорунун демилгечиси, М.К.Жеенчороев.

 

Депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  бириктирилген  долбоорун (2016-жылдын 21-сентябрындагы №500 токтому) жана депутаттар Т.З.Зулпукаров, М.Ж.Жетигенов, А.Артыков, Т.А.Масабиров, Т.И.Икрамов тарабынан демилгеленген  “Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Китепкана иши жөнүндө”, “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө”, “Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө”, “Туризм жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кароосуна кайтарууну жана жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -85, каршы-жок, бардыгы 85 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

9.  Депутаттар Мавлянова М.Э., Бабанов Ө.Т., Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Жеенчороев М.К., Сабиров М.Э., Алтынбеков А., Жылкыбаев У.К., Нурматов К.С. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Депутаттар Нышанов С.К., Жунус уулу Алтынбек, Баатырбеков А.Б., Кадыркулов И.А., Жапаров А.Υ., Арапбаев А.А., Алимбеков Н.К., Акматов А.Ж., Жумабеков Д.А., Жылкыбаев У.К., Өмүрбекова А.С., Джураев С.М., Баяхунов Н.Б., Матраимов И.И., Турсунбаев А.А., Масабиров Т.А., Айдаров С.А., Баймуратов К.Ш., Тиллаев Т.Г., Чудинов И.В., Сурабалдиева Э.Ж., Эгембердиев М.Б., Сыдыков Б.Υ., Аттокуров Д.Б., Бакиров М.И., Макеев Н.К. тарабынан демилгеленген  “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин өкүлү депутат М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары О.В.Гориндин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Э.Самигуллина, Д.Д.Бекешев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ооруларды алдын-ала дарылоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологияны жөнгө салуу департаментинин директору Т.Б.Исаков, депутат Б.И.Сулейманов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары О.В.Горин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ооруларды алдын-ала дарылоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологияны жөнгө салуу департаментинин бөлүм башчысы Н.Т.Казыбаев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору А.С.Токтошев, депутаттар Т.А.Масабиров, К.Ш.Баймуратов, К.С.Бокоев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу  депутат Т.А.Масабировдун  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -87, каршы-1, бардыгы 88 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ооруларды алдын-ала дарылоо жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологияны жөнгө салуу департаментинин бөлүм башчысы Н.Т.Казыбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары О.В.Горин, депутат Д.А.Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору А.С.Токтошев, депутаттар М.И.Бакиров, У.К.Жылкыбаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору А.С.Токтошев,  депутаттар М.Э.Сабиров, К.С.Бокоев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин өкүлү депутат М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

12. Депутаттар Бакиров М.И., Акматов А.Ж., Каримов Н.Т. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Н.Шыкмаматов, төрагалык кылуучу, депутаттар Р.Ч.Момбеков, Ж.К.Акаев.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Ж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу  депутат П.Р.Тулендыбаевдин  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -76, каршы-жок, бардыгы 76 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды

 

Чыгып сүйлөштү: депутат З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов,  Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын директору К.Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык бөлүмдөрдү ветеринардык жөнгө салуу боюнча жетектөөчү адиси Н.А.Дүйшеев, депутаттар К.С.Бокоев, У.К.Жылкыбаев, М.Э.Мавлянова.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

16 саат 15 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

113 депутат катталды.

 

Депутаттар Бакиров М.И., Акматов А.Ж., Каримов Н.Т. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Т.Жумаканов,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутаттар М.И.Бакиров-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Э.Т.Токтошев, Т.А.Масабиров, Р.М.Туманбаева, К.Ж.Рыспаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Р.Ч.Момбеков, К.Ж.Рыспаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин өкүлү депутат М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

13. Депутаттар Өмүрбекова А.С., Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Султанов А.М., Мамашова А.Т., Макеев Н.К., Байбакпаев Э.Ж., Бекешев Д.Д., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Артыкбаев О.М., Жамалдинов З.И. тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

14.  2017-жылдын 25-январында жана 1-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

117 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -56, каршы-58, бардыгы 114 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -56, каршы-58, бардыгы 114 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -59, каршы-58, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-2, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору жалпысынан кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -117, каршы-жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору жалпысынан кабыл алынды.

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Автордук укук жана  чектеш укуктар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -116, каршы-1, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору жалпысынан кабыл алынды

 

“Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -117, каршы-жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору жалпысынан кабыл алынды

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -117, каршы-жок, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -110, каршы-7, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -114, каршы-3, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -86, каршы-30, бардыгы 116 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -90, каршы-27, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул 116, каршы-1, бардыгы 117 депутат добуш берди, 117 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                             Ч. Турсунбеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 1973