2017-жылдын 25-январы № 1278-VI
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 26-сентябрындагы № 509-токтому) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага Ч.А. Турсунбеков