Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2017-жылдын 1-февралы № 1295-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 1-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

09-02-2017
15:54

2017-жылдын 1-февралы № 1295-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 1-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 1-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын февралындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карашев Аалы Азимовичтин ант берүүсү;

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору тууралуу;

“Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Китепкана иши жөнүндө”, “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө”, “Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө”, “Туризм жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков